Бишкекте күч органдарынын атайын операциясы бүттү

Атайын операциянын жүрүшү. 16-июль, 2015-жыл

Панфилов-Горький көчөлөрү кесилишкен райондогу бир сааттан ашуун созулган атышууда төрт согушкер жок кылынса, дагы эки куралдуу жоочу ГЭС-5 конушунда өлтүрүлдү.

Бишкекте куралдуу топ менен атайын кызматтын атышуусу аяктады. УКМКнын расмий өкүлү маалымат каражаттарына буларды билдирди:

- Мындан тышкары Бишкектин чекесинде да атайын операция жүргүздүк. Анда дагы ийгиликтүү болуп, эки согушчан жок кылынды. Учурда ыкчам тергөө иш чаралары башталды, - деди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.

Согушчандар менен куралдуу каршылашуунун жыйынтыгында УКМКнын төрт кызматкери жаракат алды. Рахат Сулайманов кармалгандар менен тергөө жана сурак иштери жүрүп жатканын белгиледи:

- Көчө тар болгондуктан гранатанын чачырандылары кызматкерлерге тийген. Белгилей кетчү жагдай, жай тургундардан жабыр тарткандар жок. Азыр тазалоо жүрүп жатат, өрт өчүрүүчүлөр да өрттөнгөн үйдү толук өчүрүп бүтүштү. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы бул операцияларды алдын ала даярдаган.

Согушкерлердин жакында эле Бишкекте өзүн өзү жардырып жиберген, мурда абактан качып чыккан казак жаранына байланышы бар. Июнь айынын соңунда Бишкекте жатак абактан эки казакстандык качып чыккан. 1-июлга караган түнү алардын бирин кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, акыры өзүн граната менен жардырып жиберген. Экинчи киши издөөдө болчу.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Белгисиз топтун мүчөлөрү кармалды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Сулайманов: УКМК куралдуу топтун ишмердиги тууралуу билген

Бишкектеги террордук топту колго түшүрүү операциясы