Бала сатуу боюнча сот жыйыны өттү

Иллюстрациялык сүрөт.

Бир нече ымыркайды саткан деген шек менен айыпталып жаткандардын сот иштери уланууда. Айыпталган жети кишинин экөө «документ жасоо» боюнча кылмышты мойнуна алды.

5-март күнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өткөн отурумга журналисттердин катышуусуна уруксат берилгени менен видео, фото тартууга тыюу салынды.

Мамлекеттик айыптоочу Тамара Тилекеева кылмышка шектүүлөргө «Документ жасалмалоо» беренеси боюнча айыптарын окуду. Прокурордун айтымында, шектүүлөрдүн айрымдары бир нече ымыркайга мыйзамсыз документ жасап берген. Бул аракет Жазык кодексинин 350-беренесинин айрым бөлүмдөрүнө туура келет.

- Укук берген же милдеттеринен бошоткон расмий документти өзү же башка адам үчүн пайдалануу максатында колго жасоо же мындай документти сатуу, ошондой эле ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана мамлекеттин сыйлыктарын, жасалма мөөрлөрүн, бланктарын даярдоо же сатуу билип туруп жасалма документ колдонуу болуп саналат, - деди ал.

Дагы караңыз Балдарды саткан мафиянын карааны

Прокурордун сөзүнөн кийин судья Мирлан Термечиков кылмыш үчүн айыпталып жаткан Чолпон Кененбаева, Гүлнура Токтосунова, Токтобүбү Осмонова, Дамира Ниязова, Айзада Асанбаева, Элвира Чудубаева, Мурас Эсенжановага коюлган айыптары боюнча суроо берди. Алардын ичинен Дамира Ниязова жана Айзада Асанбаева экөө документ жасоо боюнча кылмышты мойнуна алды.

Сот: - Ниязова Дамира Базаровна, сизге угузулган айыптын маңызы түшүнүктүүбү? Күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?

Дамира Ниязова: - Ооба.

Сот: - Толугу мененби же жарым-жартылайбы?

Дамира Ниязова: - Ал жерде... Жарым жартылай... толугу менен деле алам.

Сот: - Толугу менен? Отуруңуз.

Сот: - Асанбаева Айзада Шейшеновна, сизге угузулган айыптын маңызы түшүнүктүүбү? Күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?

Айзада Асанбаева: Ооба.

Дагы караңыз Бала сатуу бизнеси тыйыла элек

Учурда айыпталып жаткан жети кишинин төртөө камакта, ал эми үчөөнө бөгөт чарасы катары үй камагы тандалып алынган. Сот жараянынан кийин үй камагындагы айыпталуучулар журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартышты. Ал эми камакта отурган шектүү Чолпон Кененбаеванын жактоочусу Жаманкул Жунусов буларды айтып берди:

- Биз макул эмеспиз. Ишти бурмалап, жөн эле чампалашкан. Сот калыстык менен жакшы караса, күнөөсү жок экенин аныктайбыз. Негизи бала сатуу болгон эмес. Азыр бир да жабырлануучу жок. «Баласын сатты» деген бир да киши арыз менен кайрылган эмес. Алар балким энеси менен сүйлөшүп алып эле, бирок юридикалык документтери туура эмес болуп, туулгандыгы боюнча документти жасалма кылып алышкан. Ошон үчүн жанагы аялдар мойнуна алды. Ал эми бала сатуу, акча алуу болгон эмес.

Ал эми бул иште шектүү катары өтүп жаткандардын бири Элвира Чудубаеванын жакындары «Азаттык» радиосуна кайрылып, Чудубаеванын эч кандай күнөөсү жок экенин билдирип жатышат. Алардын жүйөсү боюнча Чудубаева кайсы бир кызыкчылыгы бар топтордун айынан ак жеринен сот алдында отурат.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин кызматкери Гүлзина Бообекова «сатылып кетти» деген ымыркайлардын мыйзамдуу өкүлү катары сотко катышып жатат. Бообековадан «сатылды» деген балдардын мындан аркы келечеги жөнүндө сурадык.

Гүлзина Бообекова.

- Ошол балдардын мыйзамдуу өкүлү болуп табылгам, - деди ал. - Балдардын кызыкчылыгын коргош үчүн катышып жатам. Бирок канча бала экенин айта албайм. Анткени сот иштери жүрүп жатат, ошондо билинет. Балдардын өз ата-энеси табылбаса, эгерде азыркы багып жаткандардын күнөөсү жок деп чечилсе, асыроо маселеси каралат.

Ички иштер министрлиги буга чейин тергөө убагында алты бала башка үй-бүлөлөргө берилип кеткенин маалымдаган. Ал ымыркайлардын алды эки жашта, кичүүсү былтыр августта төрөлгөн. Милициянын маалыматына караганда ымыркайлар болжол менен 1,5-2 миң долларга бааланган.

Буга чейин 24.kg маалымат агенттиги 19-февралда өткөн сот отурумунда сүйлөгөн прокурор Асланбек Назырынбековдун айткандарына таянып, айыпталгандардын бири шарты жок «Ири Мед» жеке менчик медициналык борборунда төрөт кабыл алып, аялга баласын «өлүп калды» деп коюшканын жазып чыккан. Андан кийин ымыркай каралбай калгандыктан каза болуп калганы жана анын сөөгү ыргытылып жиберилгени кабарланган.

Ички иштер министрлиги 2018-жылдын 7-сентябрында Бишкектеги жеке менчик бейтапканаларда иштеген гинекологдор бала сатуу боюнча шектүү катары кармалганын жарыя кылган. Мекеменин баштапкы маалыматтары боюнча уюшкан топ 2016-жылдан бери ар кандай шартта баласынан баш тарткан аялдардын наристелерин башка бирөөлөргө берип жүргөн. Коомчулукту сестендирген окуя боюнча Жазык кодексинин 124-беренеси («Киши сатуу») менен иш козголгон.

"Азаттыктын" архиви: Бала сатуу...баасы канча. 14-ноябрь, 2018-жыл

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.