Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:06

С.Мамытов: ВИЧ/СПИД боюнча элдин түшүнүгү начар


“Азаттыктын” түз обосунда ВИЧ/СПИД илдети тууралуу Ош шаарындагы "Рейнбоу маалыматтык борбору" коомдук уюмунун өкүлү Султан Мамытов айтып берди.

“Азаттык”: Сиздер иш алып барган аймакта бул илдет боюнча жагдай кандай? Мурдагы кездерге салыштырмалуу кандай өзгөрүүлөр бар?

Султан Мамытов: Азыркы күндө Кыргызстандын аймагында ырасмий маалыматтар боюнча 3204 адам катталган болсо көпчүлүгү Ош шаарында жайгашкан. Бул жерде 688 адам Ош шаарында, Ош облусунда 600 чамалуу адам. Экөөнү кошкондо 1200 ашуун бул илдетти жуктургандар Ош шаары менен облусунда жашайт.

Адистер деле баса белгилеп айтып келатышат, Кыргызстан дүйнөдөгү ВИЧ инфекция таркап аткан эң алдыңкы он мамлекеттин арасына кирет. Бул жөнүндө чоң мисалдар бар. Мисалы, 1996-жылы бул илдет менен Ош шаарында бир адам катталган болсо, азыркы күндө миңден ашканы көрүнүп атат.

“Азаттык”: Бул илдетти алдын алуу багытындагы түшүндүрүү иштери кандай болуп атат? Кандай кемчиликтер, жетишпестиктер бар?

С.Мымытов: Азыркы учурда мамлекет тарабынан да, мамлекеттик эмес уюмдар тарабынан деле жакшы, зор иш-чаралар көрүлүп атат бул багытта. Бирок мен муну жетишсиз деп ойлойм. Анткени бизде көбүнчө көңүл шаарларга бөлүпүп калган, ал эми айыл жергесинде ВИЧ/СПИД жөнүндө элдин билим деңгээли азыраак. Мисалы, биздин уюм ооруканада ВИЧ жуктурган жаш балдар менен иштейбиз. Ошол балдардын айылдарына барып, сүйлөшүү иштерин жүргүзгөндө, иш-чараларды уюштурганда байкайбыз, ВИЧ жөнүндө айылдарда маалымат өтө аз, өтө төмөн.

“Азаттык”: Эл арасында бул илдетке кабылгандар өзүнчө эле бөлүнүп, коомчулукта жерилип, алар менен такыр сүйлөшпөй койгон учурлар бар экени айтылып калат. Ушундай көрүнүштөрдөн кабарыңыз бар чыгар. Бул эмнеден улам келип чыгып атат же түшүндүрүү иштери начарбы?

С.Мамытов: Биринчиден, коомчулуктун бул боюнча билим деңгээли төмөн. Экинчиден, эл арасында ушул кезге чейин ВИЧ инфекция сойкулардын, наркомандардын оорусу деген кандайдыр бир түшүнүк калыптанып калган. Ошондуктан адамдар бул сөздү укканда эле коркуп, моралдык-этикалык принциптерге туура келбеген нерсе сыяктуу эле андай адамдардан алыс болууга аракет кылышат.

Биз азыр бул илдетке кабылган жаш балдар менен иштеп атабыз, алардын көпчүлүгүнүн жашы 3-5 жаштарга чейин. Алар азырынча коомго аралашып, кандайдыр бир дискриминиацияларга кабыла элек. Биздин азыркы негизги ишмердүүлүгүбүз ошол балдар жашаган аймактарда ВИЧ инфекциясына кабылгандарга карата көз караштарды өзгөртүү болуп саналат.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз да айтып атасыз, коомчулукта бул илдетти баңгилер менен сойкулардын оорусу катары кабыл алып калышканын. Мунун дагы кандай жугуу жолдору бар?

С.Мамытов: Негизинен ВИЧ инфекция маң заттарын көп колдонгондор арасында таралып келген. Бирок азыркы учурда медициналык мекемелерде бул илдетти жуктурган учурлар кездешип жатат. Мисалы, 2005-жылдан баштап 2009-жылга чейин ырасмий маалыматтарга таянсак 200 чамалуу ымыркайлар медициналык мекемелерде ВИЧти жуктуруп алышкан. Бизде азыр ВИЧ инфекция энеден балага, кан аркылуу жана жыныстык катнаш аркылуу жугары кабыл алынган. Бирок коомчулукта баладан энеге жугат деген көз караш кабыл алына элек. Башка мамлекеттерде, айталы Орусия, Казакстанда бул көз караш кабыл алынган.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG