Москва таасирин билим аркылуу сактайбы?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстан орус ЖОЖдоруна муктажбы?

Бишкекте кыргыз-орус жогорку окуу жайларынын ректорлорунун биринчи форуму өттү. Форумга Орусиянын 40, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору катышты.

Жыйында Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу демилгеси көтөрүлдү.

Аталган университеттин ректору мындай аракет буга чейин бир нече жолу болгонун, бирок ишке ашпай келгенин айтты.

"Орус тилинин макамы өзгөрбөйт"

«Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция» деген аталыштагы форум 27-мартта «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өттү.

Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлору чогулган форумду президент Сооронбай Жээнбеков ачты.

Ал эки мамлекет билим берүү жаатында 1992-жылкы макулдашууга ылайык кызматташып келатканын белгилеп, дүйнө тездик менен өзгөрүп жаткан учурда билимдин сапатынын бүгүнкү маанисин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков.

«Бүгүн дүйнөнүн көп өлкөлөрү билим берүүнүн заманбап моделдерин издеп, билим берүү жана илим системасын реформалап жатышат. Биз да өз өлкөлөрүбүздө билим берүү жана илим системасын реформалап, билим берүү процесстерин мындан ары өнүктүрүүнүн эң мыкты жолдорун издеп жатабыз».

Жээнбеков орус тилинин макамы боюнча да кеп козгоп, «орус тили Кыргызстанда расмий макамда болгон жана ушул бойдон калат» деди.

Форумда Кыргызстандын 15 миңден ашык жараны Орусиянын жогорку окуу жайларында билим алып жатканы белгилүү болду. Расмий маалымат боюнча, жыл сайын Орусиянын ЖОЖдоруна Кыргызстан үчүн 400 бюджеттик орун берилет. Ал эми Кыргызстанда 1,5 миңден ашык орусиялык окуп жатат.

Орусиянын илим жана жогорку окуу жайлар министри Михаил Котюков кыргызстандыктар көбүнчө кайсы багытта билим алууга кызыгышарын айтып берди:

Михаил Котюков.

«Акыркы жылдары Орусияда билим алып, орус тилин үйрөнгүсү келген кыргызстандык жаштар көбөйүүдө. Учурда Орусиянын жогорку окуу жайларында Кыргызстандын 15 миңден ашык жарандары окуп жатат. Кадрлар Москва, Санкт-Петербург, Казань, Новосибирск, Томск жана башка шаарлардагы окуу жайларда даярдалууда. Көбү экономика багыты, юриспруденция, эл аралык мамилелер жана инженердик программалоо адистигине кызыгышат».

Форумда ректорлор эки тараптуу 79 документке кол коюшту. Ал документтерге ылайык, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети менен Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Москва педагогикалык мамлекеттик университети, Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Новосибирск мамлекеттик техникалык университети баш болгон жети жогорку окуу жайлары кызматташат.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Акеров: Орусияга теңата мамиле кыла албай жатабыз


Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин ректору, Орусиялык ректорлордун союзунун жетекчиси Виктор Садовничий Кыргызстанда ал жетектеген окуу жайдын филиалын ачуу демилгесин көтөрдү. Ал мындай сунуш буга чейин бир нече жолу берилип, бирок кыргыз тараптан колдоо болбогонуна кейиди.

Виктор Садовничий.

«Кыргызстанда Москва мамлекеттик университетинин филиалын ачуу маселеси талкууланып жатат. Жакын арада Кыргызстандын министрлиги менен окуу жайды ачуунун шарттары боюнча сүйлөшөбүз деп ойлойм. Негизинен биздин филиалдарда Москва мамлекеттик университетинен келген профессорлор иштейт жана Москва мамлекеттик университетинин диплому берилет».

Виктор Садовничий Москва мамлекеттик университетинин филиалдары учурда алты постсоветтик өлкөдө иштеп жатканын кабарлады.

Ал эми Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, буга чейин МГУнун филиалын ачуу боюнча буга чейин Орусиянын илим жана жогорку окуу жайлар министри менен сүйлөшүү болгон.

Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын ректору, профессор Алмазбек Акматалиев агартуучулардын буга окшогон жыйындары эки тараптуу алака-катыштын келечегин аныктарын айтат. Бирок көп учурда мындай форумдар саясий маселелердин көлөкөсүндө калып калууда деп эсептейт.

«Биз мындай чоң визиттерден адатта эмнелерди күтөбүз? «Канча завод салынат экен, канча фабрика курулат экен, аскер базасы эмне болот?» деген суроолорду коёбуз. Бирок гуманитардык жагына көп маани бербейбиз. Жакшы түшүнгөн адамга азыр кандай пайдубал курулуп жатса, бүгүн кандай келишимдерге кол коюлуп жатса мындан 20-30 жылдан кийин кыргыз-орус мамилеси ошого байланыштуу болот».

Дагы караңыз Техникалык кесиптен качкан жаштар

​Ал эми Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Абдрахманов Орусиянын жогорку билим берүү мекемелеринин деңгээли Кыргызстандыкынан айырмасы жок экенин айтууда.

"Орусиянын Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети дүйнөдөгү жогорку окуу жайлардын ичинен болгону 200-орунду ээлейт. Окуу жайда коррупция бар. Президенттер кооз сүйлөй берет. Бирок биз өзүбүз аракет кылмайынча эч нерсе өзгөрбөйт. Жогорку окуу жайларын реформа кылуунун жолдору эчак эле айтылган. Бирок биз дагы деле "Орусия менен биргебиз" деген түшүнүктөн чыга албай атабыз", - деди Абдрахманов.

Руслан Акматбек.

Ал эми медиа-эксперт Руслан Акматбек билим берүү тармагы Москванын Кыргызстандагы таасирин күчөтүүчү бир компонент экенин белгиледи:

"Орусия бүгүнкү күндө медиа аркылуу таасирин сактап турганы сыр эмес. Бардык тармакты колго алып, бизди орбитадан чыгаргысы келбей жатат. Билим берүү ошол таасир этүүнүн бир компоненти. Буга биз өзүбүз да күнөөлүүбүз. Бүгүнкү күндө көпчүлүк ата-энелер балдарын орус тилдүү бала бакчаларга, мектептерге берип жатат. Окуу куралдарын да ушул өлкөдөн алып жатабыз. Биз балабызга кичинесинен эле сапаттуу билимди Москвадан, Петербургдан алыш керек деген ойду сиңирип койдук. Орой айтканда, бул тармакты Москвага өткөрүп бердик. Албетте, Орусия жаштарды билим аркылуу бооруна тарткысы келет. Бирок азыр аны кантип ишке ашырууну билбей жатат".

Кыргызстан менен Орусиянын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун форуму Орусиянын президенти Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанда өтө турган мамлекеттик сапарынын алдында болду. Форум ушул күнү да ишин улантат.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.