Ивашов: Фуражканы өзгөртүү - реформа эмес

Леонид Ивашов.

Орусияда 2011-жылы милиция кызматынын атылышы андагы президент Дмитрий Медведевдин демилгеси менен полиция болуп өзгөртүлгөн. Орусиянын ИИМиндеги реформанын жыйынтыгы жөнүндө орусиялык аскердик жана коомдук ишмер, генерал-полковник Леонид Ивашов «Азаттыкка» интервью берди.

"Азаттык": Жети жыл мурда Орусияда милицияны полиция кылып өзгөртүшкөн. Азыр Кыргызстанда да ушуга окшош демилге көтөрүлүп жатат. Орус бийлиги милициянын аталышын алмаштыруу менен эмнеге жетишти?

Леонид Ивашов: Премьер-министр Дмитрий Медведев жана анын тобу калкка жөндүү, олуттуу жана стратегиялык жактан маанилүү эч нерсе сунуш кыла алган жок. Ал стратег да, реформатор да эмес. Мындай адамдар кызуу иштеп жатканын көрсөтүш үчүн башында көчөлөрдүн, метростанциялардын аталышын өзгөртө баштайт, анан министрликтерге өтөт.

Орус полициясы. Архивдик сүрөт.

Орусияда милицияны полиция деп өзгөртүү чыгашадан башка эч кандай маанилүү жылышка жол ачпады. Коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулук, коррупция менен күрөшүү иштеринде эч кандай өзгөрүү болгон жок.

Бул жерде Беларусту жакшы мисал катары алсак болот. Алар аталышын өзгөртпөй эле милициянын ишин алда канча жакшыртууга жетишти. Эгерде кыргыз өкмөтү элге билим берүү, маданият, экономика жана социалдык өнүгүү жагынан эч нерсе сунуш кыла албаса, милициянын аталышын өзгөртүү менен коомчулуктун көңүлүн убактылуу алаксыта алат. Бул тартип сактоо органдарындагы чыныгы көйгөйлөрдү бир аз да болсо унуткарат, бирок убактылуу гана натыйжа берет.

Кыргыз өкмөтү элге билим берүү, маданият, экономика жана социалдык өнүгүү жактан эч нерсе сунуштай албаса, милициянын аталышын өзгөртүү менен коомчулуктун көңүлүн убактылуу алаксыта алат.

"Азаттык": Орусия милицияны өзгөртүш үчүн 2 миллиард рублга жакын каражат сарптаганы айтылган. Көзгө көрүнөрлүк жыйынтык болгон жокпу?

Леонид Ивашов: Адамдар өзгөрүүнү каалайт. Бирок жакшы нукка өзгөрүү бир гана өнүгүү жолунда мүмкүн. Буга реформа эмес, этап-этабы менен стратегиялык кадамдар жасалышы керек.

Советтик генерал Николай Щёлоков милициянын ишин оңдош үчүн бир топ жакшы нерселерди жасаган. Милиция кызматкерлери жакшы иштеши үчүн алардын социалдык абалын оңдоп, кызматкерлерди даярдоо иштерин да күчөтүш керек. Башкысы - милицияны элге жакындатуу зарыл.

Фуражканы өзгөртүп коюп, "реформа жасадык" деген болбогон кеп. Орусиялыктар башынан эле Медведевдин демилгесин ишенбестик менен кабыл алган. Реформага үмүт арткандар да болгон. Бирок ал акталган жок. Эч кандай жыйынтык чыкпады. Менимче, Орусияда полиция кайрадан милиция болуп өзгөрөт.

"Азаттык": Милициянын ишин жакшыртууну эмнеден башташ керек деп ойлойсуз?

Милициянын иши кадыр-барктуу болушу керек. ​Адамдар айла жоктон милиция болуп иштебеши керек.

Леонид Ивашов: Милициянын иши кадыр-барктуу болушу керек. Адам бул кызматка баратканда ал жакта адис катары өзүнүн келечегин жана социалдык абалын жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн көрүшү керек.

​Адамдар айла жоктон милиция болуп иштебеши керек. Турак жай менен камсыздоо, иштин натыйжасына жараша сыйлык берилип, кызматкерлердин ишин жакшыртууга өкмөт реалдуу шарт түзүшү зарыл. Орусияда мындай мамлекеттик колдоо боюнча программалар бар. Бирок алардын аткарылышы башка кеп. Айта кетиш керек, Орусиянын полициясына бир топ милдеттер жүктөлгөн.

Кыргыз милициясынын машыгуулары.

"Азаттык": Ал эми тартип сакчыларына заман талаптары кандай?

Леонид Ивашов: Совет доорундагы милициянын абалы менен бүгүнкү күндү салыштырууга болбойт. Ал кезде күч органдарында коррупция мынчалык күчтүү болгон эмес. Кылмыштуулукка каршы иш натыйжалуу болчу.

Азыр технологиянын өнүгүшү менен милиция кызматкерлери кабылган сыноолор да күчөдү. Кылмыш чөйрөсү мындай техникалык жаңылыктарды тезирээк өздөштүрөт. Орусия кичине кечиксе да бул багыттагы адистерди даярдоого өттү. Мындай иштер заман талабына жараша тынымсыз жүрүп турушу зарыл. Анан албетте, милиция элге жакын болуп, ортодо ишеним, байланыш жана кызматташтык орношу абзел.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.