Социалдык коргоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда майыптыгы боюнча расмий каттоодо турган 160 миңден ашык жаран бар. Бул макалалар топтомунда алардын күндөлүк жашоо-тиричилигинин айрым өңүттөрү тууралуу сөз болот.

Биринчи топтогу майып Раяна Болотбекова үч жылдан бери 9-класстан кийин билим алалбай келет. Буга анын сабакты үзгүлтүккө учуратты деген негиз менен мектептен чыгып калышы себеп болгон. Маселенин чоо-жайы тууралуу Нарындагы кабарчыбыз Мирлан Кадыров айтып берет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Билимден өксүгөн Раяна

Жалал-Абадда тубаса кемтик төрөлгөн балдардын саламаттыгына толук кандуу көз салууга облустук ооруканаларда түзүлгөн шарт жетишсиз. Акыркы кездери майып төрөлгөн балдардын көбөйүп жатышы түйшүктү андан бетер көбөйтүүдө. Бул тууралуу облустагы кабарчыбыз Руслан Калматовдун баяны.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Жалал-Абадда майыптарга камкордук жетишсиз

Көпчүлүгү пенсия менен жан сактаган майыптардын күндөлүк тиричилиги шатыра-шатман деп эч ким айта албайт. Алардын бири, Ош шаарынын азиз тургуну Айымсат Мусаеванын бир күндүк жашоосу менен Оштогу кабарчыбыз Эрнист Нурматов таанышып кайткан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Майыптын бир күнү

Автоунаа айдагысы келген майыптардын каалоолору тоскоолдуксуз ишке ашып жатабы? Мамлекет майып айдоочуларга кандай жардам бере алат? Маселенин бул өңүтүн Ысык-Көлдөн аймактык кабарчыбыз Мария Колесникова сураштырды.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Тагдырдын сыноосуна моюн сунбаган таксист

Дүйнөдө 650 миллиондон ашуун жумушка жарамдуу адамдын мүмкүнчүлүгү чектелген. Алардын 20 проценти эӊ жакыр өлкөлөрдө укуктары корголбой жашап келишет. Глобалдык статистика майыптык барган сайын көбөйүп баратканын көргөзүүдө. Британияда жашаган майып адам менен Индияда жашаган майыптын жашоосунда эмне айырмачылык бар? Дүйнөдөгү майыптардын укугу, камсыз болуусу жана аларды багуудагы жаңычылдыктарга Бактыгүл Чыныбаева кайрылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Британия менен Индиядагы майыптын айырмасы кандай?

Кыргызстанда майыптарга кам көрүү жана укуктарын коргоо жаатында көптөгөн мыйзамдар бар, бирок алар толук иштебейт. Муну укук коргоочулар майыптардын, айрыкча билим алууда, дары-дармек менен камсыз болууда, жумуш табууда, турак жай жана башка маселелерди чечүүдө жолуккан турмуштук көрүнүштөр менен негиздешет. Кабарчыбыз Зайырбек Ажыматов маселенин ушул өңүтүнө көз салып көрдү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мамлекет жана коом майыптарды жерибесе...