Окуучуну ооруканага жаткырган оюн

Ак-Суу айылындагы №2 мектеп

Чүй облусунун Москва районунда 6-класстын окуучусу баш мээси чайкалып ооруканага түштү. Ал классташ кыздары менен “Космостон салам” деп аталган оюнду ойноп жатып токмок жегенден кийин ооруканага түшкөнүн айтууда.

Бирок сабады деген окуучулар бул айтылгандарды четке кагууда. Жабырлануучунун жакындары аталган оюндун талабы боюнча кыздар бири-бирин сабаса да ал тууралуу эч кимге айтпашы керектигин билдирип, мектептеги мындай көрүнүштөргө бөгөт коюуга өлкө бийлигин чакырууда.

Милана Бейшенбаева Ак-Суу айылындагы №2 мектептин 6-классында окуйт. Ал 9-февралда сабак учурунда классташ кыздары менен “Космостон салам” деген оюн ойноп жатканда башына катуу нерсе тийгенин айтып берди:

- "Космостон салам" деп башташты. Алгач Азиза деген кыз урган. Мен ага жооп кайтарам деп бурулганда артымдан башка кыздар келди. Партада отурганда ура башташты. Бир кыздын чачын жулуп салгам, анан ал катуу уруп туруп, ары жакка чуркап кеткен. Ага жооп кайтарайын десем колумдан кармап калышты. Артымдан чапканда башым ооруп кетти.

Мамлекеттин мыйзамынан да күчтүү мыйзам мектептеги кылмыштуулук болуп атат. Бүгүн мен жашырсам, эртең дагы бир эне баласынын ден соолугу жабыркап сыздайт да.
Жаңыл Бегалиева

Милана ошол күнү он мүнөттө эле жетчү үйүнө эки саатта араң келген. Ал башы ооруганын мугалимдерге айткан эмес. Анткени, теңтуш кыздары ар кандай сөздөрдү ойлоп табасың деп коркутуп, мазакташканын айтууда:

- Эмне менен чапканын түшүнгөн жокмун, көзүм көрбөй баштады. Мугалимге айтпадым, себеби ага чейин эле түрдүү окуяларды айтасың дешкенинен унчукпай үйгө баса бергем. Жыгылып, кусуп жатып араң жеттим. Жанымда курбу кызым бар болчу, ал жардам берди. Анан таенеме айттым.

Милана азыр Москва райондук аймактык ооруканасынын травматология бөлүмүндө жатат. Оорукананын директору Болотбек Шеримбаевдин айтышынча, учурда анын абалы орто:

- Бейтап 9-февралда саат 8дер чамасында келген. Ага баш мээси чайкалган деген диагноз коюлду. Башында кичине шишик бар экен. Кол тийсе ооруп атканын айтып жатат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чүйдөгү мектеп чатагы

Жабырлануучунун ата-энеси Орусияда иштеп, өзү таята-таенесинин колунда чоңойгон. Таенеси Жаңыл Бегалиева мектеп окуучулары арасында өкүмзордукка нааразы:

- Оюндун шарты боюнча таяк жеген кызга ыйлаганга болбойт экен. Ошол замат аны шылдыңдашып, "сен мындайсың, тигиндейсиң, сөз көтөрө албайсың" деп намысына тийишет экен. Кыз үйгө саат бештерде араң басып келди. Кусканын, бир кыз жеткиргенин айтты. Саат 7.30га чейин "чай-пай ичсең балким басылып калат, жөн эле катуу тартып койгон го" десем, "башым чыдатпай ооруп жатат" деп чай да иче албай койду. Андан кийин гана айла жок ооруканага алып бардык. Ошондо өспүрүмдөр менен иштеген инспекторлор, милиция келип, арыз жаздык. Мамлекеттин мыйзамынан да күчтүү мыйзам мектептеги кылмыштуулук болуп жатат. Бүгүн мен жашырсам, эртең дагы бир эне баласынын ден соолугу жабыркап сыздайт да. Менин неберем оорукчан болуп калса, анын саламаттыгы үчүн ким жооп берет?

"Кызга психолог керек"

Ошол эле маалда Милананы сабады деген кыздар бул айтылгандарды четке кагууда. Мектепке барып аларды кепке тартканыбызда “Космос” деп аталган оюн бар экенин ырасташып, бирок анда бири-бирин катуу урбай эле, чачтан тартып ойногонун айтышты:

- Ким чачын түйүп алса, ошонун чачын кол менен жогору көтөрүп коебуз. Анан төбөгө акырын уруп ойнойбуз. Аны өзүбүз эле чыгарып алганбыз. Ошол күнү биз ойноп жатсак, Милана да кошулган. Анан анын башына бирөө уруптур, ал башыма кыш түшүп кеткен болчу, ошол жерге тийди деп ыйлады. Биз бири-бирибиз менен эле чуркап ойноп жүргөнбүз. Ал өзүнүн башында шишиги бар экенин билип туруп ойноду. Мурун эле бирибизге кыш түшүп кетти деп, дагы бирибизге чанадан жыгылгам деп айткан.

Кыздардын ата-энелери болсо Милананын башындагы шишик мурунтан бар болгон деген жүйө келтирип, айыпты жабырлануучу тарапка оодарууда.

- Булар кубалашмай эле ойношкон экен. Баары бир ооздон ошону кайталап жатышат. Башымда шишик бар болчу, ошого тийди деп ыйлады дешти. Үйүнө барганда кандай сөздөрдү ойлоп таап, айтып барганын ким билет? Бул кызга жакшы психолог керек, - дейт Рая Супатаева.

Мектеп директору Замир Орозалиев да муну түшүнбөстүк катары баалап, окуучулар Милананы катуу нерсе менен башка урган деген маалымат чындыкка коошпойт деп билдирүүдө:

- 6-класстын окуучулары наристе бойдон. Байкуштар көздөрүн жалдыратып отурушат. Демейдегидей эле ойноп жатып, анан ушундай түшүнбөстүк болуп кетти. Башка эч ким чапкан эмес.

Кыргызстанда февралдын башында интернет аркылуу өспүрүмдөр арасында опурталдуу оюндар тараган. Бирок, “Космостон салам” деген аларга салыштырбоо керектигин маалымдады ишти иликтеп жаткан райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Улан Чокеев:

- Коркунучтуу оюн деген сыяктуу апыртылып жазылып жатат. Азыр териштирүү жүрүүдө, баары менен сүйлөшүп жатабыз. Окуучулар өздөрүнүн арасында эле ошондой оюн чыгарып алышкан. Интернеттеги оюндардай эмес.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

Анткен менен бейтапканада жаткан кыздын таенеси Жаңыл Бегалиева Кыргызстанда мектептерде бул өңдүү көрүнүштөр күчөп жатканынан кооптонот. Ата-энелер жана жергиликтүү жетекчилер көйгөйгө бөгөт коюуга аракет көрүү ордуна директорду иштен алып же сөгүш жарыялап, жаап-жашырууга умтулуп, натыйжада окуучулар арасында ар кандай окуялар орун алып жатканын кайталоодо. Ал өлкө бийлигине кайрылып, балдар жөнүндөгү тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизүүгө, балдар үчүн ата-эненин жоопкерчилигин күчөтүүгө чакырды:

- Биз жакшынакай мектепке берген балабыз аны эсен-соо, жакшынакай бүтүшү керек. Балдарда айып жок. 6-класстын окуучуларын кылмышкер деп атоого кантип дитиң барат? Алар бала да. Баарынан мурун ошолорго тарбия берген ата-энелердин жоопкерчилиги катуу болушу керек. Жалпы чогулуп балдарга тарбия берип, аларды мындай жолго барбагыла деп чакыруу ордуна, кыздардын ата-энелери "менин балам таза, булар калп эле чачынан тартып койсо, догурунуп ооруканага жаткырып салды" дешип бизди жаманатты кылып жатышпайбы.

Чүйдөгү мектеп чатагы боюнча Билим берүү жана илим министрлиги комиссия түздү. Жергиликтүү милиция да иликтөөнү улантууда. Окуяны Башкы прокуратура да көзөмөлгө алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.