Милициянын маалыматы
Чүйдүн Москва районундагы Беловодское айылындагы кандуу окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү, таңга жуук болгон. Беткапчан кишилер жергиликтүү тургундун үйүнө кирип барып, үй ээсин оор жарадар кылып, анын 69 жаштагы жубайын жана 45 жаштагы кызын атып өлтүрүшкөн. Алар үйдөгүлөрдүн болжол менен 120 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын алып кетишкен. Ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери бул кылмыш боюнча шектүү үч кишини колго түшүргөн.
"Окуя боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде иш козголду. Кылмыш боюнча шектүү катары Аламүдүн районунун 19, 20 жана 23 жаштагы үч тургуну кармалды. Алар каракчылык менен алып кеткен акча, алтын, аткан куралы жана айдап келген автомашинасы да табылды. Учурда тергөө иштери уланып жатат", деп айтылат Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя катталган үйдө эки жаштагы ымыркай да болгон, бирок катылгандар ага тийген эмес. Ал эми бет-жаагынан оор жаракат алган үйдүн кожоюну алгач аймактык ооруканага жеткирилип, учурда Бишкекте дарыланууда.
Буга чейинки карактоо окуялары
Мунун алдында, тагыраагы 28-декабрга караган түнү Чүй облусунун Токмок шаарында да ушул сыяктуу кылмыш катталган. Анда да белгисиз жарандар менчик турак жайды каракташ үчүн кирип, үйдө жашаган 22 жана 24 жаштагы тургундарды темир менен сабап өлтүрүп кетишкен. Алардын кол салуусунан дагы бир аял жана келин жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Бастырып киргендер үйдөн акча жана алтын-зер буюмдарын алып кеткени аныкталган, шектүүлөр кармала элек.
Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү киши кармалды
Улан Саляновдун өлүмү боюнча шектүү киши кармалды
“Ата Мекен” партиясынын депутаты Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмүнө шектүү адам кармалды. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы аны үйүнөн атып өлтүрүүгө "карактоо" жана "акчага байланыштуу" негиздер себеп болгонун билдирди. Ошондой эле милиция кылмышкердин башка шериктери изделип жатканынжарыялады.
Ушуга окшош эле факты ноябрда Бишкек шаарында да болуп, анда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өз үйүнөн белгисиз жарандар атып кетишкен. Милиция Саляновду өлтүрүү боюнча шектүү жаран кармалганын, ал карактоо максатында үйгө киргенин билдирген. Бирок депутат Аида Салянова бул версия күмөн жаратаарын айтып келет.
Милицияга ташталган "чакырык"
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов менчик үйлөргө удаа-удаа кол салууну күч кызматтарына чакырык катары баалады:
- Чынын айтайын, бул нерселер кылмышкерлердин укук коргоо органдарына "чакырык" таштап жатканы. Тынчтык өкүм сүргөн, туруктуу деген мамлекетте ушинтип үйүңө кирип келип, атып кетип калат деген эмне? Биз эмне, жарандык согуш жүрүп жаткан Иракта же Сирияда жашап жатабызбы? Же мыйзамдар иштебеген Африканын бир өлкөсүндөбүзбү? Укуктук, мыйзам сакталган өлкөдө мындай кылмыштар болбошу керек. Күч кызматтары бул кылмыштарды тезирээк иликтеп чыгып, күнөөкөрлөрдү жазалашы зарыл. Экинчиден, ушундай кылмыштардын алдын алыш үчүн коопсуздук чараларын күчөтүш керек.
Бирок катар-катар катталган бул окуялар айрым тургундарды кадимкидей чочулатты.
Социалдык тармактарда колдонуучулар “өз үйүңдө да коопсуздукка кепилдик жок" экенин жазышса, кээ бирлери “өзүңдү өзүң гана коргош керек болуп калгандыгын” белгилешет. Тургундардын бири Адылбек Батыралиев мындай дейт:
- Таптакыр эле коркуп жатып калган жокпуз дечи, бирок кабатырлануу күчөдү. “Менин да үйүмө кылмышкерлер курал менен кирип келбейт?” деп ким кепилдик бере алат? Милиция деле, башка органдар деле кепилдик бере албайт турбайбы. Ошон үчүн ушул шартта өзүңө өзүң кам көрбөсөң, башка бирөө коргошуна ишенүү кыйын болуп калды. Эми өзүңдү коргош үчүн үйгө чоң акча кармабаш керек, короого чоң ит багыш керек. Эшик-эликти бышыгыраак бекемдеп, сак-сактап жашайт окшойбуз.
Кылмышкерден коргонуунун ыкмалары
Ошол эле кезде коопсуздук боюнча адистер жарандардын өз коопсуздугун камсыз кылыш үчүн жеке турак жайларга жана ишканаларга видеобайкоо орнотууну оң көрүшөт. Ушул багытта иштеген Бишкектеги “Дельта” фирмасынын өкүлү Кантемир Тагаев мындай дейт:
Карактоо же башка максат үчүн үйгө кирген кээ бир адамдар камераны көрүп, ал ишке барбай коюшу мүмкүн.
- Үйгө видеобайкоо орнотуу сиздин коопсуздугуңузду 100% камсыздайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Бирок камераларды коюу кылмыштарды алдын алат. Карактоо же башка максат үчүн үйгө кирген кээ бир адамдар камераны көрүп, ал ишке барбай коюшу мүмкүн. Барган учурда деле ал видеого тартылып калат, кылмышкерлерди табууга жардам болот. Бизге негизинен өздөрүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан чочулаган жарандар көп кайрылышат жана үйлөрүнө камера койдурушат. Тилекке каршы, көбү кандайдыр окуя катталгандан кийин гана бизге келишет.
“Дельта” компаниясынын өкүлү жылына видео байкоо орноткондордун санын айткысы келбегени менен, алардын 20-25% жеке үйлөр экенин билдирди. Калганы мамлекеттик жана жеке кеңселерге коюлат.
Адистердин айтымында, жасалган кылмыштардан улам үйлөрүнө сигнализация койдургандар да арбый баштаган.