Болгариядагы самбо боюнча дүйнө чемпионаты

4-октябрда Болгарияда самбо боюнча дүйнө чемпионаты башталды.2014-жылкы шайба хоккейи боюнча Азия чакырык кубогу Бишкек шаарында өтмөк болду.
4-октябрда Болгариянын Бургосе шаарында самбо боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионаты башталды. Мында өлкө намысын 7 спорт ардагери коргоп жатат. Алардын катарында дүйнө чемпионаттарында байге утуп жүргөн Абакир Рысов, Эркинбек Үмөталиев, Самидин Белеков жана Ильичбек Чокеев бар. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Нурлан Токоноев кабарлады.

Эскерте кетсек, Абакир Рысов менен Эркинбек Үмөталиев ардагерлер арасында дүйнө чемпиону болушкан.

Азия чемпионатынын күмүш байгеси

4-октябрда Астана шаарында спорттун азыркы беш түрү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында Кыргызстандын эр-азаматтар командасы байгелүү 2-орунга илинди. Никита Кузнецов, Темирлан Айтимбетов жана Данияр Бактыбеков жаш болсо да 2 миң 888 упай топтоп, адистердин көңүлүн бурду. Кыз-келиндер командасы 6-орун менен чектелди.

Түштүк Кореядагы Азия футбол фестивалы

4-октябрда Түштүк Кореянын Инчон шаарында футбол боюнча жеткинчектер, өспүрүмдөр арасында Азиялык фестивал башталды. Мында 16 өлкөнүн 60 командасы мөрөй талашууда. Кыргызстандын намысын 11 жана 13 жаштагы жеткинчектер командасы коргоп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев кабарлады. Командалар арасында чүчүкулак кармалып, атаандаштары аныкталды. 11 жаштагы жеткинчектер В-5 тобунда Лаос, Кытай жана Түштүк Кореянын үч командалары менен беттешет. Ал эми 13 жаштагы уландар С-4 тобунда Монголия жана Кытайдын дагы үч командалары менен мөрөй талашат.

Футбол: Кыргызстан-Кувейт беттешет

11-октябрь күнү Бишкекте футболдон Кыргызстандын курама командасы Кувейттин командасы менен жолдоштук беттешүү өткөрөт. Бул тууралуу "Азаттыкка” футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди. Кыргызстан-Кувейт беттешүүсү Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 16.00дө болот.

Буга чейин Кыргызстандын командасы Кувейттин командасы менен үч жолу жолугуп, үчөөндө тең утулуп калган. 15-октябрда Бишкекте Кыргызстандын курама командасы менен Тажикстандын курама командалары да жолдоштук беттешүү өткөрүшөт.

Хоккей: Азия чакырык кубогу Бишкекте өтөт

2014-жылкы шайба хоккейи боюнча Азия чакырык кубогу Бишкек шаарында өтмөк болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов маалымдады.

Кыргызстан эл аралык хоккей федерациясынын мүчөсү болгондуктан, бул спорттун таасирин арттыруу максатында мындай турнирди өткөрүү милдети жүктөлдү. Ошондуктан өлкө чемпионатын өткөрүүгө даярдыктар көрүлүп, улуттук тандалма команданы табына келтирүү башкы максат болууда.

Шайба хоккейи боюнча Азия чакырык кубогу Бишкек шаарында келээрки жылдын февраль айында өткөрүлмөк болду.

Суучулдар сыналды

Сууда сүзүү боюнча өлкө президент кубогунун жеңүүчүлөрү аныкталды. Мелдешке Кыргызстан, Казакстан жана Германия өлкөлөрүнөн 120 спортчу катышты.

Бул тууралуу "Азаттыкка” сууда сүзүү федерациясынын башкы катчысы Тамара Петрашова маалымдады.

Мелдеш үч жаш курак боюнча 50, 100, 200 жана 400 метр аралыкка сүзүү боюнча өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Андан сырткары комплекстүү сүзүү боюнча да мелдеш өткөн.

Эр-азаматтар жана кыз-келиндер арасындагы мелдеште биринчи орунду Кирилл Вайс менен Дарья Таланова жеңип алышты.

Жаштар олимпиадасына жолдомо

Кыргызстандык жаш дзюдо чебери Ростислав Дашков да дүйнөлүк жаштар олимпиадасына жолдомо жеңип алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын башкы катчысы Эмил Рыскулов маалымдады.

- Дашков Майами өлкөсүндө өткөн уландар арасында дүйнө биринчилигинде 81 кило салмакта жетинчи орунга жетип, бул көрсөткүч 2014-жылы Кытайдын Нанкин шаарында өтө турган жаштар олимпиадасына жол ачты.

Дүйнөлүк жаштар олимпиадасына 14 жаштан 18 жашка чейинки улан-кыздар, жаштар катышат. Мында оюндар 2010-жылы Сингапур өлкөсүндө алгач ирет өткөрүлүп, кыргызстандык балбан, грек-рим күрөшүнөн Урматбек Аматов алтын медал утуп, биринчи жаштар олимпиадасынын чемпиону аталган. Ошондой эле грек-рим күрөшүнөн Шадыбек Сулайманов коло байге утуп, дзюдочу Болот Токтогонов да коло медал тагынган.