Арызда "командирлер кызматкердин саламаттыгына кайдыгер мамиле кылып, бир жума бөлүктө кармап турушкан" деген жүйө келтирилген. Аскер бөлүгү болсо "кызматкер аскердик тартипке баш ийген эмес" деп, кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат.
Кенже сержант Нарынбек Султаналиев учурда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын урология бөлүмүндө дарыланып жатат. 31-январь күнү Оштогу аскер госпиталына баратканда абалы начарлап, таксисттер аны жалпы дарылануучу ооруканага жеткиришкен. Бейтапкананын дарыгери Адыл Юлдашев буларга токтолду:
- Бейтап алгач бизге ичи түйүлүп ооруп, бөйрөгү сайышып оор абалда келген. Дароо текшерип, анализ тапшыртканбыз. Ага "бөйрөгүндө таш болушу мүмкүн" деген аныктама чыгарылган. Мындан сырткары, неврологиялык жактан да оорусу бар экени билинди. Азыр абалы канааттандырарлык десек болот.
Атамбаев армиянын абалы оңолгонуна ишенет
Нарынбек Султаналиев Көк-Жаңгак шаарындагы №52870 аскер бөлүгүндө келишимдик негизде кызмат өтөп жатат. 22-январда машыгууга чыккан убагында анын оорусу кармап, аскер бөлүгүндөгү ооруканага жеткирилген. Нарынбек Султаналиевдин айтымында, абалы оңолбогондо башка ооруканага барып көрүнүүгө уруксат алган:
- Оорум күчөп, жаным ачышып турганда сырттагы ооруканага барып көрүнүүгө уруксат сурасам, үч күн катары менен жооп берген жок. 26-январда жалдырап, өзүм эптеп такси жалдап, Көк-Жаңгактагы ооруканага анализ тапшырып келдим. Кийин ошолордун жолдомосу менен 27-январда Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына көрүнүп турдум. Аскер бөлүгүндөгү командирлерге маалымат берип, абалымды билдирсем ооруканадан тийиштүү кагаздарымды алып келип берүүмдү айтты. Абалымдын жаман экенине карабай ооруканадан уруксат алып, аскердик бөлүккө барсам мени кармап, эки күн кайра ооруканага жөнөтпөй коюшту. Командирлер "сен ооруган эмессиң, дарыгерлер туура эмес диагноз коюшкан" деп жооп беришти.
Суранып отуруп 29-январда кайра ооруканага келип жатканын 31-январда аскердик бөлүккө кайра чакыртылганын Нарынбек мындайча айтып берди:
- 31-январда болсо аскердик бөлүккө чакырышып, "Оштогу аскердик госпиталга барып жатасың" деп жолдомону колума карматышты. Макул болуп, такси менен жолдо баратып, оорум күчөп приступ кармаган соң айдоочу ушул ооруканага жаткырыптыр. 10 күн бою эч ким абалымды сурап келип караган да жок. Кечээ жакында аскердик бөлүктөн мени алып кеткени келишкен экен, дарыгерлер бербей коюшту. Командирлер эмне үчүн кол алдындагыларга андай мамиле кылышат? Кызмат абалынан пайдаланып, кайдыгерлик кылганы үчүн жооп берсин. Аскердик бөлүктүн атайын "Тез жардам" унаасын же фельдшер кошуп беришкен жок.
Жогорудагы жагдайга баланыштуу аскердин жакындары облустук аскер прокуратурасына арыз менен кайрылышты. Аскер прокуратурасы бул туурасында азырынча маалымат берген жок. Кенже сержанттын апасы Сайракан Акишева аскердик бөлүктүн жетекчилиги жоопкерчилик тартышы керек деп эсептейт.
- Биз аскер прокуратурасына кат менен кайрылдык. Азыр алар "аскердик бөлүктө териштирүү иштерин жүргүзүп жатабыз" деп айтып жатышат. Баламды ооруганына карабай кармап, кайдыгерлик кылган жетекчилери жоопко тартылышы керек. Оор абалдагы бейтапты атайын "Тез жардам" унаасы же медицина кызматкери жок Ошко жөнөткөнү туурабы? Жалгыз уулум жолдо бир нерсе болсо ким жооп берет? Мага окшогон энелердин ыйын уга турган жан барбы? Акыйкаттыкты талап кылабыз.
Аскердик бөлүктүн жетекчилиги Султаналиев аскердик тартипке баш ийбей, өз алдынча ооруканага жатып алганын айтууда. Учурда Башкы штабдан атайын комиссия түзүлүп, кызматтык иликтөө жүрүп жатат.
Башкы штабдын басма сөз кызматынын жетекчиси Майрамбек Мусиев Нарынбек Султаналиевдин айткандарынын чын-төгүнүн комиссия аныктай турганын билдирди:
- Алдын-ала маалыматтарга караганда, аскер айтып жаткан дооматтардын баары чындыкка жатпайт. Ал жерде кандай ката кетирилгенин биздин атайын комиссиянын тыянагы көрсөтөт. Ошол эле учурда тергөө органдары да өз баасын берет. Окуяга азырынча баа берүүгө эрте. Толугураак маалыматты комиссиянын жыйынтыгынан соң беребиз.
"Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" мыйзамдын 13-беренесине ылайык аскер кызматчылары чукул медициналык жардам зарыл болгон учурда андай жардам алардын мекемесинин караштуулугуна карабастан жарандык саламаттык сактоо мекемелеринде бекер көрсөтүлүшү керек.
Милициянын ардагери Сейдалы Жаналиев кандай гана мекеме болбосун адам өмүрү менен укуктары алдыңкы орунда турарын белгилейт.
- Ар бир аскердик бөлүктө өзүнчө оорукана болот. Эгер ал жерде болбосо, 150 чакырым аралыктагы Ошко барууга кажет барбы? Көк-Жаңгактын өзүндө оорукана бар, ошол жерге жөнөтсө болмок. "Аскер командирлеринин айтканы аткарылат" деген илгертен келе жаткан ички өздөрүнчө тартиби бар. Аскердик бөлүктөрдө ушул нерсе жоюлбай жатат. Ал жоокер атайын качып кетсе же кызматын таштап качса - "милдетин аткарбады" десе болот. Бул жерде кайдыгер мамиле болгону байкалат. Капитализм, социализм же демократиялык коом болобу, баарында адам укугу менен ден соолугу жогору турат.
Нарынбек Султаналиев 29 жашта, жети жылдан бери Кыргызстандагы аскердик бөлүктөрдө келишимдик негизде кызмат өтөп жүрөт. Көк-Жаңгактагы аскер бөлүгүнө 2015-жылы келген. Үй-бүлөдө кары эненин жалгыз баласы.
Башкы штабдын куралдуу күчтөрүнө караган Көк-Жаңгактагы аскердик бөлүк 2015-жылы ачылган.