Өлкө аймагынан бокс боюнча тандалган эки жүздөй кыз-жигит ринг үстүндө беш күн бою күч сынашып, Кыргызстандын чемпиондору аныкталды.
Жеңил салмактын финалында чүйлүк Турат Осмонов менен бишкектик Рахманкул Аватов күч сынашып, жеңишке жеткен Турат Осмонов “спорт чебери” жана өлкө чемпиону аталды.
Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов жеңил салмактарда келечегинен үмүткөр кылган жигиттер бар экенин “Азаттыкка” айтты:
- Бирок алардын чеберчилигин жогорулатуу үчүн эл аралык мелдештерге катыштыруу зарыл.
52 кг. салмактагы финалда токмоктук Азат Үсөналиев менен бишкектик Бакай Таласов беттешти. Жыйынтыгында жеңиш Азат Үсөналиевге ыйгарылды.
56 кг. салмакта өлкө чемпиону болгон сокулуктук Өмүрбек Малабеков машыгууга жакшы шарт түзүлбөй жатканын айтып, "эми Астанада өтө турган дүйнө чемпионатында байге алууга аракет кылам", - деген тилегин билдирди.
60 кг. салмакта спорт чебердигине талапкер, бишкектик Адилет Бекеев тандалма команданын мүчөсү Сыймык Абдылдабек уулун артыкчылык менен утуп алды.
64 кило салмакта коргоо министрлигинин спорт клубунун өкүлү, канттык Эрмек Сакенов өлкө чемпиону аталды. Финалда кочкорлук жаш боксчу Иса Жыргалбек уулу Сакеновго теңата таймашып, адистердин көңүлүн бурду.
- Кочкордо жана башка айыл жергесинде таланттуу жаштардын багы ачылбай калууда. Бишкек шаарына келген балдарга өгөй мамиле болуп, көңүл бурулбай жатат, - дейт Европа чемпиону, маркум Нурлан Абдыкалыковдун устаты, өлкөгө эмгек сиңирген машыктыруучу Махам Ахмедов.
69 кг. салмактагы финалда караколдук Адилет Абылашимов менен бишкектик Эркин Болот уулу беттешти. Жыйынтыгында ысыккөлдүк жаш жигит Адилет Абылашимов жеңүүчү деп таанылды. 75, 81 жана 91 кг. салмактарда бишкектик Нурсултан Осмонов, Александр Панарин жана Сергей Паренко 2012-жылдын чемпиондору деп табылды. Оор салмактын баш байгеси оштук Рашит Аманкуловго ыйгарылды.
Жаштар арасында дүйнө чемпиону Айбек Абдымомуновдун пикиринде, жаштардын келечеги өздөрүнө байланышуу болсо, бул ирет машыктыруучулары шакирттерин талдоого мүмкүндүк алышты.
Федерациянын вице-президенти Геннадий Давыденко өлкө намысын татыктуу коргой турган жигиттер бар экенин белгилеп, аларга 2016-жылкы Рио-де- Жанейро олимпиадасына жолдомо алууга шарт түзүп берүүнүн зарылдыгын “Азаттыкка” айтып берди.
Кыздар дагы өлкө чемпиондугу үчүн таймашып, бишкектик Шахриза Халилова, оштук Мээрим Мамасали кызы, бишкектик Уркуя Эшмамбет кызы ысыккөлдүк Эрмек Көкөева жана бишкектик Ксения Щербанева жеңүүчү деп таанылды.
Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан Орзубек Назаров, Андрей Курнявка, Нурлан Абдыкалыков, Алмаз Райымкулов, Таалай Кадыралиев жана башкалардын чоң спорттогу тушоосу да ушундай өлкө чемпионатынын мелдешинде кесилип, алар спортко тагдырын арнаган. Эгемен алганы кыргыз боксунун таасири жанып, деңгээли төмөндөп кеткендигине адистер дагы кабатыр. Буга мисал, Лондон олимпиадасына кыргыз боксчулары катышпай калганы.
Жогоруда жеңишке жеткен жигиттерден өлкөнүн курама командасы куралып, Азия, дүйнө чемпионаттарына жана 2014-жылдагы 17-Азия оюндарына камылга көрүлмөкчү.