Акыр-чикирлер экологиялык талаптар боюнча жана санитардык-эпидемиологиялык жааттан алып караганда, калк жашаган аймактан жок дегенде миң метрден алыс аралыкта жайгашышы керек.
Токтогул шаарынын таштанды төгүүчү полигону 200 метр аралыкта жайгашкан. Бул өз кезегинде жашоочулардын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизерин “Азаттыкка” Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын аймактык башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Авазбек Кудайбердиев билдирди:
- Бул полигондо саркынды суулар айылды каптабаганы менен шамалдын багыты дайым тоо тараптан, батыштан согуп турат. Өрттөлгөн таштандылардан чыккан уулуу заттар күнү-түнү шаарды каптап жатат. Өзгөчө жайында өчүрүүгө да мүмкүн болбогон тиричилик жана өндүрүш калдыктары көбөйүп кетет. Мындан улам шаардын мэриясы бул полигонду тезинен башка жайга токтоосуз көчүрүшү шарт.
Токтогул шаарынын таштанды полигону шаар тургундарына гана эмес, суу сактагычка да жакын жайгашкан. Ушундай экологиялык талаптар аткарылбагандыктан шаардык мэрияга мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы тарабынан 490 миң сомдук доо коюлуп, сотко жиберилген. Ошондон кийин гана таштанды төгүүчү жайдын тегерек чети зым менен тосулуп, бир аз иштер жүргүзүлгөн.
Ал эми башка жайга көчүү маселеси чиеленип, айыл башчылары жер бөлүп берүүдө ар кандай түшүнбөстүктөр жаралып жатканын Токтогул шаарынын "Тазалык" ишканасынын жетекчиси Аскар Нарынбаев билдирди.
- Бизге мурда бөлүнгөн жер ушул аймак болуп калгандыктан баары бир ушул жерде иш алып барууга туура келип жатат. Шаарда 16 миң жашоочу, төрт миң үйгө жакын кожолук бар. Үч жылдан бери Жаңы-Жол айыл өкмөтүнөн ар кандай жол менен тиешелүү жерди ала албай келебиз. Эгер бул маселе оң жагына чечилсе, биздин ишкана аз убакыттын ичинде эле өздөштүрүп алмакпыз.
Токтогул шаарындагы коркунуч жараткан дагы бир чоң көйгөйдүн бири - шаар тургундары колдонгон саркынды сууларын тазалоочу жайы болуп эсептелет. Колдонуудан чыккан жараксыз суулар тазаланмак турсун кайра иштетүүгө жетпей жерге сиңип жок болууда. Азыр саркындыларды тазалоочу имараттан эч нерсе жок, таланып-тонолгондон кийин бир-эки кепе калган.
1990-жылдары шаар алдынан агып келүүчү саркынды суулардын түтүктөрүн борбордун тургундары менен жакынкы айылдын жашоочулары ташып кетишкен. Мындай көрүнүш экологияга терс таасирин тийгизип, өз учурунда тазаланбаган саркынды-заң аралаш суулар сугат аянттарына тарап, ал ар кандай ооруларды көбөйтүшү мүмкүн деп экологдор коңгуроо кагышууда.
Токтогул шаарындагы экологиялык коопсуздук боюнча башкы инспектор Болотбек Жапаров буларды айтты:
- Бул жайга жеткен саркынды-заң суулар хлордук аралашмалардан, механикалык жана биологиялык тазалоолордон караманча өтпөйт. Буга чейин иштеп келген мекеме азыр орду түбү менен жок, аны Советтер Союзу ыдырай баштаган доордун менчиктештирүү учурларында талап-тоноп кетишкен. Токтогул шаарынын коммуналдык чарбасы жоюлуп кеткендигине байланыштуу абал азыр мына ушундай оор бойдон кала берүүдө.
Токтогул шаарынын таштандыларды төгүүчү полигону башка жайга көчүрүлүп, саркынды сууларын механикалык, биологиялык тазалоолордон өткөрүү боюнча өкмөт кандай чечим кабыл алып, анын ишке ашуу механизми кандай жүргүзүлөрү белгисиз. Учурдагы экологиялык абал Токтогул шаарынын гана айланасында эмес, суу сактагычка да коркунуч жаратууда.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.