Сотто ок менен кармалган аялдын жагдайы

Иллюстрация

Кыргызстандын интернет айдыңында "Донбасстан келген шектүү көзгө атар аял Жогорку соттун имаратына кирүүгө аракет кылган учурда ок-дары менен кармалды" деген маалымат желдей тарады.

Ички иштер министрлиги Жогорку сотко кирип баратканда шектүү аялдын сумкасынан ок табылып, ага кылмыш иши козголгонун ырастады.

Министрликтин маалымат кызматы учурда аялдын тек жайын жана анын эмне максат менен Жогорку сотко кирүүгө аракет кылганы иликтенип жатканын маалымдады.

"Коркконго көзгө атар көрүнөт"

Бишкек шаардык милициясынын маалыматына караганда, 8-сентябрда эртең мененки саат тогуздар чамасында Жогорку соттун имаратына кирүү үчүн текшерүүдөн өтүп жаткан маалда, жашы кыркка чукулдап калган, европалык түспөлдөгү аял кармалган.

Жогорку соттун имаратын кайтарган күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери ал аялды кармаганга жанынан "Драгунов" ок атуучу куралынын патрону табылганы негиз болгон. Мунун алдында жергиликтүү сайттар милициядагы жеке булактарына таянып, "Донбасстан келген көзгө атар аял кармалганы" тууралуу такталбаган маалыматтарды жарыялап жиберишкен болчу.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Адылбек Оморов учурда кармалган аялдын жагдайлары иликтенип жатканын билдирди:

- "Донбасстан келди" деген аял боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул жерде ал өзүнүн алдын ала тергөөгө берген көрсөтмөсүндө ошентип айткан экен. Бирок анын чынында эле ал жакка барганы же барбаганы боюнча так маалыматтар жок. Бул эми анын айткан сөзү боюнча эле. Анын ал жакта болуп-болбогону тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Тергөөчүлөр бул аялдын эмне себептен Жогорку сотко келгенин, андагы октун каяктан алынганын жана анын айткан сөздөрүнүн чын-бышыгын текшерип чыгышат.

Ошол эле учурда жергиликтүү интернет сайттарда "шектүү адам Жогорку соттун имаратына кирүүгө аракет кылды" деген баш сөз менен башталган чуулгандуу маалымат менен бирге ок атуучу курал менен мээлеп турган аялдын сүрөттөрү жарыяланды. Бирок "Донбасстан келген, шектүү көзгө атар аялдын Жогорку соттун имаратына кирүүгө аракеттенгени" тууралуу маалыматтар төгүндөлдү.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы учурда кармалган аялга "ок-дарыны мыйзамсыз алып жүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогону маалым болду.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев бул жагдай туурасында мына буларга токтолду:

- Маалымат сайттары кайсы бир шектүү көзгө атар аял курал менен имаратка кирип барган сыяктуу жазып чыгышыптыр. Ал имаратка киргени жатканда анын жанынан патрон эле табылган. Кылмыш-жаза кодексинде мыйзамсыз түрдө ок-дарыны алып жүргөндүк үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мына ошого байланыштуу ал аял кармалып, ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 241-беренеси боюнча иш козголду. Анын жанынан табылган окту экспертизадан өткөргөндө ал аскердик патрон болуп жатат. Кармалган адамдын саламаттыгы жана жүрүм-туруму жайында болгон. Бирок анын эмне себептен окту салып алып Жогорку сотко барганы белгисиз. Мына ошонун баарын эми тергөө аныктап, жыйынтыгын чыгарат.

Жоопсуз суроолор

Ошол эле кезде социалдык тармактарда "Жогорку Соттун имаратына кирип бара жаткан жерден "Драгунов" ок атуучу куралынын патрону менен кармалды" деп жарыяланган аялдын саламаттыгы суроо жаратканы боюнча дагы маалыматтар чыкты. Мына ошол кармалган аялдын интернет сайттарга чыккан сүрөттөрү менен ага окшош адамдын Фейсбуктагы баракчасындагы сүрөттөрдү салыштырып чыккандар да болду.

Марат Иманкулов

Шайлоонун астында коомчулукту дүрбөлөң кылган маалыматтардын чыгышы атайын чагым болушу мүмкүн дегендер да бар. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов мындай маалыматтарды аягына чейин текшерүү керектигин айтты:

- Ошол аял окту салып алып барып, Жогорку сотто бир нерсе жасай алмак беле? Ал окту колу менен атмак беле же Жогорку соттун ичинде ага бирөө курал даярдап турмак беле? Бул жерде шайлоонун астында коомчулукту удургутуп, бирөөлөр божомолдоп туруп, болбогон сөздөрдү чыгара беришет да. Бирок кандай болгон күндө дагы анын жанын табылган ок каяктан алынганын иликтеп чыгышы керек. Ал кимдер менен байланышкан болушу мүмкүн жана эмне себептен анын сумкасында мына ошол патрон салынып калганын текшерип чыкса болот. Ал адамдын саламаттыгында маселе болгон учурда дагы аны кимдер мына ошол жакка кирүүгө үгүттөгөнүн жана ага окту ким бергенин изилдеш керек. Мына ошондо эле мунун артында кандай максат турганын билсе болот. Шайлоо маалында кырдаалды курчутуп, дүрбөлөң салып, жасалма "коркунучтарды" жарата турган аракеттер дагы болушу ыктымал. Биздин укук коргоо органдары менен атайын кызматтар ушундай жагдайларга көбүрөөк көңүл бурушу абзел.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Жогорку соттун имаратынын астынан "Драгунов" ок атуучу куралынын патрону менен кармалган аялдын баш коргоо чарасы шаардын Биринчи май райондук сотунда карала турганын кабарлады. Сотто анын саламаттыгынын абалы жана андан табылган октун жагдайы териштирилиши мүмкүн экени белгиленди.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.