Экстремисттик сайттарга көзөмөл күчөйт

Экстремисттик уюмдар жаңы технологияларды, интернет мейкиндигин кеңири колдонууга өтүштү.

ИИМ интернеттеги экстремизмге каршы күрөштү күчөтүүнү сунуш кылууда.
Ал үчүн тийиштүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, чет жерде катталган экстремисттик жана террористтик сайттарга өлкө аймагында бөгөт коюлуп, аны таратуучуларга кылмыш иши козголмокчу.

Адистердин айтымында, экстремисттик сайттар Кыргызстандын интернет мейкиндигинде ондоп саналат. Аларда жихадга, бийликке баш ийбөөгө, халифат курууга чакырган ураандар жана жардыргыч заттарды жасоону үйрөткөн окуулар кезигет.

Экстремизм эми интернетте

Ички иштер министрлиги “Экстремисттик ишмердүүлүккө каршы күрөшүү тууралуу” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуш кылууда. Ички иштер министрлигинин экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы Эмил Жээнбековдун айтымында, экстремисттик уюмдар жаңы технологияларды, интернет мейкиндигин кеңири колдонууга өттү. Андыктан мыйзамдарды да күчөтүү зарылдыгы бар.

- Экстремизм менен күрөшүүдө жаңы, заманбап ыкмаларга кайрылыш керек болуп жатат. Мурдагы ыкмаларыбыз кээ бир жерде алсыз болуп калууда. Мурда экстремисттик уюмдар ар кандай идеясын баракча, китеп түрүндө таратып, элди үндөп келсе, учурда жогорку технологияны, интернетти колдонууда.

Жаңы мыйзамга ылайык, интернеттеги экстремисттик идеялар кайсы жерден табылган болсо, аларга ошол жердин соту аркылуу баа берилет. Бул чет өлкөлөрдө катталган, бирок Кыргызстандын интернет мейкиндигинде иштеп жаткан экстремисттик сайттарга тиешелүү. Жаңы мыйзамда аларды жайылтканы үчүн Кыргызстандын жарандарына, ошону менен катар эл аралык келишимдер аркылуу чет элдик жарандарга да кылмыш ишин козгоо аракети көрүлөт.

Эмил Жээнбеков азыркы кезде экстремисттик көз караштар интернет аркылуу борбордо гана эмес, аймактарда да жайылып жатканын кошумчалады.

- Бир окуган кезде байкалбайт. Бирок ар кандай ыкмалар менен терең изилдеген мезгилде ошол малыматтын түпкүрүндө аң-сезимге таасир этип, жихад кылууга, радикалдуу көз карашка, же коомго, мамлекеттүүлүккө, конституциялык түзүлүшкө каршы үндөгөн нерселер бар. Же болбосо диндердин, же кайсы бир топтордун арасында чыр-чатак пайда кылуучу мазмундагы атайын жасалган маалыматтар аябай көп.

Ээ-жаа бербеген сайттар

Жээнбековдун айтымында, Кыргызстандын интернет мейкиндигинде иштеп жаткан экстремисттик сайттардын саны өтө эле көп. Мындай пикирге Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрага орун басары Марат Иманкулов да кошулат. Анын билдиришинче, көпчүлүк диний-экстремисттик сайттар жардыргыч заттарды жасоону, колдонууну үйрөтүп, мыйзамсыз чакырыктарга үндөйт.

- Андай сайттар ондоп, жүздөп саналат. Көбүн жапканга аракет кылып жатышат. Мисалы, Орусиядан жаап жатышат. Биз карап көрсөк, андай сайтардын катталган жери араб мамлекеттеринде, Америкада, Европада болушу мүмкүн. Мисалы, "Хизб-ут Тахрир" Кыргызстанда соттун чечими менен экстремисттик деп табылган. Анын борбордук кеңсеси мындан 4-5 жыл мурда Лондондо болчу. Ошол жактан башкарылчу. Анын баракчаларынын тексттери Киевде, Крымда басылып, бул жакка жөнөтүп жатканын билгенбиз.

Иманкулов тартип коргоо органдары кээ бир экстремисттик сайттарды аныктаган күндө деле алар чет элден башкарылгандыктан, Кыргызстандагы интернет баракчаларын тосмолоп койо албайт дейт.

- Бул өтө чоң проблема, муну бир мамлекет өз күчү менен кылат деген өтө оор. Ошондуктан эл аралык уюмдар, коңшу мамлекеттер менен биргелешип иштеш керек. Ошондо натыйжалуу болот.

Ички иштер министрлигинин бул сунушун эске алып, өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду Жогорку Кеңешке жөнөттү.

Кыргызстанда 8 диний уюм экстремисттик деп табылган. Алардын катарында "Хизб-ут Тахрир", “Ислам кыймылы биримдиги” (СИД), "ал-Каида", “Өзбекстан ислам кыймылы” жана башкалар бар.