Орус жардамынын эсеби суроо жаратты

Кыргыз-казак чек арасы

Орусия жаңы жардамды убада кылып жатканда, мурда берген 200 миллион доллардын эсебин тактоо демилгеси көтөрүлдү.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга сапарынын алкагында Москва расмий Бишкекке 30 миллион доллар жардам бөлөрү тууралуу орус прессасы жазып чыкты.

ТАСС агенттиги Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковго шилтеме берип, бул каражат Кыргызстандын бюджетин колдоого жумшаларын кабарлоодо. Бирок кыргыз бийлиги бул жардам жөнүндө учурда расмий түрдө ырастай элек.

Президенттик аппараттын экономика бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев макала даярдалып жаткан маалда бул жөнүндө кийинчерээк маалымат берерин "Азаттыкка" билдирди.

Орусиянын Кыргызстанга кезектеги жардамын кабарлап жаткан кезде Бишкекте Москванын буга чейинки жардамынын кандай колдонулушу боюнча маселе көтөрүлдү. Тактап айтканда, 2015-жылы Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигинин шарттарына ыңгайлашуу үчүн берген 200 миллион доллардын сарамжал колдонулбаганы жөнүндө сөз жүрүүдө.

Дагы караңыз ЕАЭБдин дыйканга жарыгы тие элек

Ошол кезде түзүлгөн келишимге ылайык, бул каражаттын ичинен 127 миллион доллары баш кеңсеси Москвада жайгашкан “Крокус-интернешнл” компаниясына берилген. Аталган компания Кыргызстандагы бажы жана чек ара бекеттерин жаңылоо, кызмат көрсөтүү иштерин аткаруу милдетин алган.

Бирок Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, "Крокус" компаниясы Кыргызстандын аймагында бир нече чек ара бекетинин имаратын абдан кымбат баада курган.

Алмамбет Шыкмаматов

"Ошол жардамды алууда келишимге ылайык, каражаттын көп бөлүгү "Крокус" деген фирмага берилип калган. Ал компания бир нече чек арадагы бекеттердин имараттарын салган. Бирок Жогорку Нарын каскады сыяктуу эле сценарий кайталанып, абдан кымбат баада курулганы боюнча маалымат мага келип түштү. Мисалы, 20 чек арачы жашачу имарат 4 миллион долларга курулуптур. Эми ал алтындан эле салынбаса, кантип ушундай болсун?".

Шыкмаматов бул каражаттын эсеп-чотун алыш үчүн депутаттар бул маселени көтөрүп, парламентте талкууларын билдирүүдө. Депутат "Орусиянын кадыр-колко кылып берген каражаттын ар бир тыйынын эсептеп чыгуу керек" деген пикирде.

Чынында эле Орусия менен мамиле жөнүндө кеп болгондо Евразия Экономикалык Биримдигине кошулган учурда берилген жардам жөнүндө кеп эле маселе көтөрүлүп келет.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргыз-орус президенттери кол койгон документтер

28-мартта Бишкекке мамлекеттик сапар менен келген орус президенти Владимир Путин бул жардамды эске салды.

"Орусия жардам катары 200 миллион доллар бөлгөн. Бул каражатка чек ара жана бажы инфраструктурасын жаңылоо каралган. Бул иш-чаралар 2020-жылы бүткөрүлгөндө Евразия Экономикалык Биримдигинин талаптарына жооп берүү боюнча сертификациялоо Кыргызстанда жасала баштайт".

Коомдук ишмер Эдил Байсалов Орусия бөлгөн каражатты «Крокус» компаниясына берилишине төрт жылдан бери эле каршы болуп, текшерүүнү талап кылып келген. Ал депутат туура маселе көтөрүп жатканын белгилеп, «Крокуска» каражат ошол кездеги бийликтин кыска кызыкчылыгынан улам берилип кеткен деп эсептейт.

Эдил Байсалов

«Ошол кездеги өкмөт жетекчилери, мамлекеттик кызматкерлер ушуга жол бергени үчүн жооп бериши керек. Бул маселени биз козгошубуз зарыл. Орусия тарапка түшүндүрүп, алар берген жардамды орто жердеги адамдар пайдаланып, Кыргызстанга жетпей калганын айтышыбыз керек. Мен мындай схеманын артында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев турган деп түздөн-түз эле айта алам».

Ал эми Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Темир Сариев долбоор аяктаган соң өткөрүп алууда эки тарап тең текшерүүгө укугу бар экенин белгиледи.

«Сөзсүз түрдө эки жактуу текшерүүлөр болот. Акча канчалык даректүү жана эффективдүү колдонулганы каралышы керек, ага эч ким бөгөт коё албайт. Буга биз да, Орусия да кызыкдар болот. Эгер сапатсыз салынса же туура эмес сарпталса, биз аны өткөрүп албай коё алабыз».

Азырынча депутаттар көтөргөн маселе боюнча учурдагы бийлик эч кандай комментарий бере элек. Бирок буга чейинки президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылы бул иште эч кандай коррупция жоктугун, Орусия өзү берген акчаны каалаган компанияга которо турганын айткан.

"Орусия эмерекке 200 млн. доллар жардам берип жатса рахмат деш керек. Буюрса Казакстан да 100 млн. доллар беребиз деп жатат. Биз алып атабыз. Шек санап жатсаңар текшергиле, уурдаган адамды каматкыла. Бирок канча казсаңар да бул иштен эч нерсе таппайсыңар".

Дагы караңыз Орусия кыргыз товарын артка кайтарды

“Крокус интернэшнл” компаниясы орус ишкери, түбү азербайжандык Араз Агаларовго таандык. Ал жөнүндө “Нью-Йорк таймс” басылмасы жакында эле макала жарыялап, Агаларовдун Кыргызстандагы 127 млн. доллар “олжосу” тууралуу да кеп козгогон.

Орусия берген 200 млн. доллардын калган 71 млн. доллары үч багытта иштетилмек. 16 млн. доллары Кыргызстандын маалыматтык системасын ЕАЭБдин талаптарына ылайыктоого жумшалса, 49 млн. доллар менен бажы бекеттери жабдылмак. Ал эми калган 6 млн. доллар адистерди даярдоого багытталат деп эки өлкөнүн өкмөт аралык келишиминде макулдашылган.

Буга чейин Кыргызстанда чек ара бекеттери ЕАЭБдин талабына жооп бербей, лабораториялык мекемелер убагында бүтпөй маселе жаралган эле.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.