Күрөш олимпиадага кирбей калышы мүмкүн

Эл аралык Олимпиада комитети күрөштү 2020-жылдагы негизги спорт оюндарынын тизмесинен чыгаруу сунушу кайчы пикирлерди жаратууда.
Эл аралык олимпиадалык комитеттин (ЭОК) аткаруу комитети 2020-жылкы Оюндардын программасынан күрөштү алып таштоону сунуштады. Мындай чечим шейшембиде Швецариянын Лозанна шаарындагы жыйынында кабыл алынган. Анда Эл аралык олимпиадалык комитеттин аткаруу комитетинин мүчөлөрү жайкы оюндар программасына кирген ар бир 26 спорт түрүнө 30дан ашуун критерийдин негизинде баа берип, ушундай пикирге келишкен.

Бирок мында күрөштүн кайсы түрүн оюндан чыгаруу сунушталгандыгы такталган эмес. Бул сунуштун кесепетинен эми күрөш башка оюндар менен атаандаштыкта гана Олимпиада оюнуна катышышы ыктымал.

Олимпиада программасы боюнча акыркы чечим Буэнос-Айресте быйыл сентябрда өтүүчү ЭОКтун 125-сессиясында кабыл алынат. Ошондо 2020-жылкы оюндарды өткөрүүгө талапкер Мадрид, Стамбул жана Токио шаарынын жеңүүчүсү да аныкталат.

ул чечим Кыргызстандын олимпиада үмүттөрүнө сокку уруп, күрөш менен гана таанылган өлкөлөргө бөгөт болот", - деп билдирет Азия оюндарынын чемпиону Данияр Көбөновдун устаты, өлкөгө эмгек синирген машыктыруучу Раатбек Мамбетов.

Күрөш федерациясынын вице-президенти, СССРге эмгек сиңирген машыктыруучу Жеңиш Дөңбаев бул таасирдүү спорттун негизги тизмеден чыгып калышы мүмкүн эместигин, дүйнө калкынын 30 пайызы күрөш менен машыгаарын “Азаттыкка” билдирди.

Күрөш боюнча Бээжин, Лондон олимпиадасында калыстык кылган, өлкөгө эмгек сиңирген устат Кочкорбек Кулматов да ЭОКтун мындай сунушуна макул эмес.

- Биринчи олимпиададан бери таасирдүү болуп келаткан күрөштү четке сүрүп салуу ойго келбеген жорук. Анда Кыргызстандагы жогорку деңгээлге жетип калган балбандарга бут тосулат.

Ушундай эле пикирди өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун директору Насирдин Акылбеков да “Азаттыкка” билдирди.

Улуттук спорт түрлөрүн өнүктурүү борборунун жетекчиси Алмазбек Касеновдун пикиринде, акыркы мезгилде грек-рим күрөшү эки балбандын жөөлөшү сыяктуу күйөрмандардын кыжырын келтире баштаган.

- Ошондуктан күрөштүн эрежесин кайра карап чыгуу зарыл. Эл аралык күрөш федерациясы ЭОК менен биргеликте иш алып барган эмес. Алардын кесепетинен биздин алыш күрөшүн олимпиадалык оюндарга киргизүү ой-максат да бүдөмүк болуп турат.

"Мындай чечимди спорттон алыс, күрөштү түшүнбөгөн ЭОК мүчөлөрү сунуштап жатса керек. Бул акыркы чечим эмес", - дейт Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентиктин жетекчиси Байгазы Кенжебаев.

Кыргыз балбандарынан Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев 2008-жылкы Бээжин олимпиадасында күмүш жана коло байгеге болгон.

Кыргыз балбандары советтик доордо күрөш боюнча олимпиада оюндарына катышып көргөн эмес. 1996-жылдагы Атланта олимпиадасынан баштап, кыргыз спортчулары жеткен ийгиликтердин 50-60 пайызы балбандардын эсебинен болуп келген. Кыргызстанда грек-рим жана эркин күрөш менен 20 миңден ашык улан машыгат. Эгерде күрөш олимпиадалык оюндардан чыгып калса, балбандардын да келечегине балта чабылат.

Ошондуктан Эл аралык күрөш федерациясы ЭОКтун сунушун талкуулап, бир чечимге келүү үчүн 16-февралда Тайланддын Пхукете шаарында чукул чакырылган жыйын өткөрмөк болду.

2020-жылкы жайкы олимпиадалык оюндардын программасына бейсбол, софтбол, каратэ, спорттук аскага чыгуу, сквош, ушу, вейкбординг жана роллерспорт да сунушталып жатат.