Ибраимова: Бакиевдер Садыркуловдон корккондон көзүн тазалашкан

Коомдук ишмер Элмира Ибраимова.

2009-жылы саясий буюртма өлүмгө дуушар болгон Медет Садыркуловдун иши боюнча Элмира Ибраимова "Азаттыкка" кеп курду.
Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигинин (АРИС) жетекчиси Элмира Ибраимова маркум Медет Садыркуловдун жакын санаалаштырынын бири болгон. 2009-жылы 13-мартта М.Садыркулов, С.Слепченко жана К.Сулаймановдун сөөктөрү табылгандан кийин Э.Ибраимова автокырсык болду дегенге ишенбей тургандыгын коомчулукка ачык билдирген.

Азаттык: Медет Садыркуловду өлтүрүү ишин акыр аягында ачышат деп ишендиңиз беле?

- Ооба, бир күнү бүтүндөй коомчулук ошол түнү эмне болгону тууралуу чындыкты билет деп ишенгемин. Үмүтүм эч качан өчкөн эмес, бирок ошол кездеги режимдин тушунда ал кылмыштын бетин ачуу мүмкүн эмес эле. Чындык бийлик алмашкандан кийин гана чыгарын түшүнчүбүз.

Э.Ибраимова: Бакиевдер Садыркуловду өлтүрүшкөнүн жашырбаганы сезилген

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бакиевдер Медет Садыркуловду өлтүрүшкөнүн анча жашырбагандай сезилген.

(маектин аудиосун бул жерден угуңуз)

Азаттык: Ошол кылмыштын артында кимдер турганы расмий жарыяланганда сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Мага жаңылык деле болгон жок. Кылмыш кимдин колунан келгенин элдин бардыгы эле билчү да. Эл арасында анын артында Бакиевдердин үй бүлөсү турат деген кептер айтылып келген. Ар кимисинин аттарын - Жаныш, Максим, башкаларын атап жатышты. Бакиевдер Медет Садыркуловду өлтүрүшкөнүн анча жашырбагандай сезилген. Калган элдин жүрөгүнүн үшүн алууну көздөшкөн. Бакиевдерден алыстаган адамдардын бардыгын мына ушундай тагдыр күтүп атат деп эскерткилери келген. Расмий версия кандай болбосун, эл эмне болгонунан күмөн саначу эмес дебедимби. Бирок кимдир бирөө эрдик кылып, кылмышты Бакиевдер жасаганын айтыш керек эле. Тилекке каршы, андай киши табылган жок. Мен тергөөчүлөргө абдан ыраазымын. Тигилердин күнөөсүн далилдеп, акыр аягында чындыкты шардана кылышты.

Азаттык: Сиз ыраазымын деп айтып атасыз. Ошол эле маалда тергөөчлөрдү сындагандар да азыр көп болуп жатат. Маселен, мунун артында саясат турат, шайлоо алдында жарыялап жатышат деген сында жүйөө барбы?

- Бул чуулгандуу иш болгондуктан, аны ачуу үчүн эч качан ыңгайлуу момент болбойт эле. Бүгүн – шайлоо, эртең – референдум же дагы бир нерсе тоскоол болмок. Анан ошол бойдон эле акыйкатты таппай эле отура бермек белек? Сындагандардын көбү, менимче, тигил же бул талапкердин кызыкчылыктарына төп келген маселелерди чечип алгылары келет. Ошондуктан аттарын атабагыла, тийбегиле, биздин талапкерлерге бул азыр пайда алып келбейт дешет.

Азаттык: Суракка чакырылат дегендердин арасында Мадумаров, Конгантиев, Сатыбалдиевдер аталды. Сиз үчүн бул логикалуу көрүнүшпү?

- Алар эмне үчүн ушунча убакыт бою чындыкты жаап-жашырышканын элге түшүндүрүп берүүсү керек. Ошондой жогорку кызматтарда отуруп алып чындыкты билишкен эмес дегенге ишенүү кыйын. Эки кишинин башы кошулган жерд эле ошону шыбырашып, түкшүмөлдөп жатышса, тигилер кантип эле билишпесин. Жол кырсыгы деген жалганга бир дагы кыргызстандык ынанган эмес. Расмий органдар гана жол кырсыгы деген версиясын алдыга түртүп жатышты. Чындыкты эмне үчүн жашырышкан деген суроого эми жооп беришсин. Оңтойсуз суроолорго туш болгон адамдар үчүн ыңгайлуу убакыт эч качан табылбайт.

Азаттык: Оппозицияда көп эле белгилүү саясатчылар жүрдү. Эмне үчүн Бакиевдерди М.Садыркуловдун каршы тарапка оой башташы өзгөчө чочутту?

- Садыркулов эмне кылбасын, ишинин өтөсүнө чыга алчу. Аларга күчтүү атаандаш пайда болуп жатканына Бакиевдердин көздөрү жетип, андан корко башташкан. Садыркуловдун колунда компромат бар болчу деген божомолдорду уккамын. Бирок бул жөнүндө эч нерсе айта албаймын. Мен ал материалдарды көргөн эмесмин, кабарым жок. Андай компромат болсо, менимче, мен сөзсүз билмекмин. Садыркулов жок дегенде бир учун чыгарып мага айтмак.

Азаттык: Журналист Сыргак Абдылдаев “бомба” материалдар жөнүндө айтты. Алар кандай материалдар экенин сиз болжолдуу болсо да айта албайсызбы? Р.Шаботоев, Ж.Сурабалдиевдердин өлүмүнө тиешеси бар болушу мүмкүнбү?

- Сыргак Абдылдаевдин версиясын окуганда, абдан таң калдым. Балким, Абдылдаев эмнени көргөнүн өзү айтып бере алат. Андай версияны алып чыккандан кийин айтып бериши керек ко деп ойлоймун. Бирок “бомба” бар болсо, Садыркулов аны кимдир бирөөгө тапшырмак. Мен бир кырсыкка учурасам же өлсөм, ушул материалдар бул же тигил жакта сакталып турат деп эскертмек.

Азаттык: Сөзүбүздүн башында саясий режим өзгөргөндө гана бул кылмыштын бетин ачуу мүмкүн болду дедиңиз. Мына жакында президенттик шалйоо болгону турат. Өкмөт алмашса, бул иш аягына чыкпай, жабылып калышышы мүмкүнбү?

- Биздин өлкөдө бардыгы мүмкүн. Тилекке каршы, тарыхтын тескери жакка бурула башташына күбө болуп атабыз. Мен элдин даанышмандыгына, көрөгөчтүгүнө ишенем. Башка формада болсо да, Бакиевдердин кайтып келишине эл жол бербейт деп үмүттөнөм.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Маркум Медет Садыркулов түбөлүк жайга берилди


Медет Садыркуловдун сөөгү 2009-жылдын 12-апрелинде Байтик айылында жерге берилген. "Азаттыктын" архивдик видео тасмасы