Полковник Толкунбек Шоноевдин тажиясы

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча түштүк башкармалыгынын бөлүм башчысы Толкунбек Шоноев 11-январь күнү жумуштан үйгө келаткан учурда Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак  (Ош шаарынын жака белинде) айылынын Осмонов көчөсүндөгү үйүнүн жанынан саат 19:30дар чамасында киши колдуу болгон. 

Ага тогуз жолу ок атылып, анын бешөө денесин тешип кеткен. Кылмыштын бетин ачуу боюнча облустук прокуратура, облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктары биргеликте иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Кылмыш ишин ашкерелөөнү башкы прокурор Аида Салянова өз көзөмөлүнө алды.

Толкунбек Шоноев ушул жылдын 24-февралында 36 жашка толмок. Маркумга полковник наамы мындан эки жума мурун берилген.

Маркумдун атасы жана жакындары.

Маркумдун апасы менен зайыбы.

Маркумдун жакындары.

Ички иштер министри Шамил Атаханов (ортодо) жана Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков (солдо).

Маркумдун кыздары.

Маркумдун жаназасы окулуп жатат.

Маркумдун жакындары.