Үйү күйгөндөрдүн күйүтү

Ош шаарынын тургуну Гүлчехра Абдыкадырова балдары менен.

Ош шаарынын былтыр үйү күйүп кеткен эки миңге чукул тургундары үйлөрүн толук кайра куруп бүтүшө элек. Кыш келип калган ушул тапта алар эми миңдеген сомдук айыпка жыгылышууда.
Бул тургундардын бир кыйласы былтыр коогадан кийинки мезгилде пайдаланбаган электр кубаты үчүн акы төлөөгө мажбур абалда калышканын айтышууда.

Мазура Хасанова Оштун Гастелло көчөсүндө жашайт, пенсиядагы бул жаранга Ош Энергосбыттан үч миң сомдон ашык суммага акт түзүлгөн:

- Биздин үй 10-11-июнь күндөрү өрттөлүп кеткен. Биз качып кеткенбиз. Бир жыл ар жерде жүрүп, быйыл апрелде кайтып келдик. Биз жакпаган электр үчүн 3072 сом 83 тыйын деген квитанция келиптир, биз соттошобуз деп, төлөбөй жатабыз.

Хасанова Энергосбыттан уурдалган электр кубатынын акысын үйү күйгөндөргө төлөттүрүү аракети болуп жатат деп шектенет.
Үйүбүз өрттөнүп кеткен бойдон, бир жылдан кийин кайтып келсек, электр үчүн 3072 сомго квитанция келиптир...


Мазура Хасанова өңдөнүп айыпка жыгылгандардын айрымдары сотко кайрылып, бирок утулуп калышты.

Жаңжалдан кийинки башаламандыктын мезгилинде айрым эреже бузуулар болгон болушу мүмкүн, анын ичинде электр жарыгы курулуш иштеринде колдонулган. Бирок үйү күйгөндөр алдамчылыктын да курмандыгы болуп калышкан шекилдүү.

Бул тууралуу бейөкмөт уюмдардын «Эдвокаси» борборунун жетекчиси Жеңишбек Төрөев Жеңишбек "Азаттыкка" буларды билдирди:

- Үй салып жатканда тамак даярдаш керек, анча-мынча курулуш
жабдыктары иштетилген. Энергетиктер акты түзүп, үйлөрү күйгөн адмадарга «кол коюп бергиле, баары бир силер төлөбөйсүңөр, (Ош, Жалал-Абатты калыбына келтирүү боюнча) мамлекеттик дирекция же эл аралык уюмдар төлөп берет деп, иш жүзүндө алдап, кол койдуруп алышкан. Бизге 2 миңден 30 миңге чейин карыз болгондор кайрылып жатышат.


Төрөев мында тургундардын күнөөсү жок деп эсептейт жана сот аркылуу акыйкаттыкты калыбына келтирүү мүмкүн болбой жаткандыктан, маселени өкмөт аркылуу жогортон чечүү зарыл деп ишенет:

- Үйлөрү күйгөн адамдардын күнөөсү жок, ал кезде алар электр линияларына кошулууга мажбур болушкан, буга уруксат беришкен. Бул актыларды өкмөт, же мамлекеттик дирекция аркылуу жокко чыгаруу зарыл. Энергетика министри бизге «сот аркылуу чечип алсаңар, каршы эмеспиз» деп айтты. Бирок сотко 2-3 адам арызданды эле, баары уттуруп коюшту.

"Азаттык" кайрылганда, Ош, Жалал-Абат боюнча мамлекеттик дирекциянын өкүлү (Темирбулатов) дирекция курулуш менен гана алектенип, электр маселесин карай албайт деп жооп берди.

Былтыр 10-15-июнь күндөрү өрттөлгөн үйлөрдүн басымдуу бөлүгү өзбек азчылыгына тийешелүү болгон. Алардын үйлөрүн калыбына келтирүүнү Мамлекеттик дирекция эл аралык донорлордун каражаты менен ишке ашырып келатат.

"Жакпаган жарык үчүн төлөйбүзбү?" сүрөт: advocacy.kg

Бейөкмөт уюмдардын «Эдвокаси» борбору ушул жумада өкмөткө кат жолдоду. Ал эми айып чогултуучу Ош Энергосбыттын өкүлү Тариэл Исеев анын мекемеси маселенин үйү күйгөндөр үчүн оңунан чечилишине кызыкдар деп ырастады:

- Булар - жапа тарткандар, биз муну түшүнүп, аларга жардам болобу
деп, (жогору жактарга) кайрылганбыз. Мыйзамды биз чыгарган жокпуз, мыйзамды Жогорку Кеңеш толуктап берди, жардыкты өкмөт чыгарат. Ушундай бир жардык аркылуу (жапа тарткандарга) жардам болушу мүмкүн. «Караштырабыз» деген жооп болгон.

Кооганын мезгилинде жана андан кийинки айларда кардарлар тарабынан калпыстыктар кеткен болушу мүмкүн, өз ара ишенбөөчүлүктүн да кесепеттери болгон.

Жапа тарткандардын абалын түшүнүп, жардам сурап, жогору жактарга кайрылганбыз.

«Эдвокаси» борборунун жетекчиси Жеңишбек Төрөев азыр энергетика көйгөйүнө кабылган Ош тургундарынын көбүнүн абалы өтө оор экендигин эскертти:

- Көбүнүн иши жок, бизнестери талкаланган. Кыш да жакындап калды, үйлөрү да толук курулуп бүтө элек.

Анын аралыгында Манзура Хасанова өткөн айдын энергиясы үчүн акысын төлөп келди, бирок былтыркыдан калган миңдеген сом айыпка «пенсиядагы абышкам экөөбүздүн күчүбүз жетпейт» деп кабатыр болуп отурат.