Дедюхин: Химиялык уулануу болгон жок

«Цианид көлүнөн» чыккан суу бир нече көлмө аркылуу чыпкадан өктөрүлүп, акыркы баскычында мына ушул жердеги агрегаттар менен «техникалык сууга» айландырылат. Кумтөр, 7-июль, 2012.

Кумтөр ишканасындагы уулануунун себебин адистер азырынча дээрлик тамак-аштан деп божомолдоп, химиялык уулануу сыяктуу башка себептердин болуу ыктымалдыгын четке кагууда.
Ушундай эле көз карашты Кумтөр ишканасынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин да “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Азаттык”: Биз дарыгерлерден, санэпидемиологиялык көзөмөл кызматынан маалымат алдык, ал эми компания болгон окуяга кандай комментарий бере алат?

Сергей Дедюхин: 18-июлда компаниянын медициналык кызматына 4 киши эти ысып кайрылды, дагы 2 киши диарея менен кайрылган. Тилекке каршы 19-июлда алардын саны 49га жетти, 22-июлда болсо 140 киши болду. Кенде баарына биринчи жардам көрсөтүлдү. Алардын саны көп болгондуктан жана өзгөчө кырдаалда жасала турган планга ылайык, компания облустук санэпидем кызматына кабар берди. 20-июлда райондун жана облустун мамлекеттик санэпидем көзөмөлүнүн кызматкерлери кенге чыгышты. Ал учурда ичеги жугуштуу оорулары экени белгисиз болгондуктан санврачтар жумушчуларды ооруканага жөнөтүүнү сунушташты.

Жалпысынан 18-июлдан 22-июлга чейин компаниянын медициналык кызматына 222 адам кайрылды. 159 киши ылдый түшүрүлдү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 78 адам ооруканага жаткырылды. Кенде көзөмөл алдында 62 киши калды.

Мамлекеттик санэпидкөзөмөлдүн адистери тамак-аш бөлүмүн, жумушчулар жашаган жерди жана даараткана, жуунучу жайларды текшерди. Иликтөөнүн жыйынтыгында алар “Кумтөр кенинде одоно санитардык эрежелерди бузуу жок” деп жазышты. Ушул эле актта “ашканадагы бардык кызматкерлердин тамак даярдоого медициналык уруксаты бар жана тамак-аш даярдоонун технологиялык процесси сакталган” деп турат. Санврачтар ашкана кызматкерлеринен анализ алды.

“Азаттык”: Дарыгерлер команиянын жумушчулары жетекчилерге 18-июлда эле ден-соолугуна байланыштуу кайрылганын айтып жатат. Жетекчилик эмне үчүн аларды жөн гана үйлөрүнө таратып жиберди?

Сергей Дедюхин: Алар кендин дарыгерлерине кайрылган. Дагы бир жолу айтам, аларга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кендин өзүндө көп сандагы ооруну кармоого орун жок болгондуктан ылдый түшүрө башташты. Санврачтар тыюу салгандан кийин Ысык-Көлдүн облустук ооруканасына жөнөтүштү.

“Азаттык”: Кайсы инфекция менен жабыркашканын билесизби?

Сергей Дедюхин: Муну дарыгерлер айтыш керек. Алар анализге бардык тиешелүү заттарды алып кетишти, жыйынтыгын айтыш керек.

“Азаттык”: Оорулуулар арасында ушундай окуя мурда да болуп, жетекчилик маалыматты жашырып койгон деген кептер да айтылып атат. Бул тууралуу эмне айта аласыз?

Сергей Дедюхин: Ошол жумушчулардын өзүнөн сураш керек. Бизде мындай чоң окуя мен билгенден биринчи жолу болуп жатат. Андыктан келечекте жол бербеш үчүн мунун себебин билүүгө биз да кызыктарбыз.

“Азаттык”: Азык-түлүктү ким камсыз кылат?

Сергей Дедюхин: Азык-түлүктүн баарын жергиликтүү фирмалар алып келет. Алардын саны ондоп саналат, ошондуктан азыр аттарын атап бере албайм.

“Азаттык”: Санэпидем көзөмөлдүн кызматкерлери текшерүү учурунда азыктарга тиешелүү сертификат, же башка документ болгон эмес деп жатышат.

Сергей Дедюхин: Бул чындыкка туура келбейт. Тиешелүү сертификаттар бар, алар санитардык врачтарга көрсөтүлөт.

“Азаттык”: Азыр кызматкерлердин дарылануусун ким төлөп жатат?

Сергей Дедюхин: Бул маселени биз чечебиз, азыр бул суроого жооп берүүгө даяр эмесмин. Кенде көрсөтүлгөн медициналык кызмат компаниянын эсебинен кетет, ал эми медициналык мекемелерге кайрылуу боюнча суроону компания тиешелүү тартипте чечет.

“Азаттык”: Канткенде да компания, андагы ашканаңыздар чоң эмеспи, санитардык дарыгер иштейби?

Сергей Дедюхин: Кенде дайыма эки дарыгер бар.

“Азаттык”: Бул жерде химиялык уулануу болуш ыктымалдыгы канчалык?

Сергей Дедюхин: Жок, бул химиялык уулануу эмес. Кандай болгон учурда да дарыгерлер айтыш керек. Алар ичегинин жугуштуу оорусу деп билдирип жатышат. Эч кандай химиялык уулануу болгон жок, кимдир бирөө бул тууралуу туура эмес маалымат таркатып жатат.