Жалал-Абад: Доомат канчалык негиздүү?

Жалал-Абад шаарында балдардын облустук техникалык чыгармачылык борборунда мурда окуган балдардын ата-энелери өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке кайрылып, борбордогу финансылык бурмалоолорду териштирүүнү жана аны мурдагы калыбында иштетип берүүнү өтүнүп жатышат.
Жалал-Абад шаарында балдардын облустук техникалык чыгармачылык борбору бар. Анда өспүрүмдөр сабактан кийин экология, табият таануу жана туризм жаатында кошумча ийримдерге катышат.

Борбордо мурда окуган балдардын ата-энелери өкмөт башчыга, Жогорку Кеңешке кайрылып, борбордогу финансылык бурмалоолорду териштирүүнү жана аны мурдагы калыбында иштетип берүүнү өтүнүп жатышат.

Ал эми борбордун азыркы жетекчилиги мындай дооматтарды четке кагууда. Ал арада шаардык прокуратура мекеменин ишмердүүлүгүндөгү мүчүлүштүктөрдү териштире баштады.

Кайрылуу башаты

Элүү чакты адамдын колу коюлган кайрылууда Жалал-Абад шаарында жайгашкан борбор бир канча жылдардан бери иштебей кулпуланып турганы, текшерүүлөр келгенде гана он чакты бала пайда болуп калаары, иштейт деген мугалимдердин жумуш убагында өз ордуларында болбогону жана жүздөгөн бала окуйт деген жалган документ менен жетекчи баш болгон кызматкерлер мыйзамсыз айлык алып жүрүшкөнү жазылган.

Ата-энелер буга байланыштуу арыз, даттанууларга Билим берүү жана илим министрлиги, Каржы, Эсеп палатасы менен Башкы прокуратура да 2009-жылдан бери көз жумуп келатканын билдиришүүдө.

Айнура Батиеванын да кызы убагында ушул борбордун ийримдеринин бирине катышчу экен. Анын айтымында, кызы ийримге 2-3 ай катышкандан кийин эле борбор иштебей калган.

- Себебин сурап барсак мурдагы директор да, ал кызматка алган мугалимдер да иштен кеткен экен. Анда түшүнбөй эле келе бергенбиз. Эми аны кайра калыбына келтирип бергиле, мурдагы директор иштесин деп жатабыз. Анда баары акысыз болчу, азыр барган жериң эле акча болуп атат го.

Батиева сөз кылып жаткан борбордун директору Айчүрөк Кебекбаева деген адам экен. “Кезинде ал шаардагы мыкты деген мугалимдерди чогултуп, борборду жакшы иштетип койгон”, - дейт Батиева. Анын байкашынча, учурда борборго бир деле бала келбей калыптыр.

- Мен баламды ошол борбордун жанындагы бала бакчага алып барам. Бир жылдан бери мугалимдер өздөрү эле соксоюп отурушат. Балдар жакшы нерселерди үйрөнүп жатышкан. Ага кошумча математика, чет тил сабактарын кошуп койгон эле. Ушуга сүйүнүп атканбыз. Менин жанымдагы кошуналарым бүт барчу, азыр сураштырсаңар эч ким барбай калган.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаевге жолдонгон арызда Махабат Токоеванын да аты бар. Убагында анын эки кызы тең аталган борбордо кошумча сабак алчу экен. "Каражаты чакталуу карапайым элге бул жакшы эле" деген Токоева борбордун жабылып калган чоо-жайын деле билбейт.

- Борбор жабылып, кымбаттап кеттиби, айтор ушундай болуп иштебей калды. Мурда бардыгы балдарын берет эле. Кийин бул жерге ишкана ачабыз дегенби, билбейм. Анан ачып бергиле деп демилге көтөргөндөргө биз да кошулуп арыз жазганбыз. Мен ошол борбордун жанында жашайм. Азырынча иштебей жатат. Барса да колунда барлардын балдары барат, акчасын кымбаттатып жиберген. Ал эми балдарды ийримге жөнөтүш үчүн шаардын экинчи башына, өзбек маалелерди аралап барыш керек. Балдарды жөнөткөндөн да коркобуз.

Иштебегенди иштеди деп...

Кайрылууда борбордун мурдагы жетекчиси Кебекбаевага чейин жана ал кызматтан алынгандан кийин да иштебеген адамдарды иштеди деп айлык алган жагдайлар уланып келатканын, ал тургай Бишкек шаарындагы Ош базарында иштеген адамдардын атын кызматкерлердин катарына кошуп жаздырган фактылар бар экени айтылат.

Ошондой эле беш адам башка уюмда иштеп туруп, борбордо да 1-1,5 ставкада иштей турганы көрсөтүлгөн.

Айчүрөк Кебекбаева кызматтан алынган соң борбордогу финансылык бурмалоолорду териштирүү үчүн прокуратура органдарына кайрылып, майнап чыкпаганын билдирүүдө.

- Мен келгенде 52 штат бар экен. Бул жерде болгону 10 адам жүргөн. Документтерди көтөрүп чыкканда сегизи мугалим экен. Ал жерде табелдерде туруп, иштебей эле айлык алып жаткандарын кызматтан алдым. Ошого массалык кызматтан алды деп эки ай өтпөй мени иштен алдыртып тынышты. Мунун бардыгынын үстүндө Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчы Акунжан Абдрашев турат.

Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Кебекбаеванын кызматтан алынуусуна жана борбордогу жагдайларга статс-катчы Акунжан Абдрашевдин тиешеси бар деген маалыматты четке кагууда. Министрликтин маалымат катчысы Керээз Жукеев борбордогу жагдай атайын топтун иликтөөсүнө алынарын кошумчалады.

- Бул боюнча териштирүү иштерин министрлик жүргүзүшү керек. Атайын иш алып баруучу тобу түзүлүп, дыкат изилдегенден кийин гана жооп берүүгө мүмкүн болот. Эгер бизге ушундай кайрылуу келип түшсө, ошонун негизинде текшерүү иштерин жүргүзүүгө акыбыз бар.

Жалган жалаабы?

Ал ортодо “Азаттыктын” Жалал-Абаддагы кабарчысы облустагы балдар борборуна барып келген. Борбордун азыркы жетекчиси Манап Абраимов жогоруда айтылган дооматтарды четке кагып, миңден ашуун өспүрүм кошумча сабак аларын билдирди.

Маалыматка ылайык, борборго Жалал-Абад шаары менен Сузак районунан окуучулар келишет. 8 техникалык кызматкерден башка 20 мугалим, анын ийримдерине катышуучу окуучулар азыр эс алууда. Ийримдер жыл сайын 15-сентябрдан баштап 25-майга дейре иштейт.

- Азыркы күндө 1300дөн ашуун балдар 20дан ашуун ийримге катышат. Жалпысынан 28 адам эмгектенет. Буга чейинки бир топ текшерүүлөрдө арызда жазылган фактылардын бири да ырасталган жок. Арыздануунун себеби - жалаа коюп, мурдагы директор ошондогу педагогикалык кызмат менен келише албай, өч алуу же кайра кызматка келүү максатында болсо керек.

Борбордун бир бөлүмүндө балдар жасаган буюм-тайымдар коюлган ажайыпкана менен өсүмдүктөр жана канаттуулар, гүл бөлмөлөр бар экен.

Уюмдун кызматкери Каныбек Токторбаев бөлүмгө Австралиядан алынып келинген арс чычкан, тоту куш жана башка жаныбарлар, башка жерде жок түркүн өсүмдүк-дарактарды балдар ушул борбордон көрүшөрүн билдирди.

Кол койгон 50 чакты адамдын баары эле бул кайрылуу тууралуу кабардар эмес экен. Кээ бирлери борбор тууралуу да, кайрылуу тууралуу да маалыматы жок экенин билдиришти.

Ошентип учурда Жалал-Абад шаарында балдардын облустук техникалык чыгармачылык борборун шаардык прокуратура текшерүүгө ала баштады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук прокурор Нурлан Жээналиев кабарлады.