«Жибек жолунда» Кыргызстандын күнү белгиленди

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

12-апрелде «Жибек жолу» интерактивдүү көргөзмөсүндө Кыргызстандын күнү белгиленип, тарыхы, маданияты, каада-салты жана тамак-ашы тууралуу маалыматтар берилди. Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм сүрөт музейинде өткөн иш-чарага окуучулар, ата-энелер менен балдар катышты. Ондон ашык мамлекеттер өз маданиятын тааныткан көргөзмө 28-апрелге чейин уланат.