АФК президентинин Кубогунун тандоо мелдешинде “Дордой” клубу финалда ойноого жолун ачты. Эми алардын негизги атаандаштары кимдер болот?
Филиппиндердин Себу шаарында 12-майда Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун мыктыларды тандоо мелдештери соңуна чыкты. Бул күнү “Дордой” футбол клубу Филиппиндердин чемпиону “Глобал” командасы менен ойноду. Жыйынтыгында филиппиндерди “дордойчулар” 6:1 эсебинде утуп, финалдык оюндарга жолун ачты. Бул жеңиш тууралуу “Азаттыкка” “Дордой” клубунун президенти Аскар Салымбеков билдирип, чабуулчу Мирлан Мурзаев мыкты оюнчу аталганын айтып берди.
8-майда Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы менен алгачкы оюнда 1:1 эсебинде тең чыккан.
10-майда “дордойчулардын” атаандашы Бутандын чемпиону “Йездин” командасы болуп, аларды ири эсеп 9:0 менен утуп алышкан эле. “Дордой” менен бирдей 7 упай топтоого жетишкен Пакистандын чемпиону “КРЛ” командасы да финалдык оюндарга катышмакчы.
Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Канат Асеновдун айтымында, “Дордой” клубунун финалдык топтогу негизги атаандаштары Түркмөнстан жана Пакистандын командалары болот.
- “Дордой” футбол клубунун быйылкы негизги максаты - АФК президентинин кубогун утуп, келээрки жылы Азия кубогуна талапкер болуу.
АФК президентинин кубогунун мыктыларды иргеп алуу беттешүүлөрүндө 12 команда күч сынашты. Бул ирет Тажикстандын командасы Азия кубогунда ойноого укук алгандыктан алардын ордуна филиппиндер ойноду.
12 команда үч топко бөлүнүп, мыктылары иргелип, 6 команда финалдык беттешүүлөргө катышмак болду. Мыктыларды иргеп алуу таймаштары 2-майдан 12-майга чейин өткөрүлдү.
А тобунда Непал, Тайбэй, Монголия жана Бангладеш өлкөлөрүнүн чемпиондору атаандашып, алардан непалдык жана монголиялык футболчулар айырмаланды. С тобунда болсо Камбожа, Палестина, Түркмөнстан жана Шри-Ланка мамлекеттеринин футболчулары беттешти. Жыйынтыгында Түркмөнстан менен Палестина командалары финалдык беттешүүлөргө катышмак болду. “Дордой” футбол клубу В тобунда 7 упай менен лидер болушкан.
Футзал бирикмесинин жетекчиси Ырыскелди Мусаевдин пикиринде, бул ирет “Дордой” клубу өз тобунда лидер болгону менен чабал командаларга туш болду.
Футбол боюнча өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу, Кыргызстандын дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде, “Дордой” клубу Азиядагы эң начар командаларды утканы менен өздөрүнүн деңгээли да төмөндөп кеткен.
- Бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы мелдеш. Азияда футболдун деңгээлин көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде жаңы уюшулган атаандаштарынан утуп, алдыга чыкпай калуу чынында эле уят иш болот. Быйылкы атаандаштарынын деле деңгээли төмөн экен. Тилекке каршы «Дордой» командасы 2010-жылы финалда атаандашы мьянмалык футболчуларга утулуп калган. Ал эми былтыр иргеп алуу мелдештеринде эле утулуп, финалдык топко кирбей калган. Бутан менен Филиппиндерди утканын чоң жеңиш деп айтууга болбойт.
Футбол боюнча Кыргызстандын сегиз жолку чемпиону “Дордой” командасы ушуну менен Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна сегизинчи жолу удаасы менен катышкан бирден бир команда болуп саналат.
"Дордой" командасы 2006-2007-жылдарда Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогун эки жолу утуп, баш байгенин ээси болгон. Ошондой эле “дордойчулар” төрт ирет финалда утулуп, 2005, 2008, 2009-2010-жылдары экинчи орунду ээлеп, күмүш байгелүү болду.
Биринчи орунду ээлеген командага 50 миң доллар жана күмүш кубок сыйлык катары тапшырылып келатат.
Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогунун финалдык оюндары быйыл сентябрда өтөт. Бирок кайсы өлкөдө болоору али тактала элек.
“Дордой” футбол клубунун президенти Аскар Салымбеков финалдык беттешүүлөрдү Бишкекте өткөрүү демилгесин көтөрүп жатат. Бул сунушту АФК колдойбу же жокпу, азырынча белгисиз.