Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:03

“Мегаком” кызыкчылыгы Дума көлөкөсүнөн көрүндү


"Мегаком" компаниясынын тоодогу жабдыктары
"Мегаком" компаниясынын тоодогу жабдыктары

Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Орусия Думасынын депутаттары “Мегаком” айланасындагы чатак боюнча 1-вице-премьер Бабановду айыпташты.

Бирок экинчи тарап өкмөттүн мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо аракеттерин аталган компания боюнча өнөктөш болгон орусиялык инвесторлор бурмалап жатканын белгилешүүдө.

Укук бузулду деп удургугандар


Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Семен Багдасаров Кыргызстандагы орусиялык инвесторлордун менчик укугу бузулуп, алардын кызыкчылыгына доо кетип жаткандыгына токтолду. Ал “Мегаком” мобилдик операторун иштеткен “Альфа-Телеком” компаниясынын элүү бир пайызына ээлик кылган орусиялык инвесторлордун үлүшүн тартып алууга Кыргызстандын өкмөтүндөгү айрым атка минерлер кызыкдар болуп жаткандыгын кошумчалады.

Семен Багдасаров айрым атка минерлердин мындай аракеттери эки өлкө ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизиши мүмкүн экенине токтолду:

- Мен өкмөт башчысынын орун басары Өмүрбек Бабанов баштаган адамдардын тобунда “Мегаком” боюнча өзүнчө эле бир кырдаалды өз алдынча баалаган көз караш бар экендигин сездим. Эч нерсеге негиздебей туруп эле алгач элүү миллион төлөйсүңөр дейт экен. Андан кийин дагы башка нерсени сурашат экен. Каякка төлөш керек? Шайлоо алдындагы өнөктүккөбү же дагы бир башка жакабы? Мына ушундай мамилелер эки ортодогу мамилеге көлөкө түшүрүп коюшу мүмкүн.

Кыйытма суроолор же кызыкчылыктардын кагылышы

Ошол эле учурда Мамлекеттик Думанын КМШ иштери боюнча комитетинин төрагасы Алексей Островский Орусиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны жылдан-жылга көбөйүп, алар которгон каражаттын саны өсүп жаткандыгын кыстара кетти. Муну менен Алексей Островский “Мегакомдун” айланасындагы чатакты Кыргызстандын өкмөтү тезирээк чечээрине үмүттөнө турганын белгиледи:

- Мындагы айрым атка минерлер менен саясатчылар тарабынан өздөрүнүн кызыкчылыгына карап, атайлап түзүлгөн кырдаал бүгүнкү күндөгү Кыргызстан менен Орусия үчүн олуттуу болуп жаткан учурдагы күн тартибине каршы келет. Биз бул маселенин тез арада чечилишине абдан кызыкдарбыз. Анан калса Кыргызстандагы соттор дагы орусиялык инвесторлордун дооматынын укуктук негизи бар экендигин тастыктаган экен.

Бирок кыргыз өкмөтүнүн дарегине айтылып жаткан мындай дооматтарды жолугушууга катышып олтурган парламенттеги “Республика” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматов четке какты.

“Буюртма” бурмалоолор

Ал мамлекеттик думанынын депутаттары “Мегаком” компаниясы боюнча Мамлекеттик Думанын депутаттары туура эмес маалымат алышкандыгын эскертти.

Исхак Пирматов бул жерде орусиялык ишкерлер өздөрүнүн пайдасы үчүн бир катар фактыларды бурмалап жатканына токтолду:

- Соттун чечими бар дейт. Сот баштала элек бул боюнча. 2008-жылы Максим Бакиев тарабынан “Альфа-Телеком” компаниясы түзүлүп, орусиялык инвестордун калган элүү бир пайыз акциясы тартып алынган. Эмне себептен алар ушул күңгө чейин бул тууралуу унчугушкан эмес. Кыргыз өкмөтү булардан "эй, жигиттер 7-апрелден кийин 27 миллион доллар чыгарып кеткен экенсиңер, ошону ордуна кайра коюп койгула андан кийин иштешели" деген эле бир маселе бар болчу. Ошону аткаргысы келбей ушинтип маселени саясатташтырып жатышат.

Буга чейин Кыргызстандын каржы полициясы “Мегакомдун” мурдагы жетекчилигине карата кылмыш ишин козгогон болчу. Алар өткөн он ай ичинде өлкөдөн миллиондогон акча каражаттарын чыгарып кетишкен деп шектелишүүдө. Өткөн жылы 7-апрелден кийин “Мегакомдун” кырк тогуз пайызы улутташтырылып, калган бөлүгү орусиялык “Эвентс” компаниясына калтырылган.

“Альфа-Телеком” жабык акционердик коомунун учурдагы жетекчисинин укуктук иштер боюнча орун басары Илим Карыпбеков кыргыз өкмөтүнүн мамлекеттик кызыкчылыкты коргоо аракеттери орусиялык тараптын кыжырын келтирип жатат деп эсептейт:

- Булардын эмне себептен минтип төө бастыга алып, эмне себептен укук коргоо органдарынын иштерине кийлигишип жаткандыгына мен түшүнгөн жокмун. Бирок бул жерден Кыргызстандын бийлиги бир өз алдынча чечим кабыл алып баштаса эле ошол жагдай буга чейинки бийликтер менен үзүрлүү кызматташып келишкен орусиялык инвесторлор үчүн жагымсыз жагдайды жаратты окшойт. Болбосо өкмөттүн колунда “Мегакомдун” 49 пайызы тургандан кийин анын акча кайда кетти деп жөн эле сурап койбостон, толук көзөмөл кылганга юридикалык дагы укугу бар да.

Мындан сырткары серепчилер Мамлекеттик Думанын депутаттарынын “Мегакомду” коргоп чыгышын сот иштерине басым жасоо катары баалашууда. “Мегаком” Кыргызстанда “Кумтөрдөн” кийинки эң ири салык төлөөчү компания.

XS
SM
MD
LG