Жалал-Абад: ВИЧ менен катталгандар азайдыбы?

  • Ырысбай Абдыраимов

Бишкекте СПИД менен күрөшүү күнүнө карата өткөн акциядан бир көрүнүш, 1-декабрь, 2008-жыл

Жалал-Абад облусунда дарыгерлер ВИЧ илдетине кабылгандар аз болгонун айтышууда. Алар муну элдин аң-сезиминин өскөнү жана маалыматтуулук менен түшүндүрүшүүдө. Бирок буга ишенбегендер да аз эмес.
Облуста ВИЧ илдети пайда болгондон бери андайлардын саны 380 адамга жетиптир. Анткен менен облустук СПИДге каршы күрөшүү борборунун баш дарыгери Элмира Сатарова ал илдет былтыркыдан быйыл эки эсе аз катталганын билдирди.

Бул жылы оорусу текшерүүдө аныкталбаган тогуз бала каттоодон чыгарылды. Оорулардын аз табылганын Сатарова иммундук таңсыктык илдети тууралуу жарандардын түшүнүгү кеңейгени, маалыматардын көп таратылганы, ооруну аныктоо боюнча медициналык иш-чаралардын тынымсыз өткөрүлүп жатканы менен байланыштырды.

Бирок кеселди парентералдык жана жыныстык жол менен жуктургандар өсүүдө, оору баңгилер, жумушсуздар арасында өзгөчө көп жайылган. Быйыл катталган 39 адамдын көбү Жалал-Абад, Сузак, Базар-Коргон аймактарынын аярлуу катмарларынын өкүлдөрү болушту.

"Маңзаттардын тымызын жолдор менен Баткен, Ош, Жалал-Абад шаарлары аркылуу башка аймактарга ташылып өтүүсү да ВИЧ илдетинин көбөйүшүнө өбөлгө түзүүдө", - деди Элмира Сатарова:

- 59 пайызы парентералдык жол менен, 36 пайызы жыныстык жол менен жугуп жатат, калганы ВИЧ позитивдүү энелерден балдарына өткөн. Акыркы эки жылда бизде жыныстык жол менен көбөйгөнү байкалат. ВИЧ илдетинин көбөйүүсүнө биринчиден, наркотрафик, экинчиден, секс кызматкерлеринин проблемаларын да байланыштырсак болот. Азыр бизде катталгандар аз болуп жатат, демек иш жакшы жүрүп жатат дегенден алыспыз. Атайын дозордук иликтөөгө байланыштуу бизде баңгилер менен секс кызматкерлердин арасында кесел көбөйгөнү бар.

"Таза муун" коомдук бирикменин башчысы Айсулуу Каназарованын айтымында, ВИЧтин жайылышын азайтуу үчүн таза эмес ийне колдонгондорго, мисалы, баңгилерге такай көзөмөл зарыл. Аларга ийнелерди медициналык кызматкерлер берип турушу абзел:

- Көпчүлүгү ийне алганы бизге келишет. Көрүнгүсү келишпейт, же аң- сезими жете элек, болбосо коркушат, же дагы башка себептери болгондуктан биздин офиске келбегендер да бар. Алар ийнелерди тааныштарынан алышат.

Анткен менен "ВИЧ аз катталды" деп ток пейил тартууга болбойт. Учурда 2004-2009-жылдардын аралыгында төрөлгөн балдар жана дарылоо мекемелерине кайрылгандар, медициналык каттоодо тургандар текшерилүүдө. Бирок чет жакта иштеп, ал жактан кайтып келген эмгек мигранттары изилдөөгө толугу менен тартылбай кала бериши мүмкүн.

ВИЧ илдеттүүлөр расмий катталгандарга караганда андан алда канча көп болуусу ыктымал. "Таис-плюс эки" коомдук бирикмесинин башчысы Байгазы Эрматовдун айтымында, аярлуу катмардын өкүлдөрүнө кеселди жуктурбоонун ыкмаларын үйрөтүү абзел:

- ВИЧ инфекциясын маалымат жетишпегендиктен жуктуруп алган учурлар көп болот. Аны кантип жуктурбай койсо болот, кантип сактанса болот? Ушул жагын түшүндүрүү керек. Адамдарга "сенин бир гана өнөктөшүң болушу керек, топ адам менен жыныстык катнашка барсаң презерватив колдонушуң керек. Ийне аркылуу баңгизат колдонбошуң керек, эгер сен баңгизат колдоно турган болсоң, таза ийне менен гана сайынышың керек. Кош бойлуу болгон кезиңде дарыгерлердин көзөмөлүндө болушуң зарыл", - деп түшүндүрүш керек. Адам буларды билгенден кийин ВИЧтен этият болуунун жолдорун издейт.

Облуста ВИЧ илдетин алдын алуу максатында бир айлык өнөктүк жарыяланган.