Мыкты шахматчылар аныкталат

29-августта Стамбулда дүйнөлүк шахмат олимпиадасынын таймашуулары уланат. 29-августта Лондондо Паралимпиадалык оюндар башталат.
27-августтан 10-сентябрга чейин Стамбулда Бүткүл дүйнөлүк 40-шахмат олимпиадасы өтүүдө. Мында 158 мамлекеттин өкүлдөрү акыл таймашына катышууда.

Шахмат олимпиадасынын катышуучусу, эл аралык спорт чебери Бактыгүл Тиленбаеванын айтымында, Кыргызстандын тандалма командасынын катарында 5 эркек жана 5 кыз бар.

- Кыз-келиндерден Александра Самаганова, Диана Өмүрбекова, Бактыгүл Тиленбаева, Алымбай кызы Айжан жана Алина Эсенбаева өлкө намысын коргоп жатат. Эркектерден Алгис Шүкүралиев, Эмилбек Сапар, Андрей Мазницын, Асыл Абдыжапар жана Болот Такырбашев ойноп жатышат.

27-августта шахмат олимпиадасынын ачылыш аземи болду. Биринчи оюнда кыргызстандык кыз-келиндер Казакстан командасы менен ойнойт, эркектер командасы Венгриянын шахматчылары менен беттешет.

Дүйнөлүк шахмат олимпиадасына өлкөнүн үч жолку чемпиону Нуриса Оторбаева менен уландар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин белгисиз себептерден улам барбай калышты.

29-августта Лондондо паралимпиада башталат

29-августта Лондон шаарында паралимпиадалык оюндар башталат. Паралимпиадага Кыргызстандан оордук көтөрүүчү майып спортчу Эсен Калиев гана катышат. Бул тууралуу өлкөнүн чакан делегациясын баштап барган Паралимпиада федерациясынын президенти Роман Өмүрбеков “Азаттыкка” билдирди.

Эл аралык спорт чебери Эсен Калиев паралимпиадага алгач ирет катышууда. Ал 52 кило салмакта чалкасынан жатып, оордук көтөрүүгө же пауэрлифтинг боюнча күч сынашат. Паралимпиадага жолдомону быйыл февраль айында Орусиянын ачык чемпионатында күмүш байге утуп алуу менен жеңип алган. Калиев рейтинг боюнча 10 мыктынын катарында турат.

Паралимпиадачы, эл аралык спорт чебери Эсен Калиев Лондон 30-августта күч сынашууга чыгаарын, даярдыкка спорт агентиги каражат бербей койгонун “Азаттыкка” айтып берген.

Паралимпиадалык оюндар 29-августта башталып, спорттун 12 түрү боюнча өткөрүлөт. Паралимпиадага 162 өлкөнүн 4 миң 200 майып спортчусу катышып, оюндар 9-сентябрда жыйынтыкталат.

Кытайдагы эл аралык бокс турнири

28-августта Кытайдын Ордосе шаарында бокс боюнча эл аралык турнири улантылды. Мында өлкө намысын тандалган эки бокс чебери Эрмек Сакенов менен Азамат Каныбек уулу коргоп жатышат.

Аларды өлкөнүн башкы устаты Адылхан Бекболотов баштап барып, баш-көз болуп жүрөт. Мелдештин жеңүүчүлөрү 1-сентябрда аныкталат.

Көк-бөрү мелдеши курч мүнөздө өтүүдө

29-августта Бишкектеги “Аккула” ат майданында эгемендик күнүнө карата көк-бөрү боюнча президенттин Кубогу үчүн мелдеш улантылат. Мында тандалган 9 команда мөрөй талашып жатышат. Көк-бөрү федерациясынын президенти Канатбек Исаев быйыл баш байгеге 1 млн. 500 миң сом сайылганын, турнир курч мүнөздө өтүп жатканын “Азаттыкка” айтып берди.

Учурда Сокулуктун “Кожомкул”, “Суусамыр” жана “Бөрүлүү” командалары жарым финалга чыкты. “Кожомкул” командасы Таластын “Ой-Кайың” командасын 18:2 эсебинде утуп алышты. “Кара-Балта” командасынын тай казанына таластык жигиттер 11 улак таштап, жеңишке жетти.

Футболдон Эгемендик кубогу

Футболдон Эгемендик кубогунун жарым финалдык беттешүүсүндө Бишкектин “Алга” командасы Нарындын “Ала-Тоо” командасын утуп, баш байгеге талапкердин бири болду.

Ош шаарында өткөн “Алай” жана “Дордой” футбол клубдарынын таймашуусунда “дордойчулар” жеңип, финалда ойномой болушту. Финалдык беттешүү 31-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо болот.

Дүйнөлүк кайыкчылар жарышууда

28-августта Орусиянын Казан шаарында кайык айдоо боюнча студенттер арасында дүйнө чемпионаты башталды. Мында кыргызстандык төрт жигит өлкө намысын коргоп жатат. Алардын катарында 16-Азия оюндарынын коло байге ээси Александр Пароль бар.