Футбол боюнча Топ лига чемпионатынын кезектеги таймаштарында мыкты 4 команда иргелди.
Дүйнөдө футбол номур биринчи оюн экени жалпыга маалым. Футболу өнүккөн Испания менен Германияны айтпаганда да кечээ эле жарандык согушту башынан өткөргөн Тажикстан учурда футболго жакшы көӊүл бөлүп жатат. Мунун жыйынтыгында Тажикстан былтыр Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун утуп алган. Бул жеңиш быйыл аларга Азия кубогу үчүн күчтүү командалар менен атаандашууга жол ачты.
Ал эми Кыргызстанда футбол эбак эле унутулуп, жеке демилге менен гана сакталып калган сыяктуу.
Кыргызстандын жогорку Топ лигасында быйыл да 8 команда ойноп жатат. Алардын ичинен Бишкектин "Дордой" клубу менен Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу гана туруктуу каржыланып, өз стадиону, футбол мектептери бар. Ошондуктан атаандаштык эки клубдун ортосунда гана болуп келатат.
Быйыл Оштун “Алайынын” дүбүртү дурус болгону менен чемпион болоору күмөн. Оюн болуп жатканда стадиондо жүзгө жетпеген күйөрман болот. Ал эми стадиондор эски Совет доорунан калып, оӊдоп-түзөлүүгө муктаж.
Анткен менен мамлекет акча бөлүп жиберсе эле кыргыз футболу заматта өнүгүп, өсүп кетет деп айтканга негиз жок. "Оюнчулардын тажрыйбасы али жетишсиз. Бирок быйыл эл аралык беттешүүлөргө чыга башташы үмүт жандырат", - дейт футбол баяндамачысы Табылды Асыгалиев.
- Азыр биздин футбол коңшу Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандыкынан да начар. Бизде алардын клубдары менен тең тайлаша турган бир-эки гана клуб бар. Бирок футбол жыл өткөн сайын өнүгүп жатат деп адистер айтышууда. Жогорку лигада 8 команда ойноп жатса, кайдагы өсүш? Балдарга гана көңүл бурулбаса, чоң футболдун келечеги күмөн.
Буга чейин 4-5 команда араң чогултуп, аз жерден Топ лигада мелдештер өтпөй кала жаздаган. Быйыл да Бишкектин мэриясы каржылаган "Алга" командасы менен Оштун "Алай" командасынын кошулушу менен бул кырдаалдан чыкты. Бирок калган үч команданын курамында деле “Дордой” клубунун жигиттери ойноп жүргөнүн адистер ачык айтып келет. Ошондуктан былтыр 4 команда гана чемпионаттын финалына чейин жетти. Калган үчөө каражаттын айынан орто жолдон четке чыга берген эле.
Быйыл болсо 33 упай менен 14 оюндан кийин азырында Оштун “Алай” командасы алдыга чыкты. Өлкөнүн сегиз жолку чемпиону “Дордой” клубу 13 оюнда 30 упай топтоп, экинчи катарда турат. Бишкектин “Алга” командасы 25 упай менен үчүнчү орунда. Канттын “Абдыш-Ата” клубу 24 упайы менен төртүнчү катарга илинди. Ошентип иргелген ушул 4 команда баш байге - 1-4-орундар үчүн 8-сентябрда кайрадан атаандашат. Калган Нарындын “Ала-Тоо”, Кочкор-Атанын “Нефтчи”, Караколдун “Ысык-Көл” жана Таластын “Манас” командалары 5-8-орунда үчүн ат салышат.
Дене тарбия жана спортко эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов өлкөдөгү футболдун деңгээлинин төмөндүгүн аймактарда футболго көңүл бурулбай жаткандыгы менен түшүндүрөт.
Федерацияны он беш жылдан ашуун убакыт жетектеп келген экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде, эгемендиктин алгачкы кыйынчылык учурунда да чемпионатта 12-14 команда ойноп, кыргыз футболду унуткан эмес. "Ошондуктан жергиликтүү бийлик, ишкерлер, акционердик коомдор менен федерация иштеш керек", - дейт Муралиев.
Кыргызстанда бул оюнга коомчулуктун да, мамлекеттин да көз карашын түп тамырынан өзгөртүү зарыл дешет адистер. Бирок түрдүү пикирлер айтылганы менен азырынча натыйжасы билине элек. Чынында эле Жогорку лигасында 8 команда ойногон Кыргызстандай өлкө жокко эсе.
Футбол федерациясына жаңы, жаш жетекчилер келип, кризистик, оор абалдан чыгуунун амалдарын издеп жаткан учуру. Мамлекет болсо футболду чыгашалуу спорт катары санап, каражат бөлбөй келет.