Тажикстандагы ысым ыйгаруу тартиби
Интерфакс тажик бийлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга ат коюуну көзөмөлдөй баштады деп жазды. Өлкөнүн Маданият министрлиги “Улуттук ысымдар реестри” деген көрсөтмө басып чыгарып, ага жаңы төрөлгөндөргө өкмөт туура көргөн 3 миңден ашуун ысым киргизилген.
Министрлик мындай чара улуттук маданий жана тарыхый баалуулуктарды сактоо үчүн колдонулуп жатканын билдирген.
Тажикстанда адамдын аты-жөнүн тартипке салуу боюнча мыйзамды өзгөртүү былтыр мартта кабыл алынган. Эми тажик жарандарынын фамилиясы атасынын атына --и, -зод, -зода, -он, -ён, -йен, -ёр, -ниё, -фар мүчөлөрүн улаштыруу менен берилмекчи. Ал эми ымыркайларга тажиктердин улуттук маданиятына жат ысым берүүгө тыюу киргизилген.
Ошондой эле ысымга "мулло", "халифа", "тура", "ходжа", "худжа", "шайх", "вали", "охун", "амир", "суфи" сыяктуу мүчөлөрдү улаштырууга бөгөт коюлган. Буларды жаңы төрөлгөн балдарга күбөлүк берүүдө мамлекеттик мекемелер көзөмөлгө алмакчы.
Кыргыз-өзбек алакасына баа
Регнум Кыргызстан Өзбекстан колдонуп келген 21 мекемени өкмөткө кайтарып алды деп кабарлайт. Кыргыз өкмөтү Казакстан жана Кытай менен чек арадагы талаш жерлерди чечишип бүткөнү айтылат. Ал эми Өзбекстан жана Тажикстан ортосундагы мындай иштер дале аягына чыкпай турганы белгиленет. Кыргыз-тажик чек арасында 970 километр жердин 451 километри, ал эми кыргыз-өзбек чек арасындагы 1379 километрдин 325 километри талашта турганы баяндалат. Акыркы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргызстан мурда Өзбекстан колдонуп келген 21 объектини кайтарып алганы да кошумчаланат. Бул чек арадагы талаштуу жерлердин жашоочулары арасында чыккан жаңжалдар эки тараптын сүйлөшүүлөрү менен токтотулуп жатканы, бирок ар бир тарап өз позициясын бербей турганы баяндалат.
Казакстан сакалга тыюу салууну көздөдү
EurAsia Daily басылмасы "Казакстандын парламенти чүмбөттөнүп кийингендерге карата мыйзамды күздө карайт" деп жазат. Президент Нурсултан Назарбаев мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушууда жарандардын сакал коюп, кыска шым кийип, кыз-келиндердин чүмкөнүп жүргөнү казак салтына жана элине жат экенин белгилеп, буга мыйзам чегинде тыюу салууну сунуштаган.
Диний иштер боюнча парламенттик комитеттин жетекчиси Бакытжан Кулекеев мындай мыйзам долбоор октябрь айында парламентке сунушталарын билдирген. Назарбаев айткан чектөөлөрдү кабыл алуу үчүн эл аралык тажрыйбаны жана мамлекеттик мыйзамдарды изилдеп, адам укуктарын жана эркиндиктерин бузбаган чечим кабыл алуу керектигин белгилеген. Ошондой эле бул маселе боюнча коомдук пикирди аныктоо үчүн керектиги айтылган.
“Тамеки тартпаган өлкө”
"Парламентская газета" "Түркмөнстан өлкөдө чылым чегүүгө тыюу салуу аракеттерин күчөтүүдө" деп жазат. Гурбангулы Бердымухамедов 2025-жылга чейин Түркмөнстанды “тамеки тартпаган өлкөгө” айлантууга бел байлаган. Бардык мамлекеттик мекемелерге чылым чегүүгө каршы улуттук программаны ишке ашыруу боюнча тапшырмалар жүктөлгөн.
Макалада бул өлкөдө тамеки менен күрөшүү төрт жыл мурун башталганы айтылат. Анда коомдук жайларда чылым чегүүгө тыюу салынган, кийин тамекиге каршы мыйзамы кабыл алынып, бир куту чылымдын акысы 8-12 долларга чейин кымбаттап кеткени, мыйзамсыз сатууга ири суммадагы айып пул киргизилгени белгиленет. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Түркмөнстанды азыртадан эле эң аз чылым чеккен өлкө катары сүрөттөп келет.