Азия оюндарында Данияр Кашкараев финалга чыкты

Данияр Кашкараев

1-июлда Түштүк Кореяда жабык имараттардагы Азия оюндарында тайбоксчу Данияр Кашкараев финалга чыкты.
Данияр Кашкараев финалда

1-июлда Түштүк Кореянын Инчон шаарында жабык имараттардагы Азия оюндары улантылды. Азия оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземинде кыргыз туусун көтөрүп чыккан тайбоксчу Данияр Кашкараев финалга чыкты. Ал чейрек финалда иорданиялык Абдалла Мохаммад Нассем Самурду 5:0 эсебинде артыкчылык менен утуп алды. Жарым финалда Данияр Кашкараев менен ооганстандык Насир Ахмад Хазар беттешмек. Бирок атаандашуудан Ахмад Хазар баш тарткандыктан Данияр Кашкараев финалга чыкты.

Тайбоксчу Бекжан Матысаев менен Амангелди Талантов чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калды. Мындай маалыматты Инчондон Улуттук олимпиада комитетинин жооптуу кызматкери Саламат Эргешов телефон аркылуу маалымдады.

Инчондогу Азия оюндарында кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча мөөрөй талашууда. Башкача айтканда спорттук бий, кикбоксинг, тай бокс, сууда сүзүү жана бильярддын снукер түрү боюнча 22 спортчу өлкө намысын коргоп жатат.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчиси Мурат Саралиновдун баамында, кыргызстандык спортчулар тайбокс, кикбоксинг жана спорттук бий боюнча ийгиликтерге жетиши ыктымал.

2005-жылы Тайланддын Бангкок шаарында өткөн жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алууга жетишкен. 2009-жылы Вьетнамда өткөн жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарында спорттук бий боюнча кыргызстандык Алексей Кибалко жана Виктория Качалко коло байгелүү болгон.

Бул ирет Инчондогу жабык имараттардагы Азия оюндарына 45 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, спорттун 12 түрүнөн күч сынашуулар өтүүдө. Жабык имараттардагы 4- Азия оюндары 7-июлда жыйынтыкталат.

Балыктай сүзүп, байге алган балдар

Орусиядан кулак сүйүнткөн кабар келди. Обнинск шаарында өткөн жаш суучулдардын эл аралык турниринде кыргызстандык 12 жаштагы Никита Пауков 100 баттерфлей ыкмасында сүзүүдө марага биринчи келип, алтын медаль тагынды.13 жаштагы Денис Петрашов 100 жана 200 метрге брасс ыкмасында сүзүүдө 2 күмүш байгелүү болду. Ал кыска аралыкка сүзүүдө да күмүш медаль утуп алган. Никита Пауков дагы бир күмүш байгени олжолоп алды. Бул Бүткүл орусиялык жеткинчектер мелдешине Орусиянын эң ири 10 шаары менен облустарынын жана Франция менен Кыргызстандын 50 командасынан тандалган 400 жеткинчек суучулдар катышты.

Иорданияда бокстан Азия чемпионаты өтүүдө

1-июлда Иорданиянын борбору Амман шаарында бокс боюнча чондор арасында Азия чемпиондугу үчүн таймашуулар башталды. Мында Кыргызстандын намысын 8 жигит коргоп жатат. Мурдагы Азия чемпионатында кыргыз мушкерлери 2 коло байге уткан.

- Бул ирет дагы Иорданиядан куру кол келбей, алтын, күмүш медаль жеңип алууга аракет кылабыз, - дейт Азия оюндарынын коло байге ээси Таалайбек Кадыралиев.

Жеңил салмакта Турат Осмонов, 52 кг. салмакта Азат Үсөналиев, 56 кг. Өмүрбек Малабеков, 60 кг. - Медер Мамакеев, 64 кг. - Эрмек Сакенов, 69 кг. - Эркин Болотбек уулу, 81 кг. - Александр Панарин жана 91 кило салмакта Сергей Паренко Азия чемпионатында күч сынашып жатат. Жеңүүчүлөрү 8-июлда анык болуп калат.

Билеги күчтүүлөр - КМШ чемпиондору

Ысык-Көлдөгү «Тамга» аскер санаторийинде КМШ өлкөлөрүнүн достук мамиледеги аскерлеринин гиря спорту боюнча биринчилиги жыйынтыкталды. Жалпы командалык эсепте Орусиянын командасы жогорку упай топтоп 1-орунга, Кыргызстан командасы 2-орунга чыкты. Ал эми 3-орунга Казакстандын командасы ээ болду.

Спортчулардын арасында 63, 68 кг, 73 кг, 85 кг. чейинки жана 105 кг. жогору салмак категорияларында мыктылар аныкталып, аларга байгелүү орундар ыйгарылды.
Мында кыргызстандык балбандар Өмүрбек Тойкулов, Анатолий Богатый, Павел Козлов коло байгелүү болду. Кыргыз балбаны Бактыгул уулу Аскар күмүш медаль тагынды. Ал эми 78 кг. салмакта кыргызстандык Руслан Тагиров жеңиштин бийик сересине көтөрүлдү.

Жеңген кайыкчылар Казанга барат

Бишкектин четиндеги “Ала-Арча” спорттук базасында байдарка жана каноэде сүзүү боюнча Кыргызстандын биринчилиги жыйынтыкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз катчысы Нурдин Султамбаев билдирди:

- Биринчилерден болуп 1000 метрге жалгыздап сүзүүчүлөр чыгышты. Мында марага 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль озуп келип, былтыркы чемпиондук наамын сактап калды. Ошондой эле мелдеште кыздар арасында жалгыздан кайык жарышында өлкөнүн көп жолку чемпиону Елена Рыбалованын чеберчилиги жогору бааланды. Жуптан 1000 метрге сүзүүдө да Максим Бондарь менен Илья Алгин өлкө чемпиону аталды. 4 кишилик кайык жарыштарында Александр Пароль баштаган Игорь Дорофеев, Максим Бондарь жана Илья Алгин баш байгенин ээлери болду. 200 жана 500 метрге жарыштарда деле жогоруда аты аталаган спортчулар жеңишке жетишти.

Кыргызстандын чемпионатынын жыйынтыгы боюнча Азия биринчилигине жана Бүткүл дүйнөлүк универсиадага катышууга курама команда түзүлдү.

Быйылкы жайкы Универсиада оюндары 6-июлдан 17-июлга чейин Татарстандын борбору Казанда өтөт. Мында 170тен ашуун өлкөнүн студенттери спорттун 27 түрү боюнча мөөрөй талашат. Кыргызстандын намысын 80 спортчу спорттун 12 түрү боюнча коргойт. Анын катарында жогоруда биз кеп кылган гребля, байдарка жарыштары да бар. Кайыкчылар жарыштары 13-июлда башталып, 15-июлда жыйынтыкталат.