Кыргызстан-Орусия: мамиле суубас бекен?

Орусия Кыргызстанга экспорттоло турган мунай заттарына кошумча бажы төлөмүн алууну бир жарым айга токтоткон. Бирок аны бекемдөөчү жаңы келишимдер күчүнө кирбей жатат. Маселени чечүү үчүн өкмөт башчы кайрадан Москвага сапар алганы калды.
Бардык жолдор Москвагабы же Вашингтонгобу?

Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болуп шайлангандан кийин 27-28-декабрда алгачкы расмий сапарын Москвага жасаган. Мына ошол сапардын алкагында Атамбаев орус өкмөт башчысы Владимир Путин менен жолугушууда "кыргыз-орус мамилесинин солгундап кетишине мурдагы бийлик күнөөлүү" деп айткан. Орус тарап Кыргызстандын жаңы бийлигине жардам иретинде мунай заттарына киргизилген кошумча төлөмдөрдү алып турууга макулдук берген. Анын натыйжасында Кыргызстанда күйүүчү май 6-7 сомго арзандаган.

Бирок орус тарап кошумча төлөмдөрдү кайрадан киргизүү алдында экендиги тууралуу маалыматтар 14-мартта тарай баштады. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов буларды билдирди:

- Бүгүнкү күнгө карай мурдагы сапар учурунда талкууланган маселелер чечилди. Бирок жаңы келишимдердин күчкө кирүүсү кечеңдеп жатат. Алмазбек Атамбаевдин декабрда Москвага сапарында 1-январдан тарта 15-февралга чейин мунай заттарына кошумча төлөмдөрдү алып салуу макулдашылган. Бул мөөнөттүн ичинде Кыргызстандан күйүүчү майды реэкспорттоо маселеси чечилүүгө тийиш эле. Ал маселе чечилди. Эми Алмазбек Шаршеновичтин 17-18-марттагы сапары учурунда кошумча төлөмсүз мунай затын Кыргызстанга сатуу маселеси биротоло чечилет деген үмүттөбүз.

Тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов
кыргыз-орус мамилесиндеги көп жагдай Алмазбек Атамбаевдин сапарында айкындалат деген пикирде:

- Ушул аптада премьер-министр Орусияга иш сапар менен бара турган болууда. Ошол маалда көп нерсе белгилүү болот. Баары үстүрт караганда эле айкын болот. Аны Путин, же Медведев кабыл алабы же кабыл албайбы? Ошондон кийин жыйынтык чыгарсак болот.

Аскар Бешимов кыргыз-орус өкмөттөрү бир катар келишимдерге жетишип, бирок аларды турмушка ашырууга кирише электигин кошумчалады.

Алдыга бир, артка эки кадам

Серепчилер айрым көрүнүштөрдөн улам кыргыз-орус мамилесинде акыркы мезгилде кайрадан солгундоо байкала баштаганын айтышат. Мисалы, Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун “Мегаком” боюнча ишмердүүлүгүнө нааразылыгын ачык түрдө билдирип кетти.

Бабановдун айланасындагы жаңжал президент Роза Отунбаеванын Европага жана АКШга жасаган көп күндүк сапары учурунда чыкты.
Саясат таануучу Элмира Ногойбаева Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүү аракетин жасап, ошого жараша Москва тараптан жооп алып жаткандыгын белгилейт:

- Кыргызстан көп вектордуу саясат жүргүзүүдө. Бул аларга жакпасын ар түрдүү иш аракеттери менен көрсөтүп жатышат. Орусиянын пикирин билдире турган адамдар, мисалы Князев көп вектордуу саясат Кыргызстан үчүн оңой олжо болбосун ачык эле айтып чыккан. Менин оюмча, биз эгемен болгондон кийин бир мамлекетке эле байланып кала албайбыз. Орусиянын бизге жол көрсөтүп, акыл үйрөтмөй саясаты терс натыйжасын берип калышы мүмкүн.

Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары учурунда “Кыргызгазды” Орусияга берүү, “Дастан” ишканасынын акциясын Кыргызстандын Орусияга мурдагы карызына алмашуу, электр энергетика тармагындагы долбоорлор, коопсуздукка байланыштуу маселелер талкууланышы күтүлүүдө.

Коопсуздукка байланыштуу маселе учурда Баткенде курула турган антитеррордук машыгуу борборуна байланыштуу болушу ыктымал. Бул борборду куруу үчүн президент Роза Отунбаева Вашингтондон каражат сураган.

Ага жооп кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжа бир айлык сапарынан кийин Кыргызстанга кайра келип, Баткенге багыт алды.

Кыргызстан учурда Орусиянын “кабагына кар жаадырган” айрым маселелерди чечүүгө, Владимир Путиндин көңүлүн алууга умтулгансыйт. Бул үчүн “Мегакомду” Мүлк министрлигинин атынан барып башкарып калган, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун кадры Азамат Мурзалиевге каршы эки кылмыш иши козголду. Белгисиз чокуга Владимир Путиндин атын ыйгаруу боюнча мыйзамга президент тез арада колун койду.

Бул аракеттер канчалык натыйжа берери жакынкы убактарда айкын болмокчу.