Балбандар сындан өтүүдө

Юрий Краковецкий

Кыргызстандык балбан Польшада өткөн пауэрлифтинг боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге утту.
Кыргызстандык спортчу Акжол Алымбек уулу Польшада өткөн пауэрлифтинг же чалкасынан жатып оордук (штанга) көтөрүү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш байгенин ээси болду.

Пауэрлифтинг федерациясынын президенти Бакыт Керимбековдун айтымында, 53 килограмм салмакта күч сынашууларда Алымбек уулу Акжол үч көнүгүүнүн жыйынтыгында 475 кило оордукту багындырган. Орусиялык спортчу да ушундай эле көрсөткүчкө жетип, бирок ал биринчи орунга ээ болгон.

- Биздин спортчу өзүнүн салмагы боюнча гана атаандашына утулуп калды. Себеби Акжолдун салмагы орусиялык спортчудан болгону 200 граммга гана оор болгону үчүн алтын байгеге жетпей калды.

Кыргыздын жаш балбаны Алымбек уулу Акжол жаш курагы боюнча Азия чемпиону. Ал дүйнө чемпионатында Азиянын рекордун үч ирет жаңыртты. Дүйнөлүк чемпионатка дагы бир спортчу Алымбек уулу Азамат да катышып, ал 5-орунду ээледи. Бул бир тууган спортчуларды атасы Алымбек Рахимов өзү машыктырып, оордук көтөрүүнүн сырын үйрөтүп жүрөт.

Эми кыргызстандык спортчулар жатып алып штанга көтөрүү боюнча Азия чемпионатына катышат.

Азиялык күч сынашуулар 18-21-сентябрь күндөрү Алматы шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын намысын коргоп, 13 спортчу барат. Пауэрлифтинг спорту Олимпиада оюндарынын катарына кирбейт.

Дюздочунун дүйнө кубогундагы байгеси

Лондон олимпиадасынын катышуучусу, кыргызстандык дзюдочу Юрий Краковецкий Монголиянын борбору Улан-Батор шаарында өткөн Дүйнө кубогу үчүн мелдеште коло медалга ээ болду. Бул тууралуу “Азаттыкка” федерациянын аткаруучу директору Эркин Кадыракунов маалымдады.

- Ал 100 кг. ашык салмакта алгач монгол дзюдочусу Давааням Алтангерелди жеңип алды. Бирок жарым финалда Түштүк Кореянын балбаны Гухаму Чодон утулуп калды. Ал эми коло медаль үчүн таймашта ал кыргызстандык Урмат Узаков менен татамиде таймашып, Краковецкий үчүнчү орунду ээледи.

Мелдешке 13 мамлекеттен 127 спортчу катышкан. Кыргызстандан 8 спортчу барган. Дүйнө кубогунун таймаштарына Жаныбек уулу Руслан (73 кг), Болот Токтогонов (100 кг чейин), Гүлжаз Саимова, Бакыт Үтөбаев, Бектур Абдрасулов (экөө тең 60 кг) жана Нурсултан Жумабеков да катышып, байгелүү орундарга илинбей калышты.

Тай бокс дүйнө чемпионатынан 3 коло байге

12-сентябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында тай бокс боюнча дүйнө чемпионаты уланды. Мында өлкө намысын 13 тайбоксчу коргоп жатат.

Бул таймашта кыргызстандык үч жигит коло байге утуп алды. 51 кило салмакта Алтынбек Бактыбаев чейрек финалда австралиялык Давид Троунгду утуп, жарым финалга чыкты. Финалга чыгуу үчүн таймашта казакстандык Ишан Галиевге утулуп, коло байге менен чектелди.

75 кило салмакта Дмитрий Валуевич чейрек финалда чех Мишел Басекти утканы менен жарым финалда орусиялык Валентин Семеновдон жеңилип, үчүнчү орунду ээледи.

Жеңил салмакта Бакыт Таалайбек уулу армениялык атаандашын жеңген менен түркиялык мушкерге алдырып коюп, коло байгелүү болду.

Тай бокс боюнча дүйнөнүн көп жолку чемпиону, кыргызстандык Валентина Шевченко бул дүйнө чемпинатында Перу өлкөсүнүн намысын коргоп жатат. Ал 60 кило салмакта баш байгеге талапкер болду. 13-сентябрда финалда беларус Катернина Вярыха менен беттешет.