Чылым кумары сүрөттөн коркпойт

Кыргызстанда сатылган тамекинин кутусунда ушундай сүрөттөр бар.

Кыргызстанда чылым чегүүгө каршы ар кандай аракеттерге карабай, тамеки тарткандар азая элек. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 18 жашка толгон жарандардын 30% тамеки чегет.

2016-жылкы өкмөт токтомуна ылайык, Кыргызстанда сатыла турган тамеки кутучасында сөзсүз болушу керек деген он эки сүрөт бекитилген. Анда чылым чегүү өпкө рагына, тукумсуздукка, инфарктка, инсультка себеп болору жазылган.

Кыргызстанда учурда тамекинин кутусунан тиши түшүп калган же буту шишип кеткен кишилерди көрүүгө болот. Саламаттык сактоо министрлиги мындай ыкма чылым азгырыгын ооздуктоого жардам берет деп эсептейт.

31-май - Тамеки тартуудан баш тартуунун бүткүл дүйнөлүк күнү

65 жаштагы Асанбек аттуу шаар тургуну ушул мезгилге чейин чылымдын кутусундагы жазуусу, сүрөт нечен ирет өзгөргөнүн көргөн.

Ал жашы өткөн сайын кышылдап өпкөсү ооругандыктан тамекини таштоого көп эле жолу аракет кылган айтты. Бирок эч кандай ыкма жардам берген эмес.

- Ар кандай сүрөт, жазуулар жүрөт. Эми аларга деле эч ким көңүл бурбайт. Көнүп алган киши тарта берет экен. Мен жумуштан чарчаганда, нерв болуп кеткен учурларда тартам. Тамеки менен өзүмдү алаксытам.

Асанбек никотинге көз каранды адамга тамеки кутусундагы жазуу эмес, сүрөттөр деле маанилүү эмес деген пикирде.

Тамекини таштагандардын көбү насыбайга өтүп кеткенин изилдөөлөр көргөзгөн.

Бишкектин айрым тургундарына чылым кутусундагы сүрөттөр кандай таасир этет деген суроо менен микрофон сундук:

Алардын көбү тамекинин тышындагы тирукмуш сүрөттү күндө көрө берген киши коркпой каларын, чылымды токтотууга башкача иш-аракеттер зарылдыгын айтышты.

Анткен менен Кардиология жана терапия борборунун пульмонология бөлүмүн статистикасына караганда, эки жылдан бери тамекиден баш тарткандардын азайганы байкалган эмес.

Бирок пульмонолог-дарыгер Бермет Естебесованын айтымында, жагымсыз сүрөттөр адамдарга көп жылдардан кийин таасир этет.

- Алардын таасири убакыттын өтүшү менен билинет. Эми биз азыр статистикага таянып айтып жатабыз. "Ошол кезге чейин канча киши чеккен, эми канча киши болду" деп. Эми ал сүрөттөрдүн көлөмүн чоңойтуу керек. Башка өлкөлөрдө андай сүрөттөр кутунун 40 эмес, 60% ээлейт.

Республикалык саламаттыкты чыңдоо борборунун чылым чегүүгө каршы күрөшүү боюнча координатору Чынара Бекбасарова да эки жылдан берки тамеки кутусундагы жагымсыз сүрөттөр жарандарга оң таасир эткенине ишенет.

Бул борбордун 2016-жылы чыккан изилдөөсүнө караганда, 2014-жылга салыштырмалуу 24 жаштан 65 жашка чейинки чылым чеккендер сегиз пайызга төмөндөгөн. Бирок тамекини таштагандардын бир канча пайызы насыбайга өтүп кеткен.

Бекбасарова чылым кутусундагы жагымсыз сүрөттөр менен кошо телефон номурлар көрсөтүлгөнүн жана ага чалгандар көбөйүп, тамекинин зыяндуулугуна кызыккандар арбып жатканын айтты. Эки жылдан бери телефон чалгандардын 34% тамекини таштарын айтты.

- Бул тамеки кутусундагы сүрөттөрдүн таасири жакшы. Бул боюнча далай изилдөө өткөрүлгөн. Ошол сүрөттөрдөн кийин чалгандар көбөйүп, "ушундай болуп каламбы, тамеки таштайын деп жатам" дешет. Сүрөттөрдү көбөйтүп, тамекинин зыяндуулугу боюнча маалымат берип турушубуз керек.

"Ошол сүрөттөрдөн кийин чалгандар көбөйүп, "ушундай болуп каламбы, тамеки таштайын деп жатам" дешет".

Дүйнө жүзү боюнча жылына 6 миллионго жакын адам тамекинин кесепетинен жарык менен кош айтышарын Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иликтеп чыккан.

Кыргызстанда соңку жылдары 25 жаштан 50 жашка чейинки эркектер арасында чылым чегүү азайганы менен, ушул эле жаштагы аялдардын арасында тамеки тарткандар көбөйгөнүн иликтөөлөр көрсөткөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.