Нуска - деген араб тилинен кирген сөздүн түпкү мааниси - үлгү, мисал же ушундай адамдарды үлгү тутуп, урматтап, сыйлап, ушундай адам болууга шыктанып, пайгамбарга теңеп, аны туураганга татыктуу деген маанини түшүндүрөт.
“Акылдуунун сөзү кыска, айта салса - нуска” деген макал бар.
“Барган сайын нуска кылар карылар да калбай баратат” дейт. Үлгү кылар, мисал кылар, туу тутар карылардын калбай баратканы тууралуу айтып жаткандагысы.
“Калык менен Алымкул Токтогулдун нускасын алган акындар эле” дейт.
“Жашоого жакшы адамдардан үлгү алгыла?” дейт.
Шырдактын же сайманын жарым айга окшош оюусун “Ай нуска” деп атаган уздар.
“Чалдын көркү - нускада, тамдын көркү - устада” деген накыл сөз бар.
“Эшик ачылып коноктор киргенде, байбиче нуска көрсөттү: “Келгиле, кагылайындар!” деп дейт.
“Анын китеби 50 миң нускада жарык көрдү” дейт. “Нуска” деген сөз бул жерде китептин санын же орусча айтканда тиражын көрсөткөн түшүнүккө айланды.
Нуска сөзүнүн дагы бир мааниси - белги берүү, кайда экенин колу менен, жаңсоосу менен же ээги же көзү менен ишарат кылып көрсөтүү.
Мисалы: “Кол менен нускап көрсөттү” дейт. “Колу менен Сулайман тоо жакты карай нускады” дейт.
“Байбиче капшытта жаткан ээр-токумду ээги менен нускады” дейт.
“Ал колун батыш тарапты карай нускады” дейт.
Нускалуу деген, акылдуу, үлгүлүү, ардактуу, даражалуу деген да маанини түшүндүрөт.
Мисалы: “Нускалуу байбиче экен” дейт.
“Анын ата-теги дубандагы нускалуу адамдардан болушкан” дейт.
Кыргыздар мына ушундай нускалуу кишилерден жашоо-турмуштун эрежелерин, эл арасында өзүн кандай алып-жүрүүнүн адептерин үйрөнүшкөн.
Кыргызды эл катары башка элдерден айырмалап, сый-урматка бөлөп, үлгү кылып, алтургай сактап келген асыл дөөлөттөрүбүздүн бири да ушул нуска болгон.