Орусия конок ээси катары алгачкы оюнду Сауд Арабиясы менен ойнойт. Футбол чемпионатын кыргызстандыктар да чыдамсыздык менен күтүп жатышат.
Бишкектеги Бельгиянын сүрөөнчүлөрү
Жакынкы бир айда футбол эң көп талкууланган темага айланары шексиз. Төрт жылда бир өтчү чемпионатка 32 өлкөдөн командалар келди. Ушул тапта Орусияга оюндун күйөрмандары агылып жаткан кези.
Орусиянын борборунда жүргөн кыргызстандык спорт журналисти Алтынай Тынышова дүйнө чемпионатын чет өлкөлүк күйөрмандар чыдамсыздык менен күтүп жатканын байкаган.
- Мага футбол орустарга толук сиңе электей сезилди. Ошол эле учурда Коста-Рикадан, Аргентинадан, Перудан келген коноктордон шаңдуу маанай байкалат. Футбол күйөрмандарына жолукмайынча, Орусияда дүйнөлүк чемпионат башталып жаткандай маанайды байкабайсың. Бирок жер-жерлердин баарына баннерлер, сүрөттөр жайгашканы жакшы сезимдерди тартуулайт экен.
Алтынай өзү Бельгиянын курама командасына жан тартып жаткан экен. Бишкекте да бул өлкөнүн командасына сүрөөнчү болгондор көп. Алардын бири - спорт серепчиси Кубан Атабеков:
- Оюн кызыгы чейрек финалдык бөлүктөрдө башталат. Бул бөлүктө мыктылар иргелип чыгат. Ошолордун арасында Бельгиядан башка Бразилиянын, Франциянын, Германиянын курама командалары болот деп ойлойм. Бразилия оюнга өтө күчтүү курама командасы менен баратат. Франция да оңой-олтоң эмес. Ал эми Германия учурдагы чемпион наамы менен келди. Немистердин тартиби да күчтүү, финалга чыга турган болсо биринчиликти алышат деп ойлойм. Москвадан жеңиш менен кайтуу алардын эчактан берки көксөөсү десем жаңылышпайм.
Алдыңкы үчилтикте - Бразилия, Германия, Франция
Айтылгандай эле букмекерлер Бразилия курама командасынын дүйнө чемпионатында жеңишке жетүүгө мүмкүнчүлүгү жогору деген баа берип жатышат. Германиянын футболчулары Бразилиядан кийин турса, алдыңкы үчилтикке Франция да кирет.
Кыргызстандагы “Алга” командасынын машыктыруучусу Нурзат Кадыркулов кайсы команданын багы ачыларын күн мурунтан айтуу мүмкүн эмес деп эсептейт. Ал кийинки жылдары футболдун өнүгүшү технологияга байланышып, дүйнө картасында жаңы “футбол өлкөлөрү” пайда болгонун кошумчалады. Алсак, Исландия, Бельгия, Хорватия, Египет өңдүү өлкөлөрдүн оюнчулары күтүлбөгөн жерден мыкты ойноп, күчтүү командаларды артта калтырышы мүмкүн деген пикирде.
- Жаш чагыман бери эле Бразилияга жан тартып келем. Бирок башка өлкөлөр да андан кем калышпай футболду өнүктүрүп жатышат. Айтор дүйнө чемпионатынан биздин футбол да өнүгөт. Жаш футболчулар оюндарды көрүп, жаңы ыкмаларды үйрөнүшөт. Мындан тышкары, өзүбүз да машыктыруучу болгондуктан тактикаларды байкап, тажрыйба алабыз.
14-июнда башталган дүйнө чемпионаты туура бир айдан кийин жыйынтыкталат. Оюн Орусиянын он бир шаарында өтүп, жалпысынан 1,5 млн. туристтин келиши күтүлүүдө. Ал эми дүйнөдө 3 млрд. эл футболду телекөрсөтүү аркылуу көрсө, анын 1 миллиардга жакыны футболду туруктуу көрүшмөкчү.