Мерген журналисттер мелдешти

1-мартта массалык маалымат каражаттары арасында ок атуу боюнча мелдеш өттү. Кол күрөш боюнча мелдеш да аяктады.
Кол күрөш боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги аяктады. Мында 7 салмак аралыгында 136 чоюн билек балбан күч сынашты. Жеңил салмактарда Закир Леджеров менен Артем Ярулин жеңүүчү деп таанылды.

80 жана 90 кило салмактарда Бекзат Кожомбердиев эки алтын медалдын ээси болду. Оор салмакта Евгений Лукьянов биринчи орунду камсыз кылды. Кыз-келиндердин билек күчүн сыноосунда атбашылык Айнура Асанбекова теңдеш чыкпады.

Азия чемпионаттарында эки ирет чемпион аталган Айнура Асанбекова быйыл Ташкентте өтүүчү Азия биринчилигинде алтын медаль үчүн аракет кылаарын “Азаттыкка” билдирди.

Быйыл кол күрөш боюнча эркектер арасында Азия чемпионаты Иранда, дүйнө чемпионаты Бразилияда өтөөрүн, бирок ага баруу үчүн каржы маселеси чечилбей арсар болуп турганын федерация жетекчиси Жээнбек Мукамбетов маалымдады.

ЭлТР - чемпион

1-мартта массалык маалымат каражаттары арасында ок атуу боюнча мелдеш өттү. Бул мелдеш жоокер-интернационалист В.Шашовду эскерүүгө арналды. Мында 9 маалымат каражаттарынын 30 кызматкери мөрөй талашты. Мылтык менен көкөлөп ыргыган табакты атууда НБТ каналынын кызматкери Азамат Иманов биринчи орунду ээледи.

Ошондой эле тапанчадан бута атууда ЭлТР телерадикомпаниясынын кызматкери Азамат Кочкоров биринчи орунду камсыз кылды. Кыз-келиндерден бутаны таамай аткан НБТ телеканалынын өкүлү Наиля Тугучева болду.
Командалык эсепте биричи орунду ЭлТР телерадиокомпаниясы ээледи. Экинчи – НБТ жана үчүнчү орун “Пирамида” телекомпаниясына ыйгарылды.

Тууга арналган турнир

3-мартта Кыргыз республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынганынын 20 жылдыгына карата ат спорту боюнча мелдеш өткөнү камылга көрүлүүдө.

Ат спортунун “конкур” түрү боюнча жыйырмадан ашуун чабандес өнөрүн көрсөтүшөт.

Акыл таймашы

3-марттан 9-мартка чейин шахмат боюнча Бишкек шаарынын биринчилиги өтөт. Шахмат федерациясынын аткаруу комитетинин мүчөсү Бактыгүл Тиленбаеванын айтымында, акыл таймашына алтымыштан ашуун шахматчы катышат.

Эликтей кыздардын өнөрү

3-мартта кыз-келиндердин жаз майрамын утурлап, Бишкекте көркөм гимнастика боюнча өлкө чемпионаты башталат. Билим берүү министрлигинин “Жаштык” ден соолук борборунун жетекчиси Эркинбек Абдылдаевдин маалымдаганына караганда, жүзгө жакын кыз көркөм гимнастика мелдешине катышат.