Тил сөздүк: Эпос - элдик жомок болот

Иллюстрациялык сүрөт.

Бул ыр эмес, сөз үйрөтүү үчүн оюн ыкмасына салынып жасалган атайын тил сөздүк. Муну бала бакчалардын тарбиячылары, мектеп мугалимдери, кыргыз-орус тилдерине арналып өткөрүлчү ар кандай иш-чаралардын уюштуруучулары өздөрүнө колдонмо катары пайдаланса болот деген ойдобуз.

Агит деген - үгүт болот.

Апатия - күйүт болот.

Баба деген - аял болот,

Балбес деген - жаман болот.

Весть деген - кабар болот,

Ветер деген - шамал болот.

Глубокий - терең болот,

Глухой деген - керең болот.

Дагы эмнени эмне дейбиз?

Дармоедди - пенде дейбиз.

Еле, еле - араң, араң.

Ехидный - кер какшыкчыл (жаман, жаман).

Желоб деген - кобул болот.

Жеманится - чоюл болот.

Заплата - жамак болот,

Заключить - камак болот.

Источник - булак болот,

Иней деген - бубак болот.

Крепкий деген - бекем болот,

Красноречивий - чечен болот.

Лихородка - безгек болот,

Лифт деген - тезжет болот.

Мутовка деген - чалгыч болот,

Мята деген - жалбыз болот.

Обложение - салынуу,

Обиахнуться - жагынуу.

Патока - шире,

Подвода - кире.

Развинченный - шалдыраган,

Развязный - калжыраган.

Сбиться - адашуу,

Сближение - жанашуу.

Тереть - жышуу, укалоо,

Травля - ушактоо, ызалоо.

Удар - урунуу, согунуу, кулануу,

Удваиваться - көбөйүү, куралуу, улануу.

Фиктивный - калп, анткор, жалган.

Физический - ал-күч, дарман.

Хлыщ деген - көйрөң мүнөз,

Хлюпик деген - “өлгөн” мүнөз.

Цвет деген - өң, түс, ыраң,

Циник деген - бетсиз, “жылан”.

Чаша деген - чөйчөк, аяк,

Чаять деген - үмүт санак.

Шумовка бул - депкир, кепкир,

Шумиха бул - уу-чуу мезгил.

Эпос - элдик жомок болот,

Эмаль деген - боёк болот.

Юмор - күлкү, шаттык экен,

Юность деген - жаштык экен.

Ягдташ - мерген баштык болот,

Ячмень - арпа, аштык болот.

(Уландысы бар)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.