15-мартта Бишкекте “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму Сириядагы кыйноолорго жана бейкүнөө адамдардын өлүмүнө каршы акция өткөрдү.
Ушул тапта Кыргызстанда болжол менен 200дүн тегерегинде Сириянын жараны бар. Алар негизинен жеке ишкерлер жана студенттер. Кезинде Сириянын азыркы президенти Башар Асаддын атасы, мурдагы президент Хафез Асад да Кыргызстанда окуп кеткени айтылып жүрөт.
Ошол эле кезде Сирияда жашаган кыргызстандыктар жок эмес. Өткөн айда эле эки жылдан ашык убакыттан бери жарандык согуш жүрүп жаткан бул өлкөдөн Кыргызстандын бир жараны үй-бүлөсү менен качып келди.
Ок-дары жыттанган күндөр
Кыргызстандын жараны Ольга Ладанова жарандык согуш жүрүп жаткан Сириядан өткөн айда жолдошу жана эки баласы менен Кыргызстанга кайтып келди. Ал Сириядан Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жардамы менен чыгарылган.
Анын жолдошу Мохаммед Зинзан Ольга менен 2000-жылдардын башында келишим боюнча Кыргызстанга иштегени келгенде таанышып, 2003-жылы мекенине алып кеткен. Алар борбор калаа Дамаскта жашап, эки уулдуу болушкан. Ольга жана анын жолдошу ок-дары жыттанган күндөр алыс калганына кубанат. Алар Кыргызстанга Ольганын апасынын үйүнө турушат.
- Бул жашоо эмес. Таңы саат бештен тарта аткылоо башталат. Биз жолдошумдун байкесинин үйүндө жашадык. Ал эми үйдүн жанында, жолдун ар жагында туруп алып, танктар аткылашат. Сиз ушуну элестете аласызбы? Балдарынын курсагын тойгузуп, нан алыш үчүн эл бирин-бири өлтүрүп жатат. Нан үчүн узун-узун кезектер турат. Ал эми мамлекеттик армия болсо, бул эл пикетке чогулган деп, бомба ташташат. Анткени нан ал жакта алтынга барабар. Бул жашоо эмес...
Былтыр декабрда да катуу согуш жүрүп жаткан Алеппо шаарынан Түркия аркылуу Кыргызстандын дагы бир жараны үй-бүлөсү менен Бишкекке келген болчу. Анткени Кыргызстан менен Сириянын түз дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жок.
Хафез Асад Кыргызстанда окуганбы?
Жеке адамдардан тышкары, Кыргызстан менен Сирияны байланыштырган маанилүү окуялар да жок эмес. Кыргызстандык араб таануучу, отставкадагы полковник жана Бишкек гуманитардык университетинин профессору Алимжан Таңырыковдун айтымында, союз мезгилинде “СССР-Сирия” достук келишими болгон. Анын негизинде эки тараптуу бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.
Ошондой эле Таңырыков азыркы президент Башар Асаддын атасы, мурдагы президент Хафез Асад Кыргызстанда жана Казакстанда окуп кеткенин белгиледи.
- 1957-59-жылдары Хафез Асад Луговойдо (Казакстан) окуган. Бирок Луговойдогу, Канттагы жана Токмоктогу авиациялык базалардын баары азыр Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан башкы мекемеге баш ийчү.
Алимжан Таңырыков Сирияда 5 жыл иштеген. Ал Хафез Асад коргоо министри болуп турганда аны менен күн сайын жолугушуп, бирге иштеп калганын эскерди. Ошол кезде азыркы президент Башар Асадды да көргөн экен.
- Мен Сирияда жүргөндө 1967-жылы согуш башталган. Ошол араб-израил согушунан кийин Хафез Асад коргоо министри болуп дайындалган. Мен анын өзү менен иштегем. Азыркы президент анда кичинекей бала болчу. Коргоо министрлигине келип калганда бир-эки жолу көргөм.
Профессор Таңырыков алгач Сириядагы элдик толкундоолорго социалдык абал негиз болду деген ойдо. Бирок анын арты чоң оюнга айланып кетти деп эсептейт.
- Сирияда элдик нааразычылык абдан күчтүү. Булар да биз кетирген эле каталарды кетирип жатат. Биз кетирген катаны Тунис, Ливия, Египет жана Сирия да кетирди.
Кыргызстанда 200дөй сириялык бар
Ал эми 2007-жылы да Бишкекте жеке адамдардын демилгеси менен “Кыргызстан-Сирия” достук борбору ачылып, бирок кийин иштебей токтоп калган. Борбор алгач түзүлгөндө аны Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Табылды Орозалиев жетектеген. Анын айтымында, Кыргызстанда 200дүн тегерегинде Сириянын жараны бар.
- Алар ар кандай иштерде жүрүшөт. Соода-сатыкта жүргөндөрү, чайкана ачып алгандары да бар. Мурдатан эле, мисалы, 1995-жылдардан бери жүргөндөрү да бар экен. Айрымдары үйлөнүп, балдары да чоңоюп калган болчу.
Кыргызстандан Бишкектеги Медициналык академияда окуган сириялык студенттерди кезиктирүүгө болот. Мындан тышкары келишим аркылуу жогорку окуу жайларда эмгектенген мугалимдер да бар. Алардын айрымдары менен байланышканыбызда Сирия, Кыргызстан, өздөрүнүн турмушу тууралуу сүйлөп берүүнү каалашпады.