Айсулуу Тыныбекова - Азия чемпиону

Тайландда өткөн эркин жана грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынды.
Тайланддын Пхукет шаарында өткөн грек-рим жана эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргызстандык балбандар 1 алтын, 3 күмүш жана 3 коло байге менен олжолуу кайтып келатышат.

Тайланддагы таймашта кытайлык, жапониялык, индиялык жана монголиялык атаандаштарын уткан Лондон олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча кыздар арасында Азия чемпиону аталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын президенти Асеийн Төрөгелдиев билдирди.

Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык балбан кыз Гантуя Энкхбат менен беттешип, аны 8:0 эсебинде утуу менен баш байгенин ээси болду. Ошентип ал кыргызстандык кыз-келиндер арасында эркин күрөш боюнча алгачкы Азия чемпиону болуп, тарыхта калды.

Командалык эсепте төртүнчү

Пхукетте өткөн грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында кыргыз балбандары үч күмүш жана коло медалга ээ болуп, командалык эсепте төртүнчү орунду камсыз кылды. Бул ийгиликтер тууралуу “Азаттыкка” федерациянын вице-президенти Кулболду Исаев маалымдады:

- Күмүш медалды 74 кг. салмакта Самат Шырдаков, 60 кг. чейинки салмактагы Бекболсун Асаналиев жана 96 кг. чейинки Камбар Жоробековдор жеңип алган. Курама команда эсебине коло медалды Фарзанда Надиров (66 кг.) алып келатат.

Ошентип жаш балбандар Самат Шырдаков, Бекболсун Асаналиев жана Камбар Жоробеков Азиянын грек-рим күрөшү боюнча чемпионатынын финалына чыкты.

Самат Шырдаков финалда казакстандык Абунассир Өмүрзак менен беттешип, аз упай айырма менен утулуп, күмүш медаль тагынды. Ал эми 60 кг. салмакта Бекболсун Асаналиев жапон балбаны Мураками Рио менен финалда жолугуп, экинчи орунду ээледи. 96 кило салмакта Камбар Жоробеков да финалда ирандык атаандашынан жеңилүү ызасын тартып, күмүш байгелүү болду. Мындан тышкары Фарзанда Надиров коло байгеге татыды.

Эркин күрөшчүлөр да куру кол эмес

Жаштар арасындагы эркин күрөштөн Азия чемпионатында жеңил салмакта кыргызстандык Азим Ивахов тайланддык, жапондук жана түштүк кореялык атаандаштарын утуп, коло байгелүү болду. 66 кило салмактагы Урмат Газибеков да үчүнчү орунду камсыз кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Тайланддан федерациянын башкы катчысы Айбек Акматов маалымдады.

17-июнда Казакстандын Темир-Тоо шаарында волейбол боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталды. Мында баш байге үчүн 6 команда күч сынашты.

"Жаңы муундун" ийгилиги

Жыйынтыгында Ысык-Көлдүн “Жаңы муун” командасынын жигиттери баш байгенин ээси болду. Казакстандын тандалма командаларын утуп алуу жигиттердин чеберчилигинен кабар берет,- дейт федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаков.

"Салам-Алик" дагы чемпион

17-июнда волейболдон кыз-келиндер арасында өлкө чемпиону аныкталды. Бул ирет дагы Бишкектин “Салам-Алик” командасы чемпиондугун сактап калды. Бишкектин “Намыс” командасы экинчи, “Улар” командасы үчүнчү орундарды ээледи.

Парламент командасы алдыда

Кыргызстандын мамлекеттик кызмат күнүнө карата өлкөнүн Мамлекеттик кадр кызматы футзал турнирин уюштурду. Иш-чаранын максаты - жашоонун сергек мүнөзүн жана спортту жайылтуу, дейт мелдештин демөөрчүсү, "Мегаком" фирмасынын жетекчиси Азат Базаркулов.

Турнирге президенттин, өкмөттүн жана Жогорку Кеңештин аппаратынын, министрликтердин жана журналисттердин командалары катышты. Жыйынтыгында, ЖК аппаратынын командасы 1-орунду (байгеси – 30 миң сом) ээледи. 2-орунду (20 миң сом) министрлик жана ведомстволордун курамасы, 3-орунду (10 миң сом) өкмөт аппаратынын командасы камсыз кылды.

Ошондой эле “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты чабуулчу” жана “Мыкты оюнчу” номинациялары ыйгарылды.