Бишкек жакын арада ыштан арылбайт

Кара түтүнгө чулганган Бишкек шаары

Бишкек шаарынын ышка чулганып жатышы коомдун кызуу талкуусуна алынды. Мэрия организми сезгич адамдарга бет кап кийип жүрүүнү сунуш кылды.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги орноткон «Airnow» жабдуусунун маалыматы боюнча, Бишкек дүйнөдөгү абасы эң булганыч шаарлардын бири деп табылды.

«Move Green»​ экологиялык кыймылы 2017-жылдан бери Бишкек шаарынын абасынын сапатын көзөмөлдөп турат. Бул үчүн алар шаардын ар кайсы жерине он чакты билдиргич (датчик) орнотушкан. Анын көрсөткүчүн Интернет аркылуу ар бир киши көрө алат.

Мария Колесникова

«Move Green»​ кыймылынын жетекчиси Мария Колесникова Бишкектин айрым райондорунда абал кооптуу экени аныкталганын белгиледи.

- Биз азырынча мындай маалымат берген жалгыз булак болуп жатабыз. Бирок биз жөн гана маалымат берип туралы деген оюбуз жок. Муну мамлекеттик органдар көйгөй катары кабыл алышы керек.

Адатта индекс (абадагы булганыч заттардын көлөмү - ред.) нөлдөн 500гө чейин көбөйүп-азайып турат. Көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир болгонун билдирет. Мэрия учурда Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин экенин кабарлады. Ушундан улам мэрия «мүмкүн болсо үйдө аба тазалагычтарды колдонуп, терезелерди көп ачпаганга аракет кылгыла» деп маалымат таратты.

Кара түтүнгө машинелердин кыймылдаткычы бөлүп чыккан газ жана кышында көмүрдүн көп жагылышы себеп болууда.

Мэриянын маалыматына ылайык, айрым тургундар үйүн жылытыш үчүн цехтен чыккан кездеменин өөндөрүн, желим буюмдарды жагышат. Мунун баары абанын булганышына алып келүүдө.

Ал арада социалдык тармактын айрым колдонуучулары 4-декабрда тургундарды автоунаа айдап чыкпоого чакырышты. Алар муну менен Бишкекти каптаган түтүндүн көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурууну көздөшүүдө.

Дагы караңыз Таза аба үчүн соттошкон алматылык активист

Мындан тышкары Бишкектеги Жылуулук электр борборунан (ЖЭБ) чыккан оргуштаган ыш абанын булганышына салым кошуп жатат деген пикирлер да аз эмес.

«Электр станциялары» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиеванын жообу мындай болду:

- Бишкек ЖЭБине жеткирилип жаткан бардык көмүр талапка толугу менен жооп берет. Эл аралык аккредитациясы бар лабораторияда текшерүүдөн өтөт. Ар бир от казан агрегатында жогорку сапаты менен айырмаланган электр чыпкасы (фильтр) турат. Бизде булгоочу заттарды 90 пайызга чейин кармап калуучу беш баскычтуу чыпкалоо тутуму бар. Көмүрдү түшүрүп, же жүктөп жаткан маалда көмүрдүн чаңдашын кыйла азайтуучу телескопикалык түзүлүштү колдонобуз.

Сапатсыз бензин жана көк түтүн

Кыргызстандагы машинелер жыл сайын дээрлик 1,5 млн. тонна күйүүчү май керектейт. Майдын басымдуу бөлүгү Орусиядан ташылып келет. Бензиндин сапатына бензол, спирт, октан, көмүрсуутек, күкүрт, суу, сыяктуу бир канча заттар таасирин тийгизет. Мунун баары иштетилип, абага түтүн болуп тараганда ал адамдын ден соолугуна канчалык зыяндуу болору - бул өзүнчө бир көйгөйлүү маселе. Кыргызстанда азыр бул таасирди иликтеп, изилдеген бир да лаборатория жок.

Эксперт Максат Мамытканов өкмөттүн «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» токтому сапатсыз бензиндин ташылышына жол ачып жатканын айтты:

- "Бизнеске жеңилдик киргизебиз, шарт түзүп беребиз" деп өкмөт текшерүүлөрдү токтотуп койгон. Ошол мораторий иштеп жатат. Эми ал мораторий кандай жыйынтык берип жатканын көрүп турабыз. Сапаты төмөн күйүүчү май бизге каяктан келип жатат? Аны ким сатып, ким өндүрүп, пайдасын ким көрдү? Азыр бул суроолорго жооп берген киши жок. Азыр тонналаган бензин сатылып жатат, анын акчасы биздин ден соолугубузга пайдасын тийгизип жатабы же зыянынбы? Кеп ошондо.

Дагы караңыз Кытайдын зыяндуу газдары Ала-Тоого жетет

Мамлекеттик экотехинспекциясынын жетекчиси Максат Өмүров абаны булгаган аракеттерге барган тараптарга карата бир катар чара көрүлгөнүн айтты. Мунун негизинде 2019-жылдын башынан бери жеке жана юридикалык жактарга 1 млн. сомдон ашык айып пул салынган экен.

- Шаардагы коомдук транспортторду текшерүүгө алдык. Жыйынтыгында алардан чыккан зыяндын көлөмү өлчөнүп, айып салынды. Эми алар тетиктерин оңдоп, жөнгө салмайын жумушка чыкпайт. Учурда ушул сыяктуу колубуздан келген иштерди жасап жатабыз.

Бишкектеги кара түтүндүн көлөмүн азайтуу боюнча өмөттүн иш планы 2018-жылы иштелип чыккан. Мунун негизинде шаардын четиндеги жаңы конуштарга газ жеткирүү менен жеке турак үйлөрдүн көмүр жагуусун азайтуу маселеси каралып жаткан экен.

Батырбек Сейкиев

Айлана-чөйрөнү коргоо департаментинин экологиялык экспертиза бөлүмүнүн башчысы Батырбек Сейкиев абаны тазартуу максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу буларды айтып берди:

- Көмүр жаккан жеке секторлорду газ колдонууга өткөрүү аракети болуп жатат. Бул Бишкек шаардык мэриясы жана "Газпром" компаниясы менен чогуу ишке ашырылууда. Акырындык менен газ жаңы конуштарга жеткирилет. Муну менен биз элдин көмүр колдонуу зарылчылыгын кыскартабыз.

Өкмөт “мындай аракеттер болуп жатат” деп жаткан чакта бишкектиктердин арасында өпкө оорулары күч алды. Маселен, акыркы он жылда Бишкек шаарында дем алуу органдары жана кан айлануу системасынан жабыркагандар 55% көбөйгөн. Дарыгерлер бул илдеттер абанын булганышынан улам өсүп жатканын айтып эле келе жатышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин илимий-өндүрүштүк бирикмесинин жетекчиси Омор Касымов өкмөт бул көрсөткүчкө убагында маани бериши керек деп эсептейт.

- Дем алуу органдарындагы кан айлануу системасынан жабыркагандардын саны жагынан ар бир 100 миң адамга 55 киши туура келет, - деди ал. - Бул аныкталган эле фактылар. Билбей, дарыгерлерге көрүнбөй жүргөндөрү канча? Биз бул жыйынтык менен эле, абанын булганышы адамдарга кандай таасир этип жатканын билип алсак болот.

Бишкекти кара ыш каптаганы Жогорку Кеңеште да талкууга алынган. Ал эми экс-спикер Чыныбай Турсунбековдун “Көк түтүн” аттуу ыр саптары эч ичинде азыркыга чейин шакаба катары айтылып жүрөт.

"Азаттыктын" архиви: "Ышталган Бишкек". Уланбек Эгизбаевдин иликтөөсү. 24-январь, 2018-жыл.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ышталган Бишкек

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​