Сан маанилүү сай сөзү

Иллюстрациялык сүрөт.

"Сөз дайра" берүүбүздүн бул чыгарылышында сай, сак деген сөздөрдүн маанисин чечмелейбиз.

«Сай» деген сөз барын билебиз. Биринчи мааниси чыгаан күлүк аттарга айтылат. Мындан улам «сай күлүк, «сай тулпар», «сай буудан» деп коёт.

«Сай» дегенди – «эң эле мыкты, эң эле кыйын, абдан жакшы» деп түшүнсөк болот. «Анык сай тулпар экен, канча жылдан бери ат чабышта биринчиликти бербей келет» дейт.

Ал эми «сай кашка» десе, бул сөз адамдын мыктысына айтылып жаткандагысы. Манаста «Айчүрөк чынында эле ургаачынын кашкасы эле, керемет эле!» деп айтылат эмеспи.

Сайдын экинчи мааниси, кадимки эле суу ага турган сай. «Суу түгөнүп, сай болду» дейт. «Баягы ашып-ташып кирип турган суу жок, сай кагырап какшып калды» дейт. «Ала-Тоо корккондон пас болду, агын суу корккондон сай болду» деген ыр саптары кездешет.

Дагы караңыз Жекендос жана баяндос

«Мылтыктын сайы» дейт. «Уста боз үйдүн уугуна сай салып жатты» дейт. «Асмандан буту сөгүлдү, алты сай мөндүр төгүлдү» дейт. «Душмандын аскери сай ташындай көп экен» дейт. «Сайда калгыр!», «Ылайым эле сай кучактап кал!» деп каргашкан. «Сай кучактап кал!» деген каргыштын жаман түрү болгон, бала-чакасыз, укум-тукумсуз, сайдай какшып, соолуп кал дегенди билдирет.

Байыркы көчмөн кездерде кыргыздын жаны атта болгон. Ошондон улам «Сай тулпардан ажырап, сай кучактап калбайлы, балдар?» деген. Бул деген «атыңарды сактай көргүлө» деген кеңеши.

Үчүнчү мааниси: «Сайда саны жок» экен дейт. Пайдасыз, керексиз, адам болуп туруп адам катарында эсептелбеген кишилерди айтып жаткандагысы.

Төртүнчү мааниси: «Аягы сай таппаган эме экен» дейт. Туругу жок, бир жерде туруктуу иштей албаган, улам эле бир ишти таштап, башка ишке кете берген, убада берген менен анысын аткарбаган, күлү бир жерге додо болбогон кишилерге айтылат.

Дагы караңыз Ит жакшысын чык дебейт

Дагы бир көңүл бура турган жагдай, «медире» деген сөз бар, ушул сөз «сай» сөзүнө кошулуп «саймедире» десе «сүйлө» дегенди, сүйлөгөндө да «баягы кызыктуу аңгемеңди жакшылап айтып отур» дегенди түшүндүрөт. Кээде: «Обужок саймедиреген неме экен» дейт. Ыксыз көп сүйлөгөн эме экен дегени.

Бешинчи мааниси - ийне сай, бак сай, сайма сай, байге сай, азуу сай, үй сай, найза сай жана башка. «Жоону сайса эр сайды, аты калды Манаска» деген макалга айланып кеткен сөз бар.

«Сайып жүрүп бак кылды, салып жүрүп там кылды» дейт. «Жандап сай», «тепчип сай» дейт. «Миң түркүн жим менен сайган туштук экен» дейт. «Жерди сайып койгула» дейт, «жерди чанап койгула, күрөктөп койгула» дегени. «Байгеге атын сайды» дейт. «Ал акчасынын көптүгүнөн шайлоодо сайып кетти» дейт. «Шайлоодо жеңип кетти» дегенди айтып жаткандагысы.

* * *

Эми ушундай эле көп мааниси бар «сак» сөзүн алып көрөлү. «Өтө эле сак киши экен» дейт. «Сак болгула» дейт. «Абайлагыла, сак кулак ити бар» дейт.

«Сак» сөзүнүн экинчи мааниси, иран тилинен кирген, «өтүктүн сагы» деген сөз бар. Бул сөздү түштүктө көбүрөөк колдонот.

Дагы караңыз Сыр аяктын сыры кетсе да сыны кетпейт

Үчүнчү мааниси - «Дени сак экен» дейт. «Кара башыбыз сак болсун» дейт. «Сак-саламат келдиңерби?» дейт. «Сак-саламатта турушуптурбу?» дейт.

Төртүнчү мааниси - таштанды, акыр-чикир толгон жерди, «бок-сак» деп коет.

Бешинчи мааниси - «сак-сакта» деп коет. Байкап, көз болуп, уктабай карап отурдук дегенди билдирет. «Ашым жылкыларды сак-сактап улам карап коюп отурат» дейт.

Алтынчы мааниси - «ал сөгүп-сагып жиберди» дейт.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​