Галиева: ВИЧ жуктуруп алгандарга көңүл бурулбай жатат

2007-жылы Ош облусунда 40тан ашуун ымыркай дарыгерлердин шалаакылыгынан улам ВИЧ инфекциясын жуктуруп алышкан эле. Күнөөлүүлөр жазаланбай, мамлекет тарабынан да тийиштүү көңүл бурулбаганынан улам ошол балдардын ата-энелери митингге чыкты. “Лайф-плюс” коомдук корунун жетекчиси Алтынай Галиева буга байланыштуу “Азаттыкка” маек курду.
“Азаттык”: Бүгүн Ошто жана Бишкекте ВИЧтен жабыркаган балдардын ата-энелери митингге чыккан экен. Кыргызстандын үрөйүн учурган окуядан бери беш жыл унчукпай жүрүп, эми чыгышына эмне түрткү болду?

Алтынай Галиева: Бул балдарга мамлекет тарабынан эч кандай көңүл бурулбай жатат. ВИЧ инфекциясын жугузуу боюнча кылмыш иши козголгон, бирок беш жылдын жүзү болсо да сот аягына чыкпай, акыры ата-энелер жеңилип, нааразы болушууда.
Бул ооруга эл өзгөчө жаман мамиле жасайт. Анткени бул белгилүү катмардагы адамдардын оорусу деп түшүнүп алышкан.

Беш жылдан бери митингге чыкпаганы – ата-энелер психологиялык жактан жабыркап, ачыкка чыккандан уялып жүрүшкөн. Бирок алардын чыдамы түгөндү. “Үнүбүздү угузалы, колун кесип алгандар деле митингге чыгып жатат” деп, ушундай кадамга барышты. Анткени алар мамлекеттик кызматкерлер тарабынан жабыркап жатышат. Балдарынын ден соолугуна, тагдырына залакасы тийди. Ал эми ошол жугузган дарыгерлер дагы эле өз ордуларында иштеп жүрүшөт.

“Азаттык”: Ушул убакытка чейин тиешелүү мекемелерге же өкмөткө кайрылып көрүштү беле? Балким митингге чыкпай эле чечип алса болот беле?

Галиева: Бир топ жолу тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Биздин коомдук фонд аркылуу премьер-министрге кат жолдогонбуз. Натыйжа чыккан жок. Акыры түңүлүп, токтотуп деле койдук. Бүгүн (12-сентябрда) мен акыйкатчы Турсунбек Акунга кирдим. Ал киши бул ишти көзөмөлгө алууга сөз берди.

“Азаттык”: Дарыгерлерди жоопко тартуудан башка дагы кандай талаптарды коюп жатасыңар?

Галиева: Ата-энелер “балдарыбыздын ден соолугуна зыян келтирген үчүн материалдык жана моралдык компенсация катары жер, же үй берсин” деп талап кылышууда. Ошто жаңы үйлөр салынып жатпайбы, ошолордон жабырлануучулар катары берип коюшса жакшы болмок. Гезиттердин бири аркылуу Ибрагим Жунусовго суроо жолдосок, ал “булар социалдык жактан жабыркаган оор абалдагыларга кирет” деп айтыптыр. Ошол абалга мамлекет алып келбедиби.
Балдарынын ден соолугуна, тагдырына залакасы тийди. Ал эми ошол жугузган дарыгерлер дагы эле өз ордуларында иштеп жүрүшөт.

“Азаттык”: Постсоветтик өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда ВИЧти жуктуруп алгандарга мамиле начар деп айтылат эмеспи. Батыш өлкөлөрүндө андай балдар кадимкидей эле мектепке, бала бакчаларга барышат экен, аларды теңтуштары чанбай эле аралашып окуп, ойноп жүрө беришет. Кыргызстанда деле түшүндүрүү иштери жүрсө деле ВИЧ же СПИД деген сөздү укканда жаа бою качабыз го...

Галиева: Бул ооруга эл өзгөчө жаман мамиле жасайт. Анткени бул белгилүү катмардагы адамдардын оорусу деп түшүнүп алышкан. Жабыркаган ата-энелердин балдары ушул оорудан улам ажырашып кетишкен. Өзгөчө аталар баланы багуу жоопкерчилигинен качып, жугат деп кетип калышкан.

Ошондой эле балдарды бала бакчаларга албай койгон бир-эки окуя болду. Балдарыбызга жугуп калат деген мамиле бар. Коом бул ооруга даяр эмес. Жетиштүү маалымат болбогону үчүн ушундай мамиле жасалып жатат.

"Азаттыктын" архивинен: Үмүт шамы

Мындан үч жыл илгери Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунда ооруканадан кишинин имун-таңкыстык вирусун (ВИЧ) жуктуруп алган ымыркай балдардын алды учурда беш жашка, арты үч жашка чыгып калды.