Бабанов - Шахмат федерациясынын президенти

13-апрелде премьер-министр Өмүрбек Бабанов өлкөнүн шахмат федерациясына президент болуп шайланды.
13-апрелде Кыргызстандын Шахмат федерациясынын жыйыны болду. Бир күн мурда федерация президенти Алишер Сакебаев кызматынан кетээрин билдирип, арызын жазган. Жалпы жыйында уюштуруу маселеси каралып, федерация президенттигине өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов бир добуштан шайланды.

Бул тууралуу федерациянын аткаруу комитетинин мүчөсү Бактыгүл Тиленбаева “Азаттыкка” билдирип, Өмүрбек Бабанов өзү жана уулу, кызы да шахмат ойнорун кошумчалады.

Өлкөдө эки шахмат федерациясы түзүлүп, алар бийлик талашып келишкен. Бири - Кыргызстан шахмат федерациясы деп аталып, мындан 21 жыл мурда түзулсө, экинчиси мурдагы жылы уюшулуп, Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясы деп аталган.

Шахмат федерациясынын жыйыны мыйзам бузуу менен өткөнүн, атүгүл добуштарды саналбай, эсептөө комиссиясы түзүлбөгөнүн Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын президенти Милан Турпанов белгиледи.

Иштин көптүгүн айтып, федерациянын жыйынына Өмүрбек Бабанов өзү катышпастан, ишенимдүү адамы келди. Бишкектеги жыйынга Эл аралык шахмат федерациясынын президенти Кирсан Илимжинов өз катышып, Кыргызстанда мектеп программасына шахматты киргизүүгө жардам берээрин билдирди.

Кыргызстандын Шахмат федерациясы 1947-жылы түзүлгөн. Бул уюмдун төрагасы болуп отуз жылдай Акылбек Муратбеков иштеп, шахматтын өнүгүшүнө салым кошкон.

Эгемендүүлүк алганы федерацияга Карим Уразбаев, Таалай Дүйшеев, Таалайбек Окенов, Акылбек Жапаров, Жеңишбек Назаралиев, Алишер Сакебаев президент болушкан.

Мурдагы премьер-министрлерден Амангелди Муралиев Футбол федерациясына, Николай Танаев Теннис федерациясына президент болушкан.

Футбол: Кайрадан төмөндөө

Эл аралык футбол федерациясынын соңку рейтинги боюнча, Кыргызстандын футбол деңгээли 205 өлкөнүн ичинен 195-орунга, 3 тепкич ылдыйлады. Бул тууралуу федерациянын басма сөз катчысы Канат Асенов билдирди. Кыргызстан акыркы төрт жылдын жыйынтыгы менен 29 упай гана топтогон.

Курама командасы эң мыкты болгон өлкөлөрдүн алгачкы сабында Испания, Германия, Уругвай, Голландия жана Португалия турат. Футбол менен даңкталган Бразилия менен Англия алардан кийинки катарда. Орусия 11-орунга бир тепкич жогорулады. Быйыл Европа чемпионатын кабыл ала турган Украина 49-орунда турат.

Кыргызстандын коңшулары Өзбекстан 69, Казакстан 137, Тажикстан 131-орунду ээледи. Рейтингди соңунда Сан-Марино өңдүү майда өлкөлөр келе жатат.

Эл аралык футбол федерациясынын рейтинги өлкөнүн футбол боюнча курама тобунун жеңиштерин, ийгиликтерин жана алардын шарттарын эске алат. Футбол адиси Ырыскелди Мусаевдин пикиринде, ФИФАнын рейтинги Кыргызстанда бул оюндун деңгээли өтө төмөн экенин далилдеп турат.

Бокс: Лондонго жол жабык

13-апрелде Астанадан кыргыз боксчулары маанай чөгүп келишти. Себеби жеңүүчүлөргө Лондон олимпиадасына жолдомо ыйгарыла турган Азия турнирине кыргызстандык 9 бокс чебери катышкан. Бирок олимпиада үчүн таймашууларда тогузу тең утулуп, ишеним акталбады.

Астанада 81 кг. салмакта Лондон олимпиадасына үч орун үчүн жолдомо берилди. Финалда тажикстандык Жокан Курбанов индиялык атаандашына утулду. Натыйжада үчүнчү орунду ээлеген кыргызстандык Сергей Скляров Лондон олимпиадасына жолдомо албай калды.

Ошентип Астанада спорт күйөрмандарынын үмүтүн кыргыз боксчулары актай алышкан жок. Эгемен өлкө болгону Атланта, Сидней, Афина жана Бээжин олимпиадаларына кыргызстандык боксчулар катышып келген. Бул ирет Лондон олимпиадасына бир дагы кыргызстандык боксчу жолдомо албай калышты.

Астанадагы олимпиадалык турнирде 28 өлкөнүн 130 бокс чебери мөрөй талашты. Бул мелдеште 12 өлкөнүн мушкерлерине Лондон олимпиадасына 25 жолдомо ыйгарылды.