Өнөрүңдү муз үстүндө көрсөт

Бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында шахматтан жаштар арасында Азия чемпионатында кыргыздар жакшы оюн көрсөтүүдө.
Учурда Бириккен Араб Эмираттарынын Шарж шаарында шахматтан 20 жашка чейинки жаштар арасында Азия чемпионаты өтүүдө.

Мында өлкө намысын Айжан Алымбай кызы, Айжаркын Шынгыз кызы жана Жохар Жанбай уулу коргоп жатат. Жохар 34 атаандашынан азырынча 11-орунда, Айжан Алымбай кызы 36 атаандашынан 14-орунда келүүдө.

"Бул Азия чемпионатында индиялык, ирандык, казакстандык атаандаштарын утуп, байгелүү орунга жетүү кыйын", - дейт жаштар арасында эки жолку Азия чемпиону Семетей Төлөгөн тегиндин устаты Төлөгөн Исаев.

Жетекчилер шайланды

Шахмат федерациясынын жыйынында жаңы жетекчинин орун басарлары, жардамчылары шайланды. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев менен Бакыт Өмүрзаков вице-президент, Талант Мамытов башкы катчы болуп шайланды.

Ушул жылдын февралында бийлик талашкан эки федерация ынтымакка келип, федерация президенти Өмүрбек Бабановдун ордуна спорт чебери Милан Турпанов жетекчи болуп, 1 жылдык мөөнөткө шайланган.

Алматыдан байгелер

Кыргызстандык бийчилер Алматыда өткөн спорттук бий боюнча эл аралык турнирде 3 алтын, 5 күмүш жана 2 коло байге утуп келди.

Бишкектик Алишер Сейдалиев менен Адель Жээренчиева, Александр Шефлер менен Амина Надирова жана Артур Богомяков менен Анастасия Иванова баш байгенин ээлери болду.

Муз үстүндөгү бий

2-апрелден бери Бишкектеги шаардык муз айдыңында көркөм муз тебүү боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Мында Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын жүздөн ашуун өкүлү муз үстүндө өнөрүн көрсөтүүдө.

Алар жаш өзгөчөлүгүнө жана чеберчилигине жараша 7 курак боюнча эркин жана кыска программада атаандашып жатышат. Мелдештин жеңүүчүлөрү 5-апрелде аныкталат, дейт шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров.

Эр-азаматтар таймашы

Бишкекте эр-азаматтар арасында волейболдон өлкө чемпионатынын таймаштарынын экинчи айлампасы өтүүдө. Мында өлкө аймагынан тандалган 6 команда күч сынашууда.

Федерациянын вице-президенти Жеңиш Кызалаковдун айтымында, Бишкектин “Салам-Алик”, Ысык-Көлдүн “Жаңы муун” командалары чеберчилиги менен айырмаланууда.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрү 5-апрелде аныкталат.

Ратбеков Азия оюндарына барат

Бильярддын снукер түрүнөн Бишкек шаарынын чемпиондук наамын спорт чебери Ызатбек Ратбеков жеңди. Финалда Ызатбек өлкө чемпиону Зайлан Адамовду утуп алды.

Коло байгенин ээси ооганстандык Камал Юсуфзай болду.

Былтыр Бишкекте өткөн дүйнө чемпионатынын коло медаль ээси Канат Сыдыков төртүнчү болуп калды.

"Бул снукер оюнуна жаштардын кызыгуусу күч. Айрыкча 14 жаштагы Калыс Камчыбек уулу менен 13 жаштагы Бостон Искендер уулунун келечеги кең. Алардан көптү үмтөтсөк болот. Бул оюн Европа, Азия жана Америкада абдан кеңири жайылган", - дейт спорт чебери Ильяс Адамов.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Спорттогу сулуулар