“Азаттык”: Кыргызстандын облустарын бир эмес, бир канча жолу кыдырып, маселелер менен жеринен таанышып чыктыңыз. Жаңы кызматка киришип жатканда “милицияны элге жакындатам” деп убада бердиңиз эле, алдыңызга милицияны реформалоо боюнча кыска мөөнөттө чукул чараларды көрүү тапшырмасы коюлган. Жасалып жаткан иштер тууралуу учкай айтып бересизби. Маселен, азыр ИИМдин реформасын сынга алгандар, милицияга доомат койгондор жок эмес.
Мелис Турганбаев: Реформа бир-эки күндө эле ишке ашып кетпейт. Реформа күндө жүрүп жатат. Жылыш бар деп айта алам. Албетте, кемчиликтер бар. Алдыга койгон иштерди мындан да тез бүтүрүп, тездетүү үчүн каражат керек. Мына, Орусияда ИИМди реформалоого миллиарддаган акча бөлүнүп берилген. Биз бюджеттен бөлүнгөн каражатка ылайык иштерди жасап жатабыз.
Биз жакында эле милициянын ишин жаңыча баалоонун, баа берүүнүн жаңы критерийлерин киргиздик. Мындан ары бизге эң негизги бааны эл, коомчулук берет. Элдин ишеними менен өлчөнөт. Азыр телегейибиз тегиз болуп калды, эл бизге жүз пайыз ишенет деп айта албайм. Бирок биз алдыга эки чоң кадам жасадык.
Жер-жерлерди кыдырып, милицияны элге жакындатуу, коомчулук, жергиликтүү бийлик менен кызматташтыкты бекемдөө боюнча жыйындарды, форумдарды өткөрдүк. Анда милициянын иштешине шарт түзүп берүү, маселелерди чечүү боюнча бир катар сунуштар айтылды, анын негизинде резолюциялар кабыл алынды.
Мурун региондорго барганда “милиция иштебейт, керек учурда таппайсың, милициянын кереги деле жок” дегендей катуу сын-доомат айтылчу. Азыр андай эмес, пикир, жагдай өзгөрдү. Азыр “милицияга биз да жардам берели, шартын түзүп берели” деп коомчулук бизге кол суна баштады. Реформанын эң башкы максаты – элдин милицияга ишенимин арттыруу.
Менин бул кызматка келгениме тогуз ай болуп калды. Мактаныч эмес, бирок бир топ жумуштар жасалды. Милицияда бир топ жылдардан бери шарт түзүп берүү, имарат куруу, капиталдык ремонт жасоо деген иштер көз жаздымда келген. Учурда Жол-кайгуул кызматынын имараты курулуп жатат, 180 батирлүү үй салынып жатат. Атайын полктун мурунку турган жеринин абалы өтө начар болчу, азыр аларга бардык шарты менен жаңы заманбап имарат салып бердик, ачылышы жакында болот.
Баткенде эгемен жылдары милицияга бир дагы жаңы имарат курулган эмес экен. Мына, азыр жүз адамдан турган атайын даярдыктагы бөлүк, дагы жүз спецназ жана медициналык башкармалык жайгашкан өзүнчө комплекс куруп жатабыз. Мамлекет бул комплексти курууга 75 миллион сом бөлүп берди. Нарында да абал начар болчу. Ак-Талаада милициялар 30-жылдарда салынган имаратта иштеп келген. Азыр жаңы куруп жатабыз. Нарында Ички иштер башкармалыгынын да турган жайы начар, тар эле. Азыр аларга башка имарат сатып берип, оңдоп-түзөп жатабыз. Жалал-Абадда да ушундай маселелер чечилди.
Башкы прокуратура, УКМК, дагы башка органдар болобу, баарына колдон-буттан алып жардам берип жатам.
Ишибизди оңдош үчүн ошол иштегенге шарт түзүп беришибиз керек. Бардык региондо керек, зарыл болгон жерлерде милициянын таяныч пункттарын ачтык. Мен жакында эле Оштун Араван районунда болгондо кыргыз-өзбек чек арасында мал уурулук көп болуп, милиция кызматкерлери жетишпейт, таяныч пункт керек деген маселе көтөрүлгөн. Мен ошол жерге 15 кошумча кызматкерди бөлүп бердим. Ал жерде таяныч пункт да даяр болуп калды, жакында өзүм барып кабар алып, текшерип келем.
Жалал-Абадда да чек арада турган аймактарда ушундай бөлүмчөлөр ачылды. Аймактык тескөөчүлөр, өспүрүмдөр менен инспекторлор кошумча кызматкерлер менен толукталды. Элдин ыраазычылыгын угуп жатабыз. Борбордук аппараттан 380дей адамды кыскартып, ал орундардын барын жер-жерлерге бөлүп бердик.
Реформа боюнча жарандык коом менен тыгыз байланышып иштеп жатабыз. Алар милициянын ишин байкоого алып, мониторинг жүргүзүп жатат. Жакшы жактарды алар деле белгилеп жатат. Биздин өзүбүздүн сурамжылообуз боюнча милицияга элдин 51 пайызы ишенери анык болду.
Эми статистика боюнча кылмыштуулук өсүп жатат. Бирок мындай өсүштүн бир себеби - биз азыр кылмышты жашырбай, ачыкка чыгарып жатканыбызда болуп жатат. Мурда борборго баргандан эринип, же шарты жок болуп бизге кайрыла албай жүргөндөр болгон. Азыр биз милициянын бөлүмчөлөрүнүн санын көбөйттүк, айылдарга ачылды.
Карын майды чириткен кумалактар...
“Азаттык”: ИИМдеги жакшы саамалыктарды тартип коргоо кызматкерлери аралашкан чуулгандуу окуялар жууп кетип жаткандай. Милициянын токмогунан каза болду, зордук-зомбулукка кабылды, пара алды деген доомат токтой элек. Ушундай окуялардын чыккан себеби эмнеден көрөсүз? Кызматкерлерди тазалоо керекпи?
Мелис Турганбаев: Биз кызматкерлерди тазалап жатабыз. Мына, арабызда маңзат колдонгондорду өзүбүз таап чыктык. Пара алган кызматкерлерге да жазасын берип, тиешелүү органдарга өткөрүп берип жатабыз.
Жол-кайгуул кызматкерлери аралашкан соңку окуяны талдап жатабыз. МАИ кызматкерлери кесипкөй эместигинен ошондой учурга кабылып отурушат. Биз аларды дароо эле кызматтан алып сала албайбыз. Анткени мыйзам боюнча эгер биз кайсы бир кызматкерди иштен бошотуп жиберсек, кийин ал сотко кайрылып утуп келсе, келген чыгымды аны бошотуп жиберген адам төлөйт. Ошондуктан кызматтан алганда аны жакшылап негиздеп, бышыктап туруп кызматтан алышыбыз керек. Мен иштегенден бери кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып даттанып-арыздангандар болгон жок. Буга чейин мындай ызы-чуулар болуп эле келген да.
Жол-кайгуул кызматкерлеринин соңку окуясы болгон учурда мен иш сапарда болчумун. Аларга сөгүштү ички иштер башкармалыгынын жетекчиси бериптир. Мен жыйын өткөрүп, аларды убактылуу иштен четтеткиле дедим. Чогулган материалдардын баарын прокуратурага өткөрүп бердик.
“Азаттык”: Ошол чуулгандуу видеодогу сиздердин штаттан тышкаркы деген кызматкер кармалдыбы?
Мелис Турганбаев: Ал боюнча кылмыш иш козголуп, бирөө кармалып, дагы бирөөнө издөө жарыяланды. Эми алардын тиешеси барбы же жокпу, прокуратура аныктайт. Жыйынтыгын ошолор айтат.
"Утулгандар чыр чыгарганга аракеттенет"
“Азаттык”: Ушул күздө парламенттик шайлоо өтөт. Байкоочулар бул саясий процесс курч болот деп божомолдоп жатышат. Шайлоону утурлай жана ошол маалда милиция кандай тартипте иштейт? Буга чейинки шайлоолордо коомчулукта милиция административдик ресурска айланды деген сын айтылып келген.
Мелис Турганбаев: Ооба, биз маанилүү, тарыхта кала турган саясий окуяны баштан кечиргени жатабыз. Апрель ыңкылабынан кийин өлкөнүн тарыхында биринчи жолу бийлик тынч, шайлоо менен алмашты. Президент шайланды. Эми парламент да өз мөөнөтүндө, мыйзамдуу шайланганы жатат.
Шайлоо маалында биз күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Биз саясатка кийлигишпейбиз. Башкы милдетибиз коомдук коопсуздукту сактоо гана болот. Шайлоодо албетте ыплас ар кандай нерселер болот, чагымчыл күчтөр чыгат. Добуш берүү бүткөндөн кийин “жыгылган күрөшкө тойбойт” болуп утулгандар чыр чыгарганга аракет кылышы мүмкүн. Ошондой учурларда биз мыйзам бузууга, башаламандык кылууга жол бербейбиз.
Бардык маселелер мыйзамдын негизинде чечилиши керек. Эл эркин, эл тараза өлкөгө күйгөн, өзүнө жаккан партияга добуш берет да. Эгер шайлоо таза, адилет өтсө, добуш берүүдөн кийин нааразылык чыкпайт. Буга чейинки шайлоодо ар кандай ыплас иштер колдунуп келген, бюллетендерди таңгактап салуу, кыдыртып добуш бердиртүү өңдүү ыкмалар колдонулган. Мунун баары элдин нааразылыгын жаратып, эки ыңкылапка алып келди. Эми мындайга жол берилбейт деп ойлойм.
Мен иштегенден бери кызматтан мыйзамсыз алынганын айтып даттанып-арыздангандар болгон жок.
“Азаттык”: Күч органдарында өз ара тымызын тиреш бар экенин жашыруун деле болбой калды. Сиздин баамыңызда, бул эмнеден улам болуп жатат? Бул атаандаштыкпы, же кесипкөйлүк эмеспи? Буга чейин атайын кызматтын өкүлдөрү милицияларды кармайбыз дегенде калайман мушташ да чыкты эле.
Мелис Турганбаев: Бул жерде түшүнбөстүк болушу мүмкүн. Ошондой атайын операцияларды өткөрүүдө кызматташтыктын, күч органдарынын жетекчилеринен байланышынын жоктугу да себеп болгон. Мен, мисалы, Башкы прокуратура, УКМК, дагы башка органдар болобу, баарына колдон-буттан алып жардам берип жатам. ИИМдин ичиндеги тазаланууга мен өзүм кызыкдармын. Ошол учурда ошондой операция тууралуу мага айтышса мен кармашканга жардам бермекмин. Мындай операциялар маалында башаламандык болбошу үчүн жетекчилер алдын ала макулдашып, сүйлөшүп, чогуу өткөрүшү керек. Биз азыр бири-бирибиз менен акылдашып, чечимди талкуулап жакшы кызматташып жатабыз. Мындай операциялар негизи “жигин чыгарбай” мыйзамдуу жасалышы керек. Ошондо ызы-чуу чыкпайт.