Өкмөт азырынча бул окуянын чоо-жайы тууралуу кеңири комментарий бере элек. Кыргызстанда буга чейин чек арадан мыйзамсыз өтүп келген чет өлкөлүк тик учактар камакка алынган учурлар болгон.
Мекемелер аралык жумушчу топ “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасы менен Уганданын Коргоо министрлигинин тик учактарды ижарага берүү тууралуу келишиминин мыйзамдуулугун текшермекчи. Азырынча канча тик учак качан жана кандай шартта берилгени тууралуу так маалымат жок. Өкмөт толугураак комментарий берүүдөн баш тартты.
Коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов да бир ооз сөз менен гана чектелди:
- Текшерүү, иликтөө жүрүп жаткандыктан мен эч нерсе деп айта албайм. Андай окуя жок. Угандага эч ким эч нерсе берген жок. Өкмөт тараптан баарын мыйзам чегинде кылуу керек деп иликтөө жүрүп жатат. Ошол эле.
Коргоо министрлигине караштуу “Кыргызкурал” ишканасы 2009-жылы түзүлгөн. Анын алдында “Кыргызтехноэкспорт” деп аталган кыргыз-казак биргелешкен ишкана ачылган жана анын максаты мөөнөтү бүткөн аскерй техникаларды оңдоп, кайра Коргоо министрлигине өткөрүп берүү экени айтылган.
Жыргалбек Сагынбаев “Кыргызкуралдын” мурдагы жетекчиси. Анын баамында, Угандага тик учактарды ижарага берүү каражат жетишпегенден улам келип чыккан аргасыз чара болушу мүмкүн:
- Учактарды колдонуу мөөнөтү өтүп кетет. Аны каржылаганга мүмкүнчүлүгүбүз, каражатыбыз жок. Ошол учактарыбыз ары-бери чуркап учуп турсун деп өкмөттүн токтому аркылуу учактарды беришет. Алар оңдоп туруп, учуунун жарымын ал жактан кызмат кылса, калган жарымы бизде кызмат кылат деген ойдо берилсе керек. Менимче, биздин учактардын чет өлкөгө барбай эле койгону жакшы. Мисалы, Угандада кырдаал оор да, ал жактан аман-эсен келеби же жокпу, деген маселе бар. Камсыздандырууну төлөп беребиз дешет, бирок төлөп береби же жокпу деп күмөн санап жүрүшөт. Бирок биз өзүбүз каржылай албай жатабыз да. Ошондуктан Коргоо министрлигинин тик учактары туристтерди ары-бери ташып, акча таап жатышат. Болбосо биз учуу мөөнөтүн узарта албайбыз.
Мурунку коргоо министри, Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Коргоо министрлиги өкмөттүн макулдугу жок “өзүмбилемдикке” барбай турганын айтты. Мындай учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет да тыкыр текшерилерин белгиледи:
- Коргоо министрлиги өзү андайга барганга укугу жок. Өкмөт чечим чыгарат, комиссия түзүлөт. Кимге кандай шартта кетип жатканы текшерилет. Эреже боюнча ушундай шартта гана берилиши керек. Ошондуктан мен азыр силерге тик учактарды качан кимге беришкенин айта албайм. Анан өкмөттүн чечими бар болсо, өздөрүн өздөрү текшерип жатканын түшүнбөйм. Андан сырткары УКМКнын да макулдугу болушу керек.
Исмаил Исаковдун пикиринде, керек-жарактан чыга элек учактардын чет өлкөгө берилиши туура эмес:
- Эгерде жарактуу тик учак болсо анан аны чет өлкөгө ижарага берсе, анда туура эмес болгон. Себеби тик учактар да курал болуп эсептелет, өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү. Бизде эскирип калган, ресурстары түгөнгөн, Коргоо министрлигинин штатында эмес тик учактар бар. Эгерде ошондой тик учактар болсо анда башка сөз. Буга чейин ушундай тик учактарды оңдоп, саткан фактылар болгон. Ушундай Уганда өңдүү өлкөлөргө берилишин биринчи жолу угуп жатам.
Кыргызстанда буга чейин чет өлкөдөн келген тик учактар боюнча чуулуу окуялар катталган. 2011-жылы жайында Ооганстандан үч тик учак чек арадан мыйзамсыз өткөн деп камакка алынган эле. Транспорт прокуратурасы иликтөөнүн жүрүшүндө эл аралык деңгээлде көз боёмочулук менен шугулданган топ ашкереленгенин билдирген. Ал топ чет өлкөлүк учак, тик учактарды Кыргызстанга каттатып номер берип, клонун, башкача айтканда, жасалма түгөйлөрүн даярдап жүргөн деп айыпталган.