Куралдуу күчтөр Генералдык штабга биригет

Кыргыз армиясы курал-жарактан Орусияга көз каранды.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 3-февралда “Коргоо жана Куралдуу күчтөр жөнүндөгү” мыйзамга кол койду.
Ага ылайык, куралдуу күчтөрдүн башкы органы – Генералдык штаб түзүлөт жана өлкөнүн ичиндеги ар кандай кризистик кырдаалда аскерлерди колдонууга уруксат берилет.

Ал арада Кыргызстандын коргоо министри Москвада орус кесиптеши менен жолукту. Анда Сергей Шойгу Москва Бишкекке курал-жарак жөнөтө баштады дегени менен Орусиядан курал-жарактар келе электиги маалым болууда.

Жаңы мыйзамга ылайык, куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы президенттин алдында түзүлөт. Ага Коргоо министрлигинен сырткары, Чек ара кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Чукул кырдаалдар министрлигинин аскерлери биригет.

Коргоо министринин орун басары Илиясбек Субанкуловдун маалымдашынча, Генералдык штаб сырткы эле эмес, өлкө ичинде мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жараткан кризистик кырдаалдарды жөнгө салууга тартылат:

Кыргыз армиясы. 13-август, 2013-жыл

- Мына Сирияны, Египетти көрүп жатасыңар. Биздин мамлекеттин ичинде ар кандай коркунучтар чыгып кетиши мүмкүн. Бирок биз мындай учурларда куралдуу күчтөрдү колдонобуз деп так кесе айткан жокпуз. Ошондой кырдаал жаралса, аны басууга мүмкүнчүлүк бар деп айтып жатабыз. Ошого ылайыкташтырып пландарды түзүп жатабыз. Бирок план түзүү деген аны сөзсүз эле колдонуу дегенди билдирбейт. Мыйзамда кризистик кырдаал болгон учурда деп жазылган. Ал эми мындай кырдаалды мамлекеттик башчыларыбыз киргизет. Жолду тоскон, стратегиялык объекттерди басып алган учурларга ылайыктуу мыйзамдар бар. Куралдуу күчтөр ошонун негизинде иш жүргүзөт.

Кыргызстанда ири нааразылык акциялардын негизинде эки жолу бийлик күч менен алмашкан. Азыр деле ар кандай митингдерде кан жолду тосуу, административдик, стратегиялык имараттарды басып алуу өңдүү көрүнүштөр бар. Оппозициялык күчтөр мындай нааразылык акцияларды басууда расмий бийлик эми армияга таянганы жатат деп сындап келишет.

Курал-жаракты алуу кечеңдеп жатабы?

Ал арада Кыргызстандын коргоо министри курал-жарак алуу, аскердик кызматташтык маселелерин Москвада орусиялык кесиптеши Сергей Шойгу менен талкуулады. Анда Шойгу Москва Бишкекке аскерий жабдууларды жөнөтө баштаганын билдирди:

- Кыргыз армиясы орусиялык заманбап курал-жарак менен камсыз болот. Керектүү келишимдер түзүлдү. Бирок биз белгиленген мөөнөттөн эрте эле, былтыр декабрь айынан тарта жөнөтө баштадык. Кант шаарындагы Орусиянын аскер базасынын кубаттуулугун жогорулаталы деп жатабыз. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү менен орус аскер базасынын биргелешкен иш-аракеттерине чоң маани беребиз.

Кыргызстандын коргоо министри Таалайбек Өмүралиев болсо Бишкек АКШнын аскерий базасын чыгаруу аракеттери тууралуу маалымат берди:

- "Манас" аба майданынан АКШнын аскер базасын чыгаруу боюнча келишим ратификацияланган. Мунун алкагында тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат. Ал жердеги базанын аймагын, мүлкүн өткөрүп алуу боюнча мамлекеттик комиссия түзүлгөн. База белгиленген мөөнөттө Кыргызстандын аймагынан чыгарылат.

Бирок Кыргызстандын Коргоо министрлигиндеги “Азаттыктын” ишенимдүү булагынын билдиришинче, Орусиядан эч кандай курал-жарак келе элек. Москва Бишкекке кандай курал-жарак жөнөтөрү, баасы канча болору да белгисиз экен.

Атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков Кыргызстан аскерин куралдандыруу боюнча Орусиянын көзүн караганга аргасыз экенин айтууда:

- Булар эми куралды дароо эле бербейт, убакытты созот. Анан калса жол-жобосу көп. Баланстан баланска өткөрүп, тизмесин алып, аны кайра каттап, антип-минткиче бир нече жылга созулушу мүмкүн. Менин билишимче азыр эч кандай курал-жарак келе элек. Жакын арада, жарым жыл ичинде аз-аздан келе башташы мүмкүн. Тилекке каршы, өзүбүз курал-жарак чыгарбагандан кийин, кедей мамлекет болуп бардык нерсени кайырчыдай сурап калгандан кийин, орустардын ошентип бергенине биздин бийликтер айла жоктон макул болуп жатат.

Буга чейин коргоо министри Таалайбек Өмүралиев “Азаттыктагы” маегинде "Негизги максат - заманбап курал алганда эмес, ошол куралдан өзүнчө коргонуу системасын түзүү" деп белгилеген эле.

Кыргыз армиясы советтик армиянын курамынан чыккан. Мындан улам адистер, уставынан тарта аскердик техникасы, жада калса кадрларды даярдоо да негизинен ошол үлгүдө келаткандыктан, баары бир Орусияга көз каранды боло берет деген пикирде.