Вице-премьер-министр Валерий Диль 2-июнда Жогорку Кеңеште комитеттин жыйынында коңшу өлкөнүн каршылыгынан улам ГЭСти куруу башталбай жатканын билдирди.
2012-жылы түзүлгөн өкмөт аралык келишим боюнча, Камбар-Ата-1ди үлүшү теңме-тең бөлүнгөн шартта Орусия куруп бермек эле.
Кыргыз бийликтери Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу саясий себептерге байланыштуу кечеңдеп жатканын тастыктады. Вице-премьер-министр Валерий Диль 2-июнда Жогорку Кеңеште Отун-энергетика комплекси комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Өзбекстан орток пикирге келе электигинен улам Орусия ГЭСтин курулушун баштабай жатканын айтты.
Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Айбек Калиевдин “Азаттыкка” маалымдашынча, Камбар-Ата-1 боюнча эки тараптуу сүйлөшүү дагы деле уланып жатат. Азырынча ГЭС кандай каржыланары белгисиз жана техникалык-экономикалык негиздемеси да бекий элек:
- Каржы булагы азырынча чечиле элек. Орусия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Долбоордун эки варианты каралган. Каржылык моделин чогуу карап чыгалы деп сүйлөштүк. Техникалык-экономикалык негиздемени ошого карап бекитебиз. Анткени бул долбоорго көп каражат сарпталат да. Ошол каражат канча убакта өзүн кантип актайт деп, эки вариантты тең карап чыккандан кийин гана техника-экономикалык негиздемеси бекийт.
Кыргызстан менен Орусия Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча 2012-жылы макулдашкан. Келишимде үлүш теңме-тең бөлүнөт деп жазылган жана биргелешкен “Камбар Ата-1” ишканасы түзүлгөн.
Энергетика министринин орун басары Айбек Калиевдин ырасташынча, кыргыз тарап келишимде көрсөтүлгөн шарттардын баарын аткарган:
- Келишимде үч ай ичинде техникалык-экономикалык негиздемеси аткарылат деп жазылган. Биз аны жөнөткөнбүз. Жерди өкмөттүн токтому менен бөлүп бергенбиз. Азыр эми жаңы техникалык-экономикалык негиздемеси каралып жатпайбы. Ал бекигенден кийин эгер кошумча жер керек болсо, анда аны да чечип беребиз, эгер буга чейин бөлүнгөн жер жетиштүү болсо ошол бойдон калат.
Өзбекстан Камбар-Ата-1дин курулушуна ачык эле каршы болуп келет. Расмий Ташкент Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүн аралап аккан сууга өзү жалгыз ээлик кылбашы керек жана коңшулары менен эсептешүүсү зарыл деп эсептейт. Ал эми Казакстан болсо Камбар-Ата-1дин курулушуна кызыкдар экенин билдирген болчу.
Мурунку энергетика министри Осмонбек Артыкбаев кыргыз тарап бардык тараптын тилин таап, ГЭСти чукул арада курушу керектигин айтууда:
- Бул долбоордун келечеги, мүмкүнчүлүгү абдан чоң. Өкмөт сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керек. Бул ГЭС сөзсүз курулушу керек. Анткени Кыргызстан үчүн эле эмес, коңшуларга да пайдалуу. Энергетикалык жактан да, сууну пайдалануу жактан да өтө пайдалуу.
Анткен менен үч жылга жакын убактан бери Камбар-Ата-1дин курулбай жатканын сынга алгандар да бар. Талдоочу Эрнис Карыбековдун пикиринде, бул долбоордун жакын арада ишке ашышы күмөн. Анткени ГЭС боюнча Москва менен Ташкенттин позициясы бирдей жана өз ара макулдашып алган. Анан калса Камбар-Ата-1 Москвага экономикалык жактан кызык деле эмес дейт эксперт:
- Былтыр Путин 10-декабрда расмий сапар менен Ташкенге барган. Анан ошол жерден Камбар-Ата-1 курулбайт деп чечилген. Бул чечим кабыл алынгандан кийин эле көп өтпөй Ташкент Кыргызстандын түштүгүнө газ бере баштады. Бул долбоор экономикалык жактан орустарга кызык деле эмес. Ал ГЭСтин электр энергиясын эч ким деле албайт. Баасы өтө кымбат долбоор. Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстан сууну токтотуп коёт деп чочулап жатат. Өзбекстан болсо ГЭС боюнча эл аралык экспертиза өткөрөлү деп сунуштаган. Кыргызстан буга көнбөй койгон. Орустар куруп берет деп ишенип отура берген деле болбойт. Муну коңшулар менен чогуу чечүү керек. Бул ГЭС дагы 30-40 жыл курулбайт.
Камбар-Ата-1дин баасы болжол менен үч миллиард доллар деп бычылган. Үч жылдай мурун Кыргызстан менен Орусия бул ГЭСтен сырткары Жогорку Нарын каскадында төрт ГЭС куруу тууралуу да макулдашкан. Бирок наркы 700 миллиондой доллар деп баалаган бул долбоор да ар кандай себептерден улам илгерилебей турат.