Ички иштер министрлиги (ИИМ) тогуз жылдан бери жоголгон куралдарды издөөдөн майнап чыкпагандыктан өз ыктыяры менен тапшырылган курал-жарактарга берилчү сый акынын өлчөмүн көбөйтүү демилгесин көтөрдү.
Парламентте айрым депутаттар жоголгон курал-жаракты кайтарыш үчүн аларды көмүскө базардагы баасы менен сатып алууну сунуш кылышты.
Ийгиликсиз издөө иштери
Кыргызстанда 2010-жылы 6-7-апрелдеги окуяларда жана июнь калабасында Таласта, Бишкекте, Ошто жана Жалал-Абадда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринен тартылып алынган же аскер бөлүктөрүнөн мыйзамсыз алынган курал-жарактын алты жүздөн ашуун даанасы кайра кайтарылган эмес.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бул тууралуу парламентте «Курал жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча баяндамасында маалымат берди.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Улан Примов милициянын жоголгон курал-жаракты издөө иштери жакшы жыйынтык бербегенин белгиледи:
- Бүгүнкү күнү эң негизги маселе - мурда жоголгон 633 курал-жарак тапшырылбастан, элдин колунда жүргөнү. Бул боюнча тиешелүү иликтөө иштери өз деңгээлинде жүргүзүлгөн эмеспи же биз тараптан жетиштүү каражат бөлүнбөй калганбы? Акыркы үч жылда жоголгон куралдарды издеп табуу боюнча кандай иштер жасалды?
ИИМ бул жолу 2010-жылдагы окуяларда жалпысынан 1190 курал-жарак жоголгону тууралуу расмий түрдө маалымат берди.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев 2019-жылга карата 555 курал-жарак табылып, кайра кайтарылганын жана бул жоголгон куралдардын 46 пайызын гана түзөрүн билдирди:
- 2017-жылы жарандардын колунан жалпысынан 399 курал-жарак алынды. Анын ичинен өз ыктыяры менен тапшырылган куралдын саны 196. Анан 2018-жылы жалпысынан алынган курал-жарактын саны 296 даана. Мунун көпчүлүгү 2010-жылдагы кандуу окуялар учурунда жоголгон куралдар.
Дагы караңыз Уурдалган курал элдин уйкусун бузатИИМ жарандар жоголгон курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырыш үчүн аларга берилчү сый акынын өлчөмүн көбөйтүүнү сунуш кылды. Буга байланыштуу министрлик мыйзамды өзгөртүп, кезинде тартылып алынган, уурдалган же жоголгон куралдарды кайра кайтарууну көздөйт.
Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев жогорулатылган сый акынын өлчөмү кандайча аныкталганын айтты:
- Өкмөттүн токтомунун долбоорунда бул тууралуу сый акы берүүнүн аныкталган өлчөмдөрү каралган. Гранатомет тапшырылса, ал үчүн 16 миң сом сый акы берилет. Пулемет тапшырылса, ага дагы 16 миң сом, Калашников автоматы кайтарылса, анда ага 9600 сом берилет. СВД көзгө атар мылтыгы тапшырылса, ага да 9600 сом каралган. Мергенчилик карабини же анын кыркылганы болсо ага 6400 сом сый акы ыйгарылат.
Курал-жарактын базар баалары
Бирок парламенттин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мындай жол менен жоголгон куралдарды табуу мүмкүн эмес экенин айтып, аларды көмүскө базардын баасы менен сатып алууну сунуш кылды:
- Эгерде кимдир-бирөө курал-жаракты тапшырса, аны биз базар баасында баалап коюшубуз зарыл. Бир автоматтын азыр базар баасы 1000 долларбы же бир жылкыбы, ошого жараша акчасын бериш керек. Жоголгон куралдарды базар баасында сатып алуу жагы каралганда гана алар кайра кайтарылат. Болбосо аларды силерге эч ким алып келип бербейт. Анан аны алып келген кишиден «Куралды каяктан алдың?» деп сурабагыла. Ал жоголгон куралды тапшырганга биз ыраазы гана болушубуз керек.
Буга чейин 2010-жылдагы кандуу окуяларда күч түзүмдөрүнөн тартылып алынган курал-жарак ар кайсы криминалдык топтордун колуна түшкөнү боюнча маалыматтар чыккан. Бирок ички иштер органдары ага катышы бар уюшкан кылмыш топторун кармап, алардын жашыруун курал-жарак кампаларын аныктаган учурлар катталган эмес.
Депутат Айнуру Алтыбаева жоголгон курал-жаракты кайтарыш үчүн көмүскө базардагыдан эки эсе жогору баа сунушталышы керек экенин белгиледи:
- Мисал үчүн менин колумда бир автомат болсо, аны таап аламбы же башка жагдайдабы, аны мен сиздер сунуш кылган 9 миң сомду алыш үчүн кайра силерге алып барып бербейм да. Аны мен эң жакшысы көмүскө базарга алып барып, 1000 долларга сатып жиберем. Ошондуктан көмүскө базардагы же каяктадыр катылып жаткан куралдарды кайтарыш үчүн аны базар баасынан эки-үч эсе жогору баада сатып алууга туура келет.
ИИМ 2010-жылдагы кандуу окуялар учурунда жоголгон 865 курал-жарактын 351 даанасы кайтарылганын, анын 514үнүн дайыны дагы эле табылбай жатканын былтыр жарыялаган.
2011-жылы УКМКдан, ИИМден жана Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнөн тартылып алынган курал-жаракты кошуп санаганда 1177 даана курал жоголгону расмий кабарланган.