Спорт-2011: Күйөрмандардын үмүтү акталган жок

2011-жылы алдыга койгон максаттар аткарылдыбы? Эмне үчүн кыргыз спортчулары Лондон олимпиадасына жолдомону аз алып калды?
Жыл башынан бери кыргыз спортчулары эл аралык аренада азыноолак ийгиликтерге да жетишти. Грек-рим, эркин күрөштө, оор атлетика менен жеңил атлетикада, кикбоксинг менен тайбокс, самбо, таэквондо боюнча спортчулар ийгиликке жетишти.

Казакстандын Алматы жана Астана шаарларында кышкы 7-Азия оюндары өттү. Негизги басым да ушул кышкы Азия оюндарына жана 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадалык оюндарга жолдомо алуу таймашуулары эле. Казакстандагы кышкы Азия оюндарында кыргыз хоккейчилери топ менен ойноодо коло байге алды.

Жылдын мыктысы - Арсен Эралиев

Быйыл жылдын мыкты спортчусу деп адистер бир добуштан грек-рим күрөшүнөн Азия чемпиону аталган Арсен Эралиевди аташууда.

Арсен февралда Астанада өтө турган Азия чемпионатында Лондон олимпиадасына жолдомо утуп алууга аракет кылаарын “Азаттыкка” маалымдады.

Лондон олимпиадасына жолун ачкандар

Лондон олимпиадасына жолдомо алгандар: марафончу Юлия Архипова, дзю-дочу Чингиз Мамедов жана таеквондочу Расул Абдраим.

Юлия Архипова учурда Орусиянын Кисловодск шаарында машыгып, Лондон олимпиадасына даярданып жатканын өлкөгө эмгек сиңирген устат Бактияр Бокеев маалымдады.

Стамбулда өткөн грек-рим жана эркин күрөштөн дүйнө чемпионатында кыргыз балбандары Лондон олимпиадасына жолдомо албай, арманда калышты.

14 жаштагы Султан Букеев - Азия чемпиону

Өлкөнүн тарыхында бишкектик 14 жаштагы Султан Букеев Азия чемпиону аталып, эки алтын медалдын ээси болду. Жаш спортчу Султан Букеев келечекте олимпиада чемпиону болуу башкы максаты экенин “Азаттыкка” айтты:

- Мен үчүн быйылкы жыл ийгиликтүү болду. Жеңиштин бийик сересине чыкканда Кыргызстандын туусу обого көтөрүлүп, гимн ойногондо ушунчалык сүйүндүм. Келечекте олимпиада, дүйнө чемпиону болгум келет. Ал үчүн талбай машыгуу зарыл.

Чарчабаган Ваккер

Кыргыз спорт тарыхында беш ирет удаасы менен Азия оюндарында мөрөй алган велоспортчу Евгений Ваккер быйыл да Азия чемпионатында алтын байгелүү болуп, дале табында экенин далиледи.

Үмүттөр акталбады

Спорт күйөрмандары жыл жыйынтыгы боюнча түрдүү пикирде:

Азат: 2011-жылы кыргыз спортчулары үчүн мактана тургандай ири ийгиликтер болбоду. Ташкентте Азия чемпиону болгон грек-рим күрөш балбаны Арсен Эралиевди гана баалайм. Быйыл Түркияда өткөн эркин жана грек-рим күрөш боюнча дүйнө чемпионатында бир дагы кыргыз балбаны Лондон олимпиадасына жолдомо албай калганы абдан өкүнүчтүү.

Эмил Чекиров: Кыргызстанда жыл сайын футбол өлүм, ындыгы өчүп баратканы капа кылат. Жогорку Лигада 5 команда ойнойт, алардын кырктан ашууну чет өлкөлүк жалданма оюнчулар. Жергиликтүү жаштарга көңүл бурулбай жатканы абдан өкүнүчтүү. Спорт жетекчилери аймактарга дээрлик көңүлкош карап калышты.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канатбек Аманкулов:

- Лондон олимпиадасына жолдомо алган дзю-дочу Чингиз Мамедов Кыргызстанда эмес, Францияда бир жылдан ашуун жашап, Эл аралык дзю-до академиясында машыкканы натыйжа берди. Лондонго биринчи жолдомо алган Юлия Архиповага алты айдан кийин гана өкмөт стипендия чектегени - жетекчилердин жоопкерчилигинин жоктугу. Олимпиадага жолдомо алабыз дешкен балбандар да үмүттү актаган жок.

2011-жылдын жыйынтыгы тууралуу Бишкек шаардык спорт комитетинин төргасы Шейшенкул Бакиров:

- Билим берүү министрлиги менен кесиптик билим берүү агенттиги дене тарбия багытында иш жүргүзгөнү байкалган жок. Пландоо менен иш жүргүзүп, анализдеген эч ким жок.

2011-жылы кыргыз спортун өнүктүрүүгө өлкө казынадан 320 млн. сом жумшалган. Бул сумма чет өлкөлөрдө он-он беш спортчунун бир жылдык машыгуусуна коройт. Кыргызстанда болсо бул каражат миңдеген спортчуларга жетиши абзел.