Эки облуста окуучулар ууланды

Майрамдарга аралаш Кыргызстанда окуучулар ууланган эки окуя катталды.
Чоң-Алай районундагы мектептердин биринде ууланды делген окуучулардын абалы бүгүн жакшы. Алар үйлөрүнө чыгарылды. Балдардын диагнозу жана эмнеден ууланганы териштирилүүдө.

Буга чейин Жалал-Абаддын Шамалды-Сай шаарчасында ууланган окуучулар болсо ооруканада. Ал арада республиканын башкы санитардык дарыгери мектептердин жана бала бакчалардын көбүндө санитардык абал талапка толук жооп бере албасын билдирди.

7-майда Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында окуучулар ууланган кафени жергиликтүү бийлик жаптырып, ээси 2000 сом айыпка жыгылды. Аксы районунан мелдешке барган окуучулар бул калаадагы кафеден тамактанган. Ууланган балдар Аксынын борбору Кербен шаарындагы райондук ооруканада экенин аким орун басары Зарипа Калматова билдирди:

- Балдардын абалы жакшы. Мен бүгүн барып көрүп келдим, тамактанып атышат. Эртең да дарыгерлер текшерет, жакынкы күндөрү чыгып калышат. Алар 7-8-9-класстын окуучулары.

8-майда болсо Чоң-Алай районунун Көк-Суу айылындагы мектептин тамактан ууланды делген окуучуларынын абалы да дурус экенин райондук оорукананын башкы дарыгери Исламидин Бакиров кабарлады:

- Мен иш сапарында жүрдүм эле. Мага балдардын абалы жакшы деп кабарлашты. Эки окуучу калтырылып, калганы дароо эле үйлөрүнө кетишкен. Эмнеден болгонун эми тиешелүү тармактар иликтеп жатышат.

Республиканын башкы санитардык врачы Төлө Исаковдун айтымында, алар жеңил ууланган деген божомол бар. Чоң-Алай райондук санэпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун баш дарыгери Нурланбек Орозалиев Көк-Суу айылынын мектеп ашканасын текшерүүгө алышканын билдирди:

- 7-май күнү кондитердик цехтен мектепке ундан жасалган 167 даана таттуу түтүкчө жеткирилген. Анын 1 килограммдайын алып, азыр лабораториялык текшерүүдөн өткөрүп жатабыз. Алдын-ала божомолдор боюнча ушул азык шектүү болуп жатат. Анын ортосунда кызыл түскө боёлгон креми бар. Бирок “тамактан ууланды” деген диагноз коёлу десең, баары абалы жакшы болуп, эки сааттан кийин ооруканадан чыгып кетишкен.

8-май күнү түшкө жакын мектептин тамагын ичкен кенже класстын 11 окуучусу сабак учурунда көңүлү айный баштаган. Алардан башка дагы 66 окуучу ошол эле тамакты жегени айтылууда. Көк-Суу айылындагы мектеп директору Аятилла Токтобаевден 1-класстан 4-класска чейин кандай шартта, эмне тамак берилгенин сурадык.

- Бир окуучуга 10 сомдук тамак, анын 1 сомуна чай, 9 сомго булочка же дагы башка кондитердик азык берилет. Аларды айыл өкмөттүн тендеринен уткан жеке ишкер алып келет. Мектеп үчүн атайын ашкана салынган эмес. Бир класстык бөлмөнү эле тамактанчу жай кылып койгонбуз. Мындай окуя менде биринчи жолу болуп жаткандыктан коркуп кетип, Тез жардам чакырдым. Болбосо айылдагы фельдшерлер деле дарылай алмак экен.

Көк-Суу айылынын башчысы Мамат Каландаров айылдын медициналык мекемеси, дарыгерлери тууралуу кепти улады:

- Биздин дарыгерлердин өздөрүнүн деңгээлине жараша медициналык кызмат көрсөтүүгө даярдыгы бар. Жалпысынан 400 кожолук жашайт, 4 медициналык кызматкер иштеп жатат. Айылыбыз чачкын жайгашкандыктан Кул-Талаа деген участокто бир кызматкер, берки бөлүгүндө үчөө тейлейт. Бир имарат жаңы, экинчи жактагысын курсак деп үмүттөнүп жүрөбүз, бирок мамлекеттен каражат жок.

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери Төлө Исаков мектептердеги жана бала бакчалардагы ашканалар чынында талапка жооп бербесин, мекеме жетекчилери каражатты, шартты шылтоо кылаарын билдирди. Анын айтымында, таза эмес тамактанууга каражаттан башка факторлор да себеп болууда.

- Каражат да негизги себеп болуп жаткандыр, бирок мектеп, бакча жетекчилери акча сарпталбай турган көзөмөл жагын деле карап коюшпайт. Мисалы, жакшынакай кылып текшерип, медициналык текшерүүдөн өтүп, санитардык китепчени ачтырып, сууну убагында чыгарып, муздаткычты иштетип, азыктарды нормага ылайык сактаса болот. Бул жөнөкөй эле иш эмеспи.

Башкы санитардык врач күндүн жылышы менен коомдук тамактануу жайларына талапты күчөтүп жатышканын кошумчалады. Өткөн жылдары да Майлы-Суудагы, Шамалды-Сайдагы, Бишкектеги кафе-ресторандарда адамдар ууланган .